Ванда кыргызстандык ыктыярчылар кыргыз тилинен сабак өтүп жатышат. Улуу Памир айылына Кыргызстандан мугалимдер алынат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев билдирди: - Ван аймагындагы Улуу Памир айылына барган сапарымда айылдагы мектептин көйгөйлөрүн көрүп кайткам. Учурда Түркиянын билим берүү министри менен сүйлөшүп, Улуу Памир айылына Кыргызстандан келе турган эки мугалимдин айлыгын чечтик. Эми биздин Билим берүү жана илим…