Түркиянын Ван вилайетине караштуу Эржиш районундагы Улуу Памир айылында учурда 2 миңге жакын кыргыз жашайт. Бир убакта топтошуп жашаган кыргыздар эми чоң-чоң шаарларга иш издеп кетишүүдө. «Тилибизди, салтыбызды унутуп калбасак экен» деген вандык мекендештерибиздин жашоо шарты тууралуу жергиликтүү тургундар айтып беришти. ВАН КЫРГЫЗДАРЫ Түркиянын чыгышындагы Ван көлүнүн аймагында 30 жылдан ашуун убакыттан бери жашап келе жаткан мекендештерибиздин түпкү теги…