Жамила Жусупова "Келсеңиз болмок Мургабка"

 

Жаз келди

Ак жамгыр жууп жер бетин,

Айлана бүтүн жашарды.

Буулугуп турган көңүлдөр,

Булуттай кирсиз тазарды.


Ак булут минген аскалар,

Демине жаздын кулпунду.

Сезимге үмүт байлаган,

Сергектик ачты уйкуңду.


Сагынткан жаздын көркү деп,

Сай сайда дайра булкунду.

Саймадай кооз көрүнүп,

Сай бойлоп чөптөр кулпурду.


Эшиктен кирген жаз жыты,

Өрдөдү бүгүн төрүмдү.

Суйкайтып талаа тоо ташты,

Сулуулук нуру төгүлдү.


Тептегиз бүрдөп тал терек,

Теребел көрккө чөмүлдү.

Жашартты жаздын илеби,

Жабыккан назик көңүлдү...


Ата журт

Айбаттуу тоолоруңдан кагылайын,

Ата журт, алыс жүрсөм сагынарым

Жымыңдап, жакын турган жылдызыңды,

Жакама мончок жасап тагынарым,

Жүз жылдап бөтөн жерде жүрсөм деле,

Жүрөктө жанып турат жашыл жалын.


Санаамдан, туулган жерим кетпей'дайым,

Сагыныч, дайрасында агыламын.

Көп ирет барып, келип санаам менен,

Көз жетпес, көркөмүңө багынамын.

Кайра эле, сүңгүп кирип кыялымда,,

Тоолордун, арасынан табыламын.


Бийик төр, ашууларың адырларың,

Мүрөктүн суусу сымал агындарың.

Биликтей, сүлуулугуң акындардын,

Билемин, ыр сабынан табыларын.

Алтындын, кени болгон шагылдарың,

Акактай, кум куюлган агындарың.

Ар дайым эсте турат суктандырган,

Ак шамың, атыр жыттуу салкын таңың.

Ат журт, ар бир жанды мага окшогон,

Анык го алыс калып сагынтарың..


Айлансак болот ападан

Ардактап багып караган,

Ар күнү чачым тараган.

Жаныма күйгөн жароокер,

Жан барбы артык ападан.

Апаңдан калсаң алыстап,

Арылбайт көңүл санаадан.


Жакшылык болсо чакырган,

Жамандык иштен качырган.

Көңүлүн койсоң оорутуп,

Көз жашын ичте жашырган

Айлансак аздык кылбайбы

Апалар деген баатырдан.


Жаркырап кетет ай дагы,

Жаркылдап күлсө жайдары.

Жалынып кээде урушуп,

Жанындай көргөн балдары.

Апанын сыйы урматы,

Кол жеткис бийик жайдабы!


Чоңойтуп багып балдарды,

Атүгүл тейлеп мал жанды.

Алыска кызын узатса,

Ар дайым сурап ал ал жайды.

Мактабай кантип турабыз,

Апалар деген балбанды.

Бала деп бүткөн өмүрү,

Апалар сендей жан барбы..


Кыргыз көчү

Мекендеп тоо таштарды кылып турак,

Таштабай улуу доордун көчүн улап,

Талыкпай, жер которуп жайы кышы,

Кыргыздар тоо койнунда жашап турат.


Байыркы бабалардын жолун улап,

Байырлап, боз үйлөрүн кылып турак.

Кылымдар,багындырып бийиктерди,

Кыргыздар жылдыздарга жакын турат.


Үч күндөп көчсө дагы калбай жүдөп,

Үй тигип, ээн талаада конуп түнөп,

Жарашып, жашыл төргө катар тиккен,

Жашоолор боз үйлөрдө өкүм сүрөт.


Улгайган боз үйлөрдү кылып түнөк,

Уулдары күчке толгон балбан билек.

Келгенге кымыз куюп кесе сунуп.

Кыздары жумшак мүнөз күлүмсүрөп.


Ыйык го адам үчүн мекен деген,

Ал мекен ойлоп көрсөң экинчи энең.

Тандабай бул жашоонун оңой жөлун,

Кыргыздар тоо таштарды мекендеген.


Болсо да, кайсы уруудан кайсыл жерден,

Боз үйдө конок камын дайым жеген.

Ар дайым ак дасторкон жыйылбаган,

Айланам ак калпакчан көчмөн элден.


Жакшы сөздөр жан дүйнөңө гүлазык

Эки күндүк ушул келген жалганда,

Эмне жетсин кадырлашып калганга.

Кадырлашып сыйлашуудан кур калсаң,

Калган өмүр өтөр анан арманда.

Маанай чөгүп жок болгонго кайгырып,

Мактанбайлы алты тыйын тапканга.


Сынбайлычы сыноо башка салганда,

Сый урматтан бир аз четтеп калганга.

Көөдөн керип кана ким бар дегенсип,

Көппөйлү биз ары бери басканга.

Сый урматтын сындыра чаап беделин,

Сынып калчу сөз айтпагын эгерим.


Унутпагын сынык тепшиң баягы

Кайра айланып бир өзүңө келерин

Акын болсоң артың карап жазганба,

Акындыктын баасы билсең асманда.

Азайбасын арбын болсун түгөнбөй,

Акак таштай ар бир сөзүң жазганда.

Акын болуу опоңойдой сезилет,

Алты ооз сөздү курай салып жазганга,

Сезген болсоң акындыктын түйшүгүн,

Сенин баркың , сапаты бар саптарда!


Жашообузда болуп келген гүлазык,

Жакшы сөздү айталык да угалык.

Жаман сөздү уккан болсок бирөөдөн,

Жадыбыздан коелучу чыгарып.

Жаш карынын көңүлдөрү кубанып,

Жакшы сөздөр жан дүйнөңө гүлазык.

Жакшы заман, элибиздин тынчтыгын,

Жашайлычы жараткандан суранып.

Тоодрй бийик максаттарга иришип,

Токтобосун өмүр көчү уланып.


Кайда кетти жаштыгым

Кайда кетти, кечеги жаштык күндөр,

Кайгырууну билбеген шаттык күндөр.

Каткырышып капарсыз катар баскан,

Караңгыны, жарыткан айлуу түндөр.

Айлуу кечте, жаңырып турчу дайым,

Шыңгыр булак туптунук биздин үндөр.


Гүлүн төккөн гүлкайыр гүлүндөбү,

Күмүш түспөл булактын түбүндөбү,

Же болбосо, буулугуп сайрап турган,

Буурул чапан улардын үнүндөбү?

Таппай койдум, жоготуп жаштыгымды,

Топ жылдызды санаган түнүндөгү..


Жан сергиткен жайлоонун таңындабы,

Жалбырактуу бутактын шагындабы?

Же болбосо күрпүлдөп агып жаткан,

Тоодон түшкен дайранын шарындабы.

Кайда калды капарсыз ошол курак,

Туйлап турган, күлүктөй табындагы.

Уурдап койгон көрүнөт азыр эле,

Бул турган жаш селки жанымдагы...


Жалганда өлбөй тирүү кимдер калат

Толкуну ташты жанчып шаркыраган,

Тоолордон агып түшкөн дайра сымал.

Жалтанбай жалын менен алпурушуп,

Жаштык кез, кандай сонун кайраты бар.


Тушунда туу белдерди эңсеп самап,

Тулпардай туйлап турган канат кагат.

Туурума коном деген шумкар сындуу,

Түз койгон максатынан жазбай барат.


Туурунда туйлап турган тулпар күндөр,

Бербеген бийиктерди шумкар күндөр.

Капырай, тоо таштарга жашырынып,

Калганбы, ак чөлмөктүү айлуу түндөр.

Жаңыртып аскаларды күүгө салган,

Калыптыр комуз добуш мукам үндөр.


Өмүргө ар күн ачып жаңы барак,

Убакыт, канаттуудай учуп барат.

Жан үрөп, күрөшсөң да каруу кетип,

Карылык, жолуң тороп буттан чалат.

Жалп этип, бир үйлөгөн чырак сымал,

Жалганда, өлбөй тирүү кимдер калат.


Биздин үй

Бактыма жаралгандай бакыт шамы,

Бал таттуу, балалыктын кетпес даамы.

Азыр да,эстен кетпей, түшкө кирет,

Үйүбүз, атам салган ааппак жаңы.


Кыялдар бүчүр байлап улам жаңы,

Кылымдар өчпөөчүдөй өмүр шамы.

Кызык кез, кол булгалап калган экен,

Кут толгон ошол үйдө аппак жаңы..


Канчалык кайраттанып кылсам бүтүм,

Кайрылып, баралбаймын билем бүгүн.

Ал үйдүн бир бурчунан таап алгансыйм,

Атамдын күлмүңдөгөн сулуу жүзүн...


Аппак үй атам салган аппак коргон,

Анан да атам сулуу жапжаш бойдон.

Ар дайым эсте турат башкача бир

Бактылуу балалык кез биз чоңоцгон.


Эсимден кетпей келет ушу бүгүн,

Элеси, биз чоңойгон жылуу үйдүн.

Ыракмат айткым келип трат менин,

Аталуу балалыгым өзүң үчүн...


Кайда азыр биз ойногон тектирлер

Таң атканда, табышып биз тектирден,

Таш үй тизип, алектенип кеч кирген.

Каш карайып, калган кезде үйлөргө,

Араң эле тарачубуз бир бирден.

Убакыттар болгон экен көпрө,

Ошол күндөн,ушул күнгө жеткирген.


Ойноп кечке, кетпей ошол тектирден,

Ошондо биз, эми гана эс кирген.

Жөпжөнөкөй таза жана иреттүү,

Биз чоңойгон, үйлөр балким эскирген.

Тамак бышса, куюп алып идишке,

Кайда күндөр кошунага жеткирген...


Бирөө кемпир бирөө болуп аксакал,

Таш үйлөрдө ойночубуз кемпир чал.

Ошондогу оюн эми чын болуп,

Ой тооба азыр, чын эле биз кемпир чал.

Ошондогу сулуу кыздар байбиче,

А жигиттер ак калпакчан аксакал.


Ачылчу эле бажырайган ак гүлдөр.

Аз убакыт жаап өтсө өткүндөр,

Баалабаппыз, убакыттын өткөнүн,

Балалыкта ойноп жүрүп көп күндөр.

Үйлөрүбүз калса керек эскирип

Турган чыгар бизди күтүп тектирлер.,


Азыр эми улгайыңкы баарыңар,

Аксакалдык статусун алдыңар.

Ата болуп, эне болуп ар үйдө,

Алтын саамай ак сакалдуу кары бар.

Бала дешип бата берип жашаган,

Бар болгула,ар бир үйдө карылар.


Тоолор болот турагым

Кай жердиксиң?- дарегимди сурадың,

Калаа жактан келе жаткан убагым.

Токтолбодум жообум даяр бергенге,

Тоолукмун деп жооп берип турамын.

Асман тиреп, ай жылдызды жамынган,

Ак кар баскан тоолор болот турагым.

Күн чубактап, тегиз нурун тараткан,

Күмүш таажы тоолордо мен турамын.

Ошол кезде окуп жүргөн убагым,

Болсо керек он сегизде курагым.

Күн кучактап күн нуруна бөлөнгөн,

Күмүш чачпак тоолор болчу турагым.

Тоодон түшкөн булак турчу сугарып,

Калың өскөн тоонун жашыл тулаңын.

Арзуу кылып, алп тоолордун ак шамын,

Арман кылып кызыл күндүн батканын.

Алыс жерде, укпай жүрөм көп жылдар,

Албууттанган, дайралардын ташканын.

Мөл булактын так түбүнөн көрүнгөн,

Кызыл тазыл акак түспөл таштарын...

Көп жыл болду көк тиреген асканын,

Көрө элекмин ат баспаган ак карын.

Көп жыл болду тоо артына бекинип,

Көрө элекмин кызыл күндүн батканын.

Укпай калдым ушул кезде алыстап,

Улуу тоодон улар сайрап жатканын...

Асман тиреп ай жылдызды жамынган,

Алыс калды алп тоолорум сагынган.

Качан болсо карааныңды көрсөм деп,

Мен жолоочу, алыс жолго камынган.

Качан болсо, караан туткан тоолорум,

Өзүңөрдү, сагынганым сагынган..


Келсеңиз болмок Мургабка

Келишкен талаа гүлбакча,

Керимсел согуп бир паста.

Көшүлүп желге тал терек,

Керемет экен сиз жакта.


Керилип көктү тиреген,

Керемет тоолор биз жакта.

Кыдырып тоолор ордосун,

Келсеңиз болмок биз жакка.


Жүрсөңүз талаа гүлбакта,

Жумуш деп чуркап чарбакта.

Чарчаган кезде дем берчүү,

Чалкайган тоолор биз жакта.


Сан гүлдөн тандап гүлбакта,

Сайраса торгой сиз жакта.

Сагызган учуп жеталгыс,

Саймалуу тоолор биз жакта.


Талаанын көркүн чыгарып,

Таңшыса булбул сиз жакта.

Таң менен кошо ойгонуп,

Тамылжыйт тоолор биз жакта.

Тамшанып кирсең чыга алгыс,

Табигат койну Мургабта.


Чак түштө барсаң Мургабка,

Чаңкайат Асман бир башка.

Чаңкаган жанга күч берген,

Дайралар тунук көк кашка.

Чокусу болгон дүйнөнүн,

Чокулар бийик биз жакта.


Саратан жайда аптапта,

Сайраса торгой гүлбакта

Сан гүлдү тандап таң эртең,

Сайраса булбул сиз жакта,

Булутка жайып канатын,

Бүркүттөр шаңшыйт биз жакта.


Бадалдуу жайда гүлбакта,

Бак дарак өссө сиз жакта.

Чолпонго тийген чокусу,

Чоң тоолор өсөт биз жакта.

Агарган үзүм булуттай,

Ачылган пахта сиз жакта.


Айдың көл бетин байырлап,

Аккуулар ойнойт биз жакта.

Ажарын төгүп ай жылдыз,

Арзышкан тоолор бул жакта.

Удургуп шамал бул тапта,

Уларлар сайрайт биз жакта.

Керемет сулуу тоолордун,

Кени бар биздин Мургабта.

Кечикпей көрүп кетүүгө,

Келсеңиз болмок биз жакка.

Апакемдин кошогу

Жыйырма сегиз жашыңды,

Көп көрдүңбү апаке.

Жаш эле кетип калууну ,

Эп көрдүңбү апаке.

Оласыз ушул жалганды,,,

Жек көрдүңбү апаке.

Кызыл күрмө шай кийип

Тойлодуңбу апаке.,

Кырчындай жаштык өмүргө,

Тойбодуңбу апаке,

Кыркка чыгып коюну,

Ойлодуңбу апаке.

Кемпир турсун буякта,

Жок дегегде байбиче,

Болбодуңбу апаке,

Кетип жатып балдарың,

Ойлодуңбу апаке.

Жасаган ашың куюлбай,

Төшөгүң калды жыйылбай.

Кай жакка кеттиң ашыгып,

Кабарың айтпай куюндай.,

Күюн да келет айланып,

Сен кеттиң бизге бурулбай.

Артыңда боздоп мен калдым,

Көзүмдүн жашы тыйылбай.

Кызылдан кымбат көйнөктү,

Кийбей кеттиң апаке.

Кырчындай кездин кадырын,

Билбей кеттиң апаке.

Кызыктуу ушул өмүрдү,

Сүрбөй кеттиң апаке.

Кыздарын менен катарлаш,

Жүрбөй кеттиң апаке.

Уул кызыңдын төрүндө,

Жатпай кеттиң апаке.

Артыңда калган уулуңду,

Баштай кеттиң апаке.

Ушундай ишке түшүнбөй,

Мен таштай каттым апаке.


Бар бол кыргыз

Кылымдарды карыткан көчмөн кыргыз,

Кыйын кезде бел байлап көчкөн кыргыз.

Кыйынчылык күндөргө сынып калбай,

Көчкөн сайын дүркүрөп өскөн кыргыз.

Бекемдиги дүйнөнү калтырган,

Белден басып түрса оор турмуш.


Репрессия, үркүндү көргөн кыргыз,

Куугун көрүп үмүтү өчкөн кыргыз.

Сакташ үчүн урпагын улуулардын,

Тоо таянып төрт мезгил көчкөн кыргыз

Дайра сымал бир жерге токто албай,

Далай күндөр башынан өткөн кыргыз


Чабуулдарга сынбастан жашап келген,

Чогулсак деп бир жерге ар кай жерден.

Жайлап кыштап мал менен көчүп конуп,

Жайы кышы жай издеп бийик белден.

Сан жылдызга кол сермеп тоо боорунда,

Салам айтат кыргыздар бийиктерден.


Көч башында желегин ыргап келген,

Көп сыноого сынбастан чыдап келген.

Ыйлатчудай оор күндү четке сүрүп,

Ый ордуна кыргыздар ырдап келген.

Жыл төрт мезгил, тынбаган көчмөн кыргыз,

Таш түбүнө үй тигип көчкөн кыргыз.


Таң калтырып дүйнөнү дүңгүрөтүп,

Ташты жарган сыноодон өткөн кыргыз.

Өрнөк болгон өмүрү башкаларга,

Кылымдарга жашагын өктөм кыргыз!


Арт жакта калган издер бар

Бозоргон тоонун артында,

Бекинген жаштык үндөр бар.

Боз улан,селки атанып,

Бойлогон сууну күндөр бар.


Агарган тоонун артында

Ажайып кооз гүлдөр бар,

Ак чөлмөк ойноп биз жүргөн,

Ажардуу айлуу түндөр бар.


Ак кептер учкан кыяда,

Аргымак жалдуу кездер бар.

Айбыгып жаштык сүрүнөн,

Айтылбай калган сөздөр бар.


Ак мөңгү баскан тоолордо,

Алтындай жаштык кезим бар.

Ардактап каткан жүрөктө

Акактай тунук сезим бар.


Көк ирим көлдүн жээгинде,

Көрүнбөс каткан сырлар бар.

Көмүскө жерде жазылган,

Көөнөрбөс жаштык ырлар бар.


Ак кардуу тоонун бетинде,

Алыста калган сан жыл бар.

Артына кайра кайрылбас,

Адашып кеткен тагдыр бар.


Жашарган тоонун артында,

Жадымдан чыкпас күндөр бар.

Жашынмак ойноп бекинген ,

Жагымдуу салкын түндөр бар.

Белестен терип бир кезде,

Берилбей калган гүлдөр бар..


Сарыколум мага кымбат ар бир ташың

Бийиктик, булут чалган аппак башың,

Мен үчүн кымбат болгон ар бир ташың.

Бир кезде, мени узаткан залкар тоолор,

Билбедим канчада экен анык жашың.


Жылдыздай, чачыраган сезим менен,

Жыпжылуу койнуңду мен самап келем.

Өкүнтүп өткөн күндөр жүрсө дагы,

Өзүңдү, эсиме алсам балкыйт денем.


Саяпкер, ат таптаган салкын төрүң,

Сактаган салт санаасын кутман элим.

Сагынып, санаа тартып турганымда,

Жашоого шыктандырат сенин демиң.


Айтылуу, бул ааламдын чокусу сен,

Алтындан таажы кийген сопусу сен.

Аскадан ай жылдызга колун созгон,

Ак калпак, кыргызымдын конушу сен.


Чер жазып, кең төрүңдө ойноп күлүп,

Чертилген комузумдун добушу сен.

Арбалып, тиричилик турмуш деген,

Ар күнү алектенип жүргөн менен.


Эсимден эртели кеч чыкпай келет,

Сарколум, белестериң төрүң кенен.

Сагынтып мени өзүңө тартып турган

Сарколум, магниттен бүткөн белең.


Аман бол аппак тоолор ак тон кийген,

Аман бол аскаларым булут чийген.

Сарколум сенин алтын сандыгыңда,

Сакталуу сырларым бар өзүң билген.


А менин жүрөгүмдүн тереңинде,

Сагыныч,ырларым бар жазып жүргөн.

Сарколум, шамал жүргөн төрлөрүңдө,

Балалык, издерим бар басып жүргөн.


Кайдан билдик жаштык өтүп кетерин

Баркын билбей, барчын куштай курактын.

Баасы кымбат жылдарымды узаттым.

Күндөр үзүп, күлкү бизден алыстап,

Шыңгырындай мөлтүр тунук булактын.


Мезгил берип мага деген кезегин,

Мен ашуудан ылдыйлаган кезегим.

Кайра келбес кайран жаштын карматпай,

Кайдан билдик колдон чыгып кетерин.


Келип мезгил, ал күндөрдөн четтедик,

Кээде жарга, кээде сууга кез келип.

Жалбырактын өмүрүндөй тез өткөн,

Жалындаган жаштык калды эстелик.


Айлык сайын шорун берип чөнтөктүн,

Тазасынан тандап кийип көйнөктүн.

Аста секин ак аралап чачтарды,

Акырындап апа болуп төргө өттүм.


Үйдүн куту көрүнбөгөн катылуу,

Кадыры бар, карылыктын аты улуу.

Белден басып белги берди карылык,

Турса деле бизде болбой шашылуу.

Башыбыздан бакыт кушун учурбай,

Балдарыбыз болсо болду бактылуу..


Жашоонун өзү бакыт

Бакыт тура бул өмүргө келгенин,

Байлык экен ичип кийип жүргөнүң,

Көп жашабай көптү көргөн билет дейт,

Билбегенден көбүрөөктүр билгениң.


Баалай билсең бул өмүрдө чыныгы,

Бакыт экен жүрөгүңдүн тынчтыгы.

Жарпың жазып жан дүйнөңдө бүлүк жок,

Жай олтуруп чай ичсең да бир чыны.


Кабыл алып бул жашоонун жардыгын,

Канча берсе көбүн дагы аздыгын.

Кантем эми кайдан табам дебесең

Капалантып капчыгыңдын аздыгы.

Кубана бил, колуңдагы болгонго,

Тынч жүрөгүң, тынч уйкуңдун жаздыгы.


Сарыколдун салкын жазы

Сарыколдун тоолоруна жаз келип,

Салкын тартып, тоонун жели соккондур.

Жашын төгүп жазгы жааган жамгырга,

Сулуу тоолор сергип жүзүн тоскондур


Сарыколдун талаасына жаз келип,

Сары талаа, бошонгондур ак кардан.

Келгин куштар түнөгүнө кайткандыр,

Айланышып, алыс алыс жактардан.


Сарыколдун сууларына жаз келип,

Сай жээктеп, дайра толуп ташкандыр

Таң эртелеп тунук булак жээгине,

Мөлтүрөгөн, күмүш мончок таккандыр.


Сарыколдо жайлоолорго жаз келип,

Жаш чабандын төлү жакшы киргендир.

Короо толуп төлгө берип береке,

Койлор маарап козуларын сүйгөндүр.


Сарыколдун асманына жаз келип,

Сур булуттар ары бери көчкөндүр.

Сапырылган сары талаа жанданып,

Жазгы жамгыр жашын төгүп өткөндүр.

Жыргашкандыр жан бүткегдүн баарысы,

Жытын искеп жаңы чыккан көктөмдун...


Биринчи мугалимим

(Файзуллаева Алима эжекемдин жаркын элсине арналат)

Үйрөткөн, адал иштен качпагын деп,

Арамдык жаман жолго баспагын деп.

Эч качан,колдон келер жумуш болсо,

Эринип бекер үйдө жатпагын деп.

Эскерип эң биринчи эжекемди,

Мен бүгүн Алиппеден баштадым кеп.

Эмгектин кыйыйынан качпагын деп,

Эненин ак эмгегин актагын деп,

Эр жетип эс акылың толгон кезде,

Эселек кыялыңды таштагын деп.

Кур сөзгө ишенип сен башканын деп,

Курулай оокатыңды чачпагын деп.

Кучагын жая билип өз энемдей,

Кубанган адам болуп баштадың деп.

Сүйлөсө жүйөсү бар кептеридне,

Сүйүүгө ыйманы бар беттеринде.

Сүйүктүү эң биринчи мугалимим,

Эң алгач билим берген мектебимде.

Атыңыз алтын тамга өчпөй турган,

Ар дайым ырлар жазган дептеримде...

Жүргөнсүйм жумуш менен жуурулушуп,

Азыр да Алиппенин беттеринде...


Желбирейт шамалга кош желек

(Кыргыз тажик коңшу элдердин достугуна арналат)

Бүдөмүк ойлордон арылып,

Бүгүн таң өзгөчө башкача.

Сергилең тарткандай негедир,

Сезимдер кубанып таптаза.

Кана эми бүт аалам суктанып,

Эки элдин достугун мактаса.


Жанашып өскөндөй кош терек,

Желбирейт асманда кош желек.

Чыр эмес түшүнсөк жашоодо

Жаркыган келечек эң керек.

Жашасын эки элдин достугу,

Жашайлы заманга эркелеп.


Ойлонуп таң менен эртелеп,

Элиме ушул күн келсе деп.

Достуктун жеңилбес чындыгы,

Ташдырдын оюнун жеңсе деп,

Канатташ элдердин достугун,

Канчалар күтпөдү менчилеп.


Ээрчишип өскөндөй кош терек.

Эргиди, көктөрдө кош желек.

Түшүнсөк, өнүгүү жолундан,

Элдердин достугу эң керек.

Ынтымак, эки элге нур чачты,

Бакыттын ачкычы менде деп.


Узарып, санаалар элеңдеп,

Уулуна тапканын белендеп,

Күтпөсүн, энелер жол карап,.

Кызымды, мен качан көрөм деп.

Болбосун эч качан жергемде,

Келбегин, жол жабык деген кеп.


Тоолордо шамалга эркелеп,

Толкуду, жанаша кош желек

Ыркырап, урушпай бириндеп,

Ынтымак жашоого эл себеп.

Кыраңда шамалга желбиреп,

Кылымдар, жашасын кош желек.


Жамила Жусупова

Кара-Балта шаары

www.sary-kol.ru 

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.