Жайдын саратан күнү, узун кара май жол менен өрлөп келе жаткан “көк-кашканын” улуган үнү, Кулак-Кести жылгасынын оозуна чыгып, Аличор айылына карай тумшуктан энкейгенде гана ак тумшугу менен ЗИЛ-130 маркасындагы унаанын карааны көрүнө баштады. Оор жүгү менен озондоп келе жаткан “көк-кашка” эми, өх.. дегенсип ылдыйга бешинчи тездикке (скоростко) которулуп үнү жеңилдей түштү. Аличор, эки жүз түтүн эл жашаган чакан айыл.…