Сарыкол өрөөнүнү чагылдырган китептер: “Жайыттар биздин байлыгыбыз”, “Жайыт ашканасы жана кол өнөрчүлүгү” Бул китептер Тажикстан Республикасынын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун Мургаб районундагы Сары-Кол аймагындагы жашашкан элдин жайыттарды пайдалануудагы, малды асырап багуудагы илгерки салттуу билимдери, тажрыйбалары, жайыттардын топонимикалык аталыштарынын мааниси, аларга байланышкан уламыштар, окуялар, макал-лакаптары, элдик ишенимдери тууралуу материалдар топтолгон. Ошондой эле Сары-Колдогу жашашкан этникалык кыргыздардын малдан алынган азыктардан,…