Бул жерге Алла таала ысык сууну атаа кылып, адамдын ден соолугуна пайдалуу болуп эсептелет. Бул жер да өзүнчө тарыхка байланышкан. Монголдун улуу ханы Чынгыз хандын аскерлери Ташкент менен Чымкентин ортосунда жайгашкан Отрар деген чоң шаарды курчоого алышат. Отрар үчүн болгон салгылашуу алты айга созулат. Ошол согушта бир олуя адам мусулмандарды алып чыгып, согушка даярдап, аларды монголдорго каршы көтөрүп чыгат.…