Памирде
Топурак таштак жери бар,
Тозоңдуу ызгаар жели бар,
Тоолордун кени Памирде,
Топуктуу шайдоот эли бар.
Ак калпак көчмөн кыргыздын,
Кайыкпас кайрат деми бар.
Аяздуу ызгаар жели бар,
Алтындай асыл кени бар.
|
Айтылуу жерим Памирде, Меймандос кыргыз эли бар. Ажарын ачкан тоолордун, Ак мөңгү муздар деги бар. Кышы бар салкын күзү бар, Кыраңда кызыл гүлү бар. Кыргыздар турган Памирде, Кыргыздын баатыр сүрү бар Кыргыз деп соккон жүрөгү,. Тоолорго болгон сүйүү бар Жайлоонун жыпар гүлү бар, Жапжашыл шибер түзү бар. Жай турмуш өткөн Памирде, Жашоонун жаркын изи бар. Жапайы гүлдөй тоодо өскөн, Жароокер кыргыз кызы бар Жай салкын кышкы суугу бар бар, Жапжашыл жайлоо тууру бар Ат жалын кармап ойногон, Айтылуу кыргыз уулу бар. Ааламга кеткен атагы, Памирде кыргыз мууну бар. Каада салт турат сакталып, Калтырып кеткен улуулар.. Алгалай бер Кыргызстан (Эгемендүүлүк күнүнө арналат) Кылымдар суктанышып ыр кылышкан, Кыргыздар кыйын кезде бир турушкан. Көтөрүп, көкөлөтүп бара жатат, Бактылуу баатыр элин Кыргызстан. Жаштары ишин алга жылдырышкан, Жамандык,жакшылыкта бир турушкан. Жашарып, жаңыланып бара жатат, Мекеним, кутман жерим Кыргызстан. Жаркырап, атып таңы күн чыгыштан. Жаш кары,чарчабаган эч жумуштан. Өнүгүп өсүп күндө жаңыланып, Жашай бер, кылымдарга Кыргызстан! Талыкпай өнүгүүгө умтулушкан, Тарыхта, баатыр элиң болуп дастан. Кыпкызыл желегиңди бийик кармап, Кылымдар, жашай бергин Кыргызстан! Кыргызымдын жигиттери Кырдан ылдый өбон салып ырдаган, Кымкап кийип кызыл желек ыргаган. Ким десеңиз, ал кыргыздын жигити, Кылым бою кыйын кезде сынбаган. Тоодо ышкырган улар менен үндөшкөн, Кара жорго кыргыз бийин бийлешкен, Ким дебеңиз ал кыргыздын жаштары, Бийик төрдө жылдыз менен сүйлөшкөн. Балбан билек кврмашканды койбогон, Ат үстүндө кылыч шилтеп ойногон, Ал кадимки тоолук кыргыз жигити, Ичип ашка, жасап ишке тойбогон. Кыйын кезде төшөк тартып жатпаган, Кыйшык жолго кыңыр ишке баспаган. Анык баатыр билсең кыргыз жигити, Алга койгон максатынан жазбаган.. Ак бантикчен сулуу Ак фартугу, ак бантиги бойго берип жарашык, Көрүп калган мендей жанды, кайра кайра каратып Алыстагы аппак болгон алтын уя мектепке, Кичинекей бир жаш сулуу, жаткан экен баратып. Асынганы кооз сумка, колунда бар гүлдесте, Артын карап күлүп койсо, өзүнчө эле периште, Жакындады мектебине,жолум бүттү дегенсип, Батинкесин колу менен аарчып кирди бир кезде. Мээрим менен бир тиктесе айдай жүзү жаркыган, Мен да келем ошол кыздын,калбай ээрчип артынан. Тынчым алып кайда калды, биздин таттуу балалык, Тыпыңдаган колдор менем түкүрүктөп батинкебиз аарчыган... Мен тизмектеп өткөн күндү,бүткүчөктү жакшылап Мезгил сызып өткөн экен, күлүк аттай чапкылап, Эчак эле узап бизден, алтымыш жаш ак чачтуу, Келген түра алтымыш төрт, эшигимди каккылап. Көрбөсө деп, жаш чайыган кейип турган жүзүмдү Көпкө турдум көңүл сыздап, кыздан албай көзүмдү Ошол кыздан көрүп турдум, көңүл чөгүп мен бүгүн, Бир кездеги кичинекей, ак бантикчен өзүмдү!.. Айтылбаган ачуу чындык (Достун сыры) Барктабай койгум келип турат бүгүн, Баркыма жетпес кээ бир досторумду. Басынтып көрө албаган ошол доско Баасы жок өмүр жашым кошконумду. Өзүмдөй көрүп баарын чын көңүлдөн, Өзгөчө кучак жайып тосконумду. Сыйлабай койгум келип турат бүгүн,. Сый билбес анча мынча тууганымды. Айтылбай ичке сактап келем бүгүн, Туугандан кээ бир жерде сынганымды. Көп жерде көңүл ооруп ичтен ыйлап, Көз жашым көкүрөгүм жууганымды. Эстебей койгум келип турат бүгүн, Эскирбей эзип жүргөн сырларымды. Уурдатып бакытымды жаштынымды, Узатып, өтүп кеткен жылдарымды. Жазылып, жарык көрбөй көмүскөдө, Көрүнбөй жашап жүргөн ырларымды. Ойлобой койгум келип турат бүгүн, Окшобой, өтүп кеткен күндөрүмдү Өз эмес жат бирөөгө байкуш болуп, Өз наркым өзүм билбей жүргөнүмдү. Сүйлөгүм келип турат бүгүн менин, Сүйлөбөй сактап келген сүйлөмүмдү.... Мезгил учат билинбей Мезгил күлүк тынбай учуп закымдап, Күздү кууп кыш да келет такымдап. Октой учкан жылдар менен коштошуп, Олтурабыз, улам төргө жакындап Алыс калган ай жылдарды чамалап, Айлар учат. канаттуудай сабалап. Биз жолоочу сапарыбыз карыган, Чачтарыбыз күмүш бубак аралап. Тыным билбей келаткандай алыстан, Тизгин кармап колдорубуз карышкан. Биз жолоочу узак сапар аттанып, Тирүүлүктө мезгил менен жарышкан. Артын карап кайдасың деп жоктобой, Айлар сызат канаттудай токтобой. Өмүр көчү өз нугунда айланат, Бүгүнкү күн эртеңкиге окшөбой. Бир жай жашап соолгон тоонүн гүлүндөй, Тигип бирок кийилбеген кийимдей. Өтүп кетти кайран өмүр тез эле, Жыл төрт мезгил,алмашканы билигбей Жашоо бүгүн жалбырактай күздөгү, Жашап бүтүп, арааң турган кубүлбөй.. Уулума Сен менин көзүмдөгү нурларымсың, Сейилдеп күндө басчу гүлбагымсың. Таң эртең, талпындырып таптап туруп, Марага салып койгон тулпарымсың. Улгайтып, уул кызды ата болуп, Учугум улап кетчү урпагымсың. Баш ийген тагдырыма шерик болгон, Бактылуу төрдөн түшпөс султанымсың. Өзөгү, өзүң менин көктөп түрган, Билинбей өтүп жаткан жылдарымдын.. |
Мөл булак Кашка булак агып жаткан мөлтүрөп, Канбай моокум уурттагыңды келтирет. Тоо булагын далай жандар тамшанып, Токтой калып, ичкен чыгар менчилеп. Тунук булак, канча суусун кандырган, Канчалардын үмүт отун жандырган. Сулуулугун мөл булактын арттырып, Суу жээктеп өскөн экен балтыркан Ошол булак тоого берип жарашык, Булак дешет аты өзүнө жарашып. Көзүм тойбой,суусун канбай канча ичкем,, Суу жээктеп жолдон өтүп баратып. Колум тийип чапчып койсом тунбаган, Моокум канбай канча жолу уурттагам. Куушуп ойноп, кармап кооз көпөлөк, Булак бойлоп күндөр өттү чуркаган. Сууну бойлоп,гүлдөр терип жыттаган Алыс калган балалыкка суктанам. Балким мезгил койгон чыгар бекитип, Мөл булакка жылдарымды уурдаган... Ала Тоо Ала Тоо, айтып бүткүс келбетиң бар, Ала Тоо,алтын күмүш берметиң бар. Ааламга аты чыккан аскаларда, Айтылуу, алтын булак шербетиң бар. Ак шумкар уя салган беттериң бар, Аскаңда, кайкып учкан кептериң бар. Акындар ырга салып түгөтө албас, Ала Тоо, айтыла элек көп жериң бар. Кен байлык, куюлушкан кумдарың бар, Чаңкасак ичип тойбос сууларың бар. Ала Тоо, көркөмүңдү көз тойбогон, Акындар, жазып кеткен ырларың бар. Асманда жакын турган жылдызың бар, Ала Тоо,сен мекеним ырысым бар. Айтылуу, баатыр Манас урпактары, Койнуңда тоолук элиң кыргызың бар! Сарыкол элим Канча жыл, жердеп келген Сарыкол жерин, Кымбатым сарыколчу элим менин. Алыстан, ат арытып конок келсе, Кой союп казан асып, кенен пейлиң. Сарыкол алтын уям өскөн жерим. Саймадай кооз дегим келет менин. Сагызган учуп жеткис тоолоруңда, Сан миңдеп жаткан чыгар баалуу кениң. Ак калпак, узун көйнөк күрмө кийген, Айтылуу кыргызымдын салтын билген. Селкинчек, алты бакан, ак чөлмөктү, Сайрандап жигит кызы ойноп келген. Уздары таар согуп сайма сайган, Кыздары,сулуулугун Айдан алган. Ат минип, эр оодарыш балбан күрөш,, Жигиттер жоготостон сактап калган, Комузда кол ойнотуп жаш карысы, Тон кийип, жорго минип тойго барган. Саймадай Сарыколду мекендеген, Элибиз жашай берсин куруп сайран. Чын эле биз өнүгүп баратабыз Акылдуу айкөл чыгып падышабыз, Азайбай толуп барат казынабыз. Жакшылык жерде калбайт деген кеп бар, Жашайлы шүгүр кылып барына биз. Кеменгер күчтүү чыгып падышабыз Кемибей толуп барат казынабыз, Келишип ынтымакта бололучу, Ишенип келечектин барына биз. Чындыкты бетке айткандаг теригебиз, Чычалап айрым жерде керилебиз. Чыныгы өнүгүүнүн жолун чаап, Чырдашпай оңолсо экен мамилебиз. Бир болсок арбын иштер жаратабыз, Бийиктеп бүт ааламды каратабыз. Чын дилден кеңүл коюп байкап көрсөк, Чын эле айкын жолдо баратабыз. Деги эле биз эмнеге тарынабыз Дем албай иштеп жатса падышабыз. Тез эле өнүккөн бир өлкө болуп, Тарыхтын барагына жазылабыз. Жакшыны жакшы дештен аянбастан, Жашайлы шүгүр кылып барына биз. Жашасаң болмок апа эмне таптың апаке, Эрте эле бүл жашоодон кетип калып. Эртелеп ошол жерге барып алып. Сыноого үч перзентиң таштап кеттиң, Же бизден жададыңбы көңүл калып.. Жашасаң болмок апа, Апасыз бул дүйнөгө канып канып. Келген соң бул жалганга бир жаралып. Энесиз жашоо деген жалган тура, Эмгиче келет мага дүйнө тарып... Эмне көрдүң апаке Мезгилсиз о дүйнөгө сапар алып. Же сага жакпадыбы жашыл жарык. Жашасаң болмок апа,, Төрөгөн перзенттериң өзүң багып. Өстүрүп уул кызды башкалардай, Өмүрдөн өз шыбагаң өзүң алып Жашасаң болмок апа, Жаркылдап жылдыз болуп жанып жанып Небере күлкүсүнөн кубат алып. Тапшырып жат колдорго балдарыңды, Апаке кимден кеттиң өчүң алып... Эртелеп кетип калдың аттиң арман Жашабай бул өмүргө канып канып... Жашасаң болмок апа, Сен дагы башкалардай жарык жанып. Турмуштун ачуу таттуу даамын татып. Төрдү ээлеп, ак саамайың сылап коюп, Төрөгөн уул кызыңа сыймыктанып. Жашасаң болмок апа.. Кундуздай кара чачың бүт агарып.. Жаштарга каалоо (Үйлөнүү тойго суроолор Ээрчинишкен аккуудай бойлоруңар, Эки жаш куттуу болсун тойлоруңар. Элиңердин батасын алып дайым, Эч үзүлбөй кармашкан колдоруңар. Турмуштун туу чокусун багындырып, Түбөлүк ачык болсун жолдоруңар Бактылуулук көрүнүп жүзүңөрдөн, Бакыт кушу кетпесин үйүңөрдөн. Жакшы жакын санаалаш достор менен, Тууган урук үзүлбөй төрүңөрдөн Баш ийдирип,бек кармап Бакыт боосун, Бакчаңарга орногон Бакыт болсун, Экөөңөрдүн жашооңо суктанышып, Төр талашкан коноктор ашык болсун. Туруктуулук силерге элчи болсун, Турагыңар сүйүүнүн кенчи болсун. Оор жеңилин, бир көрүп бул жашоонун, Экөөңөргө наристе энчи болсун. Жусупова Жамила Кара-Балта шаары |