Кара-Балта шаарына караштуу Келечек айылынын тургуну Дүйшөн Жунусов 100 буканы 15 мүнөттө сугаруучу чөйчөк жасап, фермерлердин ишин жеңилдетти. Д.Жунусов 1985-жылы Тажикстандын Мургаб районундагы Токтомуш айылында төрөлгөн. «Токтомуш айлындагы №2 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепти бүткөм. 2003-2005-жылдары Кыргызстандын Кара-Балта шаарындагы Хазрети Осмон атындагы окуу жайда диний билим алгам. Устачылык өнөрдү 5 жылдан бери аркалап келем. Өзүм эле үйрөнүп алдым», -…