Этникалык кыргыздар

5 бала төрөп, үчөөнөн ажыраган памирлик Доолатбиби Нарында көз жарды

5 бала төрөп, үчөөнөн ажыраган памирлик Доолатбиби Нарында көз жарды

Улуу Памирден балдарын окутуу максатында Кыргызстанга келип, Нарынга жайгашкан үй-бүлөдө дагы бир ымыркай жарык дүйнөгө келди. Балалуу болгон жубайлар менен Turmush басылмасынын кабарчысы жолугушту. Нарын шаарында жашап жаткан Абдулгафар Абдрасул уулунун жубайы Доолатбиби Тохтахун кызы 30-майда Нарын шаарындагы төрөт бөлүмүндө көз жарган. Беш бала төрөп, бирок 3 уулунан ажыраган 39 жаштагы эне бул жолку төрөтү жеңил жана баланын ден…

Мургабдык кыргыздар (видео)

Мургабдык кыргыздар (видео)

Мургаб айылында бүгүнкү күндө алты миңдей адам жашайт. Бул жактын суугу ыраакы түндүктөгүдөй, бирок жайы кышы эрибеген кардын ордуна боп-боз туздуу топурак. 3500 миң метр бийиктиктеги Памир тоолорунда чексиз адырлар бир караганда эч ким жашабагандай көрүнөт. Бүгүн биз Мургабка Борбор Азиядагы эң бийик айылга сапарга чыктык... jwplayer('player_video').setup({ file: '/images/oblako/video/Pamir/murgabdyk-kyrgyzdar-video.mp4', width: '80%', aspectratio: '16:9' });

Туулган жердин бир ууч топурагы алтын

Туулган жердин бир ууч топурагы алтын

Уламыш Киндик кан тамган жерибиздин тарыхын, ачыла элек кен байлыктарын билүү баарыбыздын ыйык парзыбыз. Ошондуктан мен туулган жеримдин тарыхы жөнүндө сөз козгоп кетүүнү эп көрдүм. Туулган жерим көк асманды тиреген аска зоолуу, кезине тоо булбулу, улар баскан тоолорунун так койнунан орун алган. Айылдын айланасы эң кооз дарыя, шибер менен курчалган. Анын ажарын ого бетер ачкан, көк асман менен көрк…

Мектептердин арасындагы жаш мугалимдерге жардам берүү 2018-2019-окуу жылы

Мектептердин арасындагы жаш мугалимдерге жардам берүү 2018-2019-окуу жылы

Мектептердин арасында атайын ар бир предметтер боюнча методикалык бирикме уюшулган, бул метод бирикменин уюшулган себеби, жаңыдан келген жаш кадрларга өтө жакшы таасирин тийгизе тургандыгын көрдүк. Алып карай турган болсок, ноябрь айында №9 мекемесинде математика, физика, информатика боюнча методика өтүлдү. Мугалим К.Назирова математикадан ачык сабак жана физиканы окутуунун жаңы методикасы боюн- ча М.Эргешов реферат окуду жана талкууланды. Декабрь айында №5…

Нарын шаарындагы памирлик кыргыздар эңсеген жана кыялданган жашоо (сүрөт)

Нарын шаарындагы памирлик кыргыздар эңсеген жана кыялданган жашоо (сүрөт)

Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгү Нарын шаарында жашап жаткан памирлик кыргыздардан кабар алып, учурдагы жашоосу менен таанышты, деп билдирди аймактык кабарчы. Нарын район аралык социалдык өнүгүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, Нарын шаарында памирлик 8 түтүн үй-бүлө жашап жатат. Мындан сырткары Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында 2 түтүн үй-бүлө жергиликтүү тургундардын мал-жандыгын карап жатышат. Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгү Нарын шаарындагы памирлик үй-бүлөлөрдөн…

"Сагындырган Сары-Кол" поэзия кечеси (видео/сүрөт)

"Сагындырган Сары-Кол" поэзия кечеси (видео/сүрөт)

26-апрель күнү Кожомкул атындагы, Спорт Сарайындагы "Жаштар Борборунда" "Улуу Мекен" коомдук фондунун демөөрчүлүгү менен "Сагындырган Сары-Кол" аттуу поэзия кечеси болуп өттү. Кечеде Сары-Колдон чыккан акындардын ырларын ЖОЖдордо билим алып жаткан чыгармачыл студенттерибиз жана ырлардын авторлору окушту. Бул кечебизге Сары-Колго барып иштеп жана жашап келген Кыргыз эл акыны: Анатай Өмүрканов, Кыргыз эл артисти театр жана кино актеру: Табылды Актанов жана…

Страница 27 из 128