Үстүбүздөгү жылдын 11-октябрында өкмөт тарабынан уюшулган экспедициялык топ Ооганстандагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирип кайтып келди. Экспедициялык маршруттун жүрүшү Бишкектен 2-октябрда башталып, Ош-Мургаб-Кичи Памир-Мургаб-Улуу Памир-Мургаб-Ош болуп аяктады. Улуу жана Кичи Памирде эки түн, үч күн, жолго кеткен убакыт менен сапар он күнгө созулду. Экспедиция КРнын өкмөтүнө караштуу миграция кызматынын төрагасы Бакыт Адыловдун башчылыгы менен…