Жаштайынан жетим калган 4 баласын кол өнөрчүлүк менен багып жетилткен Бүбүанар Сатаркулова Кара-Балта шаарынын 57 жаштагы тургуну. Анын туулуп өскөн кичи мекени Тажикстандагы күндөрү жана балалыктан башталган кол өнөрчүлүгү менен аймактык кабарчы таанышты. Бүбүанар Сатаркулова 1963-жылы Тажикстандын Хорог облусуна караштуу Мургаб районундагы Раң-Көл айылында туулган. Ал тоолуу аймактагы турмуш жолдору жөнүндө мындайча эскерет. «Мен төрөлгөн Мургаб району тоолуу…