Гезитибиздин өткөн сандарынын биринде Билим берүү жана илим министрлигиндеги жеке кызыкчылыкты өйдө койгон «мите курттар» боюнча сөз козгоп, Тажикстандагы этникалык кыргыздар үчүн жогорку окуу жайларынан берилген орундар «жен ичинен» таратылып кеткени боюнча айрым фактыны ачыктаган элек. Маалымат чыккандан Kийин тескей турган айрым органдардын чын дилден күйүп-бышып кызыкканын байкадык, ал эми министрлик тараптан көңүл жубатарлык жооп боло элек. Түшүнүктүү болуш…