
Эне
Мээрими океандай терең экен,
Жүрөгү залкар тоодой кенен экен.
Кээ бирөө чыдабаган кыялыма,
Жапжалгыз чыдап келген энем экен.
Тамагы качан барсам белен экен,
Тапканын жалгыз мага деген экен.
Таарынбай капа кылсам кай бир күнү,
Таалайдын шам чырагы энем экен.
Өзүңсүз өткөн өмүр бекер экен, Таягым сенден жеген шекер экен. Ааламды бүт кучактап турса дагы, Эненин жылуу койну жетер экен. Кыргызым Ак мөңгүлүү тоолору бар, Алтын мазар суулары бар. Чоку тандап желбиреген, Чоктой кызыл туулары бар. Күмүш канат куулары бар, Күүгө салчу ырлары бар. Күндөй бийик кыргызымдын, Күнгө жакын турагы бар. Асыл таштуу булагы бар, Аркар, кулжа улары бар. Аалам кезген кыргызымдын, Айга жакын турагы бар. Алтын, күмүш башкасы бар, Көк тиреген аскасы бар. Тоо таянган кыргызымдын, Тоодой бийик максаты бар. Мугалим Таасирдүү айткан сөзү, жугумдуу билими да, Жарашып келбетине,жупуну кийими да. Жан дүйнөң азыктантып,жашоого багыт берген, Мугалим жанып турган чырактын билиги да. Жөнөкөй адам бол деп, жашоого үндөп турган, Акыйкат сөзүн айтып чындыкты сүйлөп турган. Акылдын казынасы кемибей толуп кайра, Мөмөлүү дарак тура, мугалим бүрдөп турган. Жакшылык кылгыла деп, жамандан тыйып турган, Жаркыган маанай менен , жалпыга жыйын курган, Жарыкка алып чыгып, туңгуюк караңгыдан, Мугалим шам сыяктуу, балбылдап күйүп турган. Ойлорун окуучусун, айттырбай билип турган, Садагам ынтызар деп жалынып сүйүп турган. Унутуп өз көйгөйүн, жаркылдап күлүп турган. Мугалим күн сыяктуу, жаркырап тийип турган... Өмүр Токтобой тоо желиндей өтүп барат, Топтошкон ак булуттай көчүп барат. Кемибей орду толуп тирүүлүктүн, Ордуңду басчу жандар өсүп барат. Билинбей убакыттар шашып барат, Карматпай караандатпай качып барат. Кыпкызыл жээктерге жашырынып, Кыярып кызыл күн да батып барат Өмүрдүн өз кербени өтүп барат, Өйдөлөп өрдү көздөй көчүп барат. Чырактын билигиндей бүл бүл эткен, Билинбей акырындап өчүп барат. Бир гана өлбөстүктүн үрөнү ушул, Бизге окшоп уул кызыбыз өсүп барат Жайлоо Тезектин жытын искеп, түтүн булап, Тээ төрдө тигилген бир боз үй турат. Ой кырды шаңга бөлөп оюн салып, Оргуштайт күмүш түспөл кашка булак. Чак түштө калаа жактан келе жаткам, Чаңкаят булуту жок кирсиз асман, Жарашып көк асманга так ортодо, Чубалжыйт Саманчынын Жолу баскан. Төрт түлүк жер жайнаган малы менен, Төрүндө ата бабам жашап келген. Суу ичип тунук мөлтүр булагынан, Аң уулап элин баккан баба мерген. Жайлоонун жашыл төрүн жылда жайлап, Кой жайып, желе кармап кулун байлап. Таң менен кошо туруп жаш карысы, Тынмай жок болмоюнча малды жайлап. Кымыз бышып сабада курут кайнап, Тасмалыңда тамактын түрү жайнап. Айрыкча түр тамактан көзгө түшөт, Жарашып дасторконго жаңы каймак. Өзүнө тартып турат барган сайын, Жайкалган бетегелүү жашыл аймак.. Тар үйдө да көңүлү кенен адам бар Мейли толбой кээ бирөөнүн купулу, Киймиң болсун үстүңдөгү жупуну. Кийим эмес жайнап турган кабагың, Керек мага билип жүргүн ушуну. Мейли болсун эски көйнөк жупуну, Мен ойлогон улуу сөздүн учугу. Көйнөк эмес көзүң турсун нур чачып, Көөдөнүңдөн мээрим төгүп жыпжылуу. Мейли болсун чакан жана үйүң тар, Мелтиребе кабагыңа толуп кар. Куттуу делип кирип чыккан кадамың, Тар үйдө да көөнү кенен адам бар. Кээ бир күнү көрүшүүгө болуп зар, Кең дүйнөбүз көрүнгөнсүйт болуп тар. Жашасак деп кенен ичип кенен жеп, Кең дүйнөдөн куру калат жамандар. Бакыт өзү байлык менен чектелбейт, Муну кайдан сезмек эле адамдар.. Жалгыз эне Турса да турмуш жүгү белден басып, Тургузбай ызгаар суук каарын чачып. Кемсинтип кепке тартып күлгөндөргө, Кебелбейт кайрат жыйнап боюн жазып. Турмуштун ачуу таттуу даамын татып, Турса да ооруп көңүл өңдөн азып Туу белде көч алдында кетип барат, Жашоонун түйшүгү көп жүгүн артып Тотуккан томсоруңку жүздөр менен, Тоо таштуу, кургак какыр түздөр менен. Тиктешип байкоосуздан кээ бир күнү, Тигилген сынга толгон көздөр менен.. Билгеним баатыр тура жалгыз эне, Бир келген бул жашоодо сыноо делген! Мен кыргызмын Калың жоо келсе шашпаган, Кайрылып артка качпаган. Кылычтын мизин ойнотуп, Касташкан жоосун каптаган. Кыргызмын аппак калпактуу, Кыл куйрук күлүк таптаган. Калың журт наамын актаган Каадасын катуу сактаган., Кырк чоро күтүп аң уулап, Мүнүшкөр бүркүт таптаган.. Кыргызмын чыгып атагы, Дүйнөнүн эли мактаган., Күмүштөн күмбөз салдырган, Күндө эле күлүк чаптырган. Башында суусар тебетей, Атагы менен таанылган, Кыргызмын кууса жетпеген, Кармашкан душман артымдан. Манастан ураан чакырган, Кайтпаган берген антымдан. Байгени бербей башкага, Батасын алган калкымдан. Кыргызмын кызыл желектүү, Таанылган элге баркымдан |
Сарыколум Ысыгыңды ысык дебейм салкын деп, Суугуңду суук дебейм алтын деп. Какыр талаа терскениңди аралап, Кабыл алам менин жашыл паркым деп. Дарагы жок ачык баары тарабың, Дары болчу аркыраган шамалың. Далай узап кеткен менен өзүңдөн, Тартып турат сенин сүйкүм жамалың. Тоолоруңду томсоруңку тиктеймин, Токтобогон шамалыңды искеймин. Кирсиз таза асманыңа тигилип, Ойлочу элем, мен бул жерден кетпеймин... Таштарыңды мончок кылып тагынып, Элесиңли чыйрыкканда жамынып. Жүзүм чайган кашка тунук булакты, Жүргөнүмдү эч ким билбейт сагынып. Тоолор Аскалар көк тиреген бийик бийик Асманга чокулары турат тийип. Көз жетпес кадам жетпес тоо башында, Бир гана мекендеген аркар кийик. Калпагы ак мөңгүсү башындагы, Шурусу, тоңгон музу ташындагы. Аңкыган атыр жыттуу арчалары, Чачпагы ак аралаш чачындагы. Койнунда эрке жели курдашы экен, Коктулар шамал менен сырдаш экен. Ырдаса обон салып бийчи шамал, Теребел шамал ырын тыңдачу экен. Балалыкты эскерүү Бозоргон талаа,, чаң учкан өстөн Бойлогон сууну жарашып көктөм. Боз чаңгыл тарткан бозоргон тоонун, Боорунда биздин балалык өткөн. Суу жээги сайган, саймадай көркөм, Сулуулук барбы мындан да өткөн. Суу бойлоп чуркап алышып ойноп, Сайларда биздин балалык өткөн. Таптаза кирсиз көгөрүп асман, Табият барбы мындан да ашкан. Талаалап чуркап, жашынмак ойноп, Шам кирсе коркуп, үйлөргө шашкан. Шаштырып мезгил,булуттай сызган, Балалык калды биздерге дастан... Кулундай туйлап булбулдай сайрап, Куушуп ойноп күн кечке сайлап. Кадыркеч достон ажырай албай, Караңгы бизди кирчү үйгө айдап.. Жаз Керимсел желге ыргалып, Керилет терек суйсалып. Кеберсип жаткан боз тоолор Жашылга алды чулганып. Көшүлүп жаткан кең талаа Көркүнө чыкты нурданып. Бактарда куштар үн салып, Оргуштайт булак күү чалып Ой тоонун баары кулпуруп, Койгондой килем түр салып Көз жоосун алган кооздукка, Теребел турат нурданып. Талаада торгой сайрады, Тал терек бүчүр байлады. Агарып аткан таң менен, Айылда жумуш кайнады. Адырдын бетин саймалап, Ар түркүн гүлдөр жайнады. Ак бубак баскан зоолорду, Талааны түздү тоолорду Бир түндө чебер сүрөтчү, Жашылга боөп койгонбу? Тазартып көңүл чордонун, Табият койну ойгонду. Конокпуз бул жашоого бир келген Байкабай бараткансып ойдо терең, Бассак да каршы терши жолдор менен. Алабыз ашыгы жок кеми да жок, Тагдырдын шыбагасын бизге делген. Басабыз кенен кууш жолдөр менен, Бел ашып, кээде кирип сууга терең. Бергенге шүгүр кылып күлүп жайнап, Тарыбай бололучу көлдөй терең.. Жакшыбы, жаианбы бир пенде делген, Жашоого конокпуз го биз бир келген. Шашылсак, шашылбасак турат күтүп, Тагдырдын шыбагасы бизге делген. Жарыгын, караңгысын тегиз кылып, Жараткан ар бир жанга бөлүп берген... Көңүлдөй назик табылбайт Сынган чыны жамалбайт, Сынык топчу кадалбайт Кызыл боек өчкөн соң. Кыз болуп кайра жаралбайт Жарылган тепши жамалбайт, Жарты топчу кадалбайт. Жалындай кезек өткөн соң, Жаш болуп кайра жаралбайт Көңүлкош курбу сагынбайт, Көөдөнү жибип жалынбайт. Көйнөктүн түрүн тапсаң да, Көңүлдөй назик табылбайт. Жугузган кирден тазалап, Жууса эле көйнөк агарат Кирдеген кооз көйнөктү,, Кир самын коет жазалап. А бирок назик көңүлдөр, Кирдесе кантип тазарат.. Досторго Узатып эчен жазды эчен кышты, Жеткирип эрезеге уулду кызды. Кечээки секелектер кемпир делип, Кербендей жылдар жылып айлар сызды. Карасак бир кылчвйып арка жакты, Калыппыз бубак чалып кабак кашты. Басыппыз кенен кууш жолдор менен Багынтып алтымыш төрт деген жашты. Байкалбай узап бизден өмүр деген, Басыппыз өйдө төмөн жолдор менен, Айтарым, аманчылык болсо болду, Алдыда дагы басчу жолдор кенен. Жашоонун жакшы кезин узаталы, Жадырап жайнап турган кабак менен. Алгачкы сүйүү Үлбүрөк назик уялчаак жигит, Карайсың неге көздөрүң тигип. Айттырбай секин көзүмдөн байкап, Алдыңбы менин сырымды билип. Ойлору бийик тартынчаак жигит, Олуттуу карап көздөрүң күлүп. Ашыктык катын жазгычаң мага, Айттырбай алдым оюңду билип. Турмушка бышкан туруктуу жигит, Туш келсек карап көздөрүң күлүп. Турмуштун жолу туңгуюк тура, Туйгузбай кетти бейтааныш илип. Тагдырды болжоп болбойт деп билип, Алабыз кээде аргасыз күлүп. Күн мурун эле албадым неге, Туурүңа сенин конбосум билип.. |
Жамила Жусупова
Кара-Балта шаары