Тажикстандын Мургаб районунун айрым тургундары азык-түлүктөрдү Ош шаарынан алып кетишет. Мургабдан Ош шаарына каттаган айдоочулар жолдогу кыйынчылыктар жөнүндө аймактык кабарчыга айтып беришти. 35 жаштагы Бактияр Жумабековдун айтымында, жолдо көп деле кыйынчылыктар боло бербейт. Бирок кар көп жааган учурда жол тосулуп, каттам токтоп калат. «Мен Мургабдын Кызыл-Рабат айылынан болом. 10 жылдан бери жүргүнчүлөрдү ташып киреше табам. Ош—Мургаб жолунан 4…