Белгилүү болгондой Советтер Союзуна 1941-жылы фашисттик Германия басып кирип, Улуу Ата Мекендик согуш башталган. СССРдин бардык жерлериндегидей эле Сары-Кол жергесинин жашоочулары да бул алааматтуу согушту журөктөру менен кабыл алышып, гитлердик баскынчыларга каршы экендиктерин билдиришип жалпы элге кошулушкан.
Жалпы Мургаб району боюнча 1943-44 жылдарда 300 дөн ашуун адам аскерге чакырылып согушка жөнөтүлгөн. Алардын көпчүлүгү Улуу Ата Мекендик согуштун кесепетинен кайтыш болуп келбей калышкан.
Согуштан аман кайткандары кайрадан райондун ар түрдүү тармактарында эмгектенишип райондун экономикасынын, социалдык- маданий өнүүгүсүнө өздөрүнүн чоң салымдарын кошушкан, согуштагы эрдиктери үчүн орден, медалдар менен сыйланышкан.
9-май Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен !