Жамила Жусупова: «Жылдыздуу жаштык» (ырлар жыйнага)

Туулган айлым дайым жүрөм сагынып

Сулуу тоолор бир бирине уланып.

Суктандырган сулуу кыздай сыланып,

Жайдын күнү жашыл килем жайгандай,

Бетегеси белден экен буралып.

Улам төрлөп бара берсең түгөнбөйт,

Улуу тоолор кербен сымал чубалып.


Тоонун жели салкын экен аймалап,

Желге эркелеп талдар секиин чайпалат,

Жер жүзүндө менмин деген саймачы,

Жердин бетин койгон өңдүү саймалап.

Жолу түшүп келип кеткен жолоочу,

Дагы барып көрсөмчү деп, кайталап..


Чокулары күн нуруна чагылып,

Малы жайнап төрдү жайлап агылып.

Таң нуруна балкып турса теребел,

Талдар алат кумуш мончок тагынып.

Көзүм жаштап сезилет бир кусалык,

Көңүлдөргө эңсөө оту жагылып.


Туулган жерим туулган айлым асылым,

Мадиянды дайым келем сагынып…


Тагдыр

Агымга каршы сүзүп өтөмүн деп,

Аз калды аркы жээкке жетемин деп.

Ортодо калагы жок жалгыз кайык,


Толкунду тоскоол болгон кесемин деп.

Туу тутуп уулун кызын жыйып кайрат,

Турмуштун ур соккусун жеңемин деп


Белгисиз уч кыйры жок алыс жолу.

Бет алды басып барат талып колу.

Ак жоолук башындаы шыпырылып,


Аймалайт саамай чачын шамал долу.

Аргасыз көнүп барат акырындап,

Тагдырдын татаал тура жайган тору..


Тигилип тиктеп барат талаа түздү,

Тирешип канча узатып кышты күздү.

Канча ирет суулар агып муздар тоңуп,


Канча ирет жалбырагын бактар үздү.

Кундуздай кирпик кашын кара чачын,

Ак чалып, бырыш басты сулуу жүздү...


Сарыколум

Ысыгыңды ысык дебейм салкын деп,

Суугуңду суук дебейм алтын деп.

Какыр талаа терскениңди аралап,

Кабыл алам менин жашыл паркым деп.


Тоолоруңду томсоруңку тиктеймин,

Токтобогон шамалыңды искеймин.

Кирсиз таза асманыңа тигилип,

Ойлочу элем , мен бул жерден кетпеймин.


Таштврыңды мончок кылып тагынып,

Элесиңли чыйрыкканда жамынып.

Жүзүм чайган кашка тунук булакты,

Жүргөнүмдү эч ким билбейт сагынып...


Жылдыздуу жаштык

Жыты аңкыган жылдыз түспөл гүлдөрүн.

Жылгалардын тандап терип түрлөрүн.

Жылдар өттү, эсте турат ар дайым,

Жылаңайлак сууну кечип жүргөнүм.


Таңды тосуп, тыңшап куштун үндөрүн,

Бир өзүңдө, өттү жаштык күндөрүм.

Көк асманга,колум сунсам жетчүдөй,

Жымыңдаган жылдыз чачкан түндөрүм.


Караңгылык каптап эми жер бетин,

Кеч да кирди, түнгө берип кезметин.

Көп узабай, терип кирдик биз тандап,

Жайкы түндүн жылдыз аттуу берметин..


Кубанычтуу күндөрүмдөн билгеним,

Күлүп ойноп, кайгысы жок күндөрүм.

Кудуңдашып меникилеп талашып,

Кучак толо жылдыз болчу тергеним.


Баалай билсең бул жашоонун кадырын,

Бакыт тура сен дүйнөгө келгениң.


Күлүк чуркайт алыска

Күүлөп канат күлүк чуркайт алыска.

Күчүн сынап салып койсоң жарышка.

Даңкан ыргып туяктардвн чаң чыгат,

Далбас уруп эң алдыда барышка.


Жалын силкип күлүк түшөт жарышка,

Жаралгандай жалгыз гана намыска.

Түшкөн жолу кенен эмес түз эмес,

Түркүрдө бир үн угулат --калышпа!


Кээде катуу, кээде четке сүрүлүп,

Кетүүчүдөй тизгин чылбыр үзүлүп.

Тооруп жолун тоскондордон алыстап,

Топ алдында күлүк барат жүгүрүп.


Көздөр канча карап турган тигилип,

Көз тунарат, өбут кетчүдой бүгүлүп.

Эч ким билбейт, байгени эмес намыс деп,,

Караандатпай баратканын күйүгүп.


Көзүн албай көлдөй алыс марадан,

Күлүк барат топ алдында жүгүрүп...


 Сүрдүү тоолор

Аскалуу тоолор кар бетин эч ким чийбеген,

Күн тийбес тескей кайберен буту тийбеген.

Чаңкайган тунук, булутсуз кирсиз асманга.

Чайынып аска тиктешип турат турат күн менен.


Булуттан жасап элечек кийген башына,

Бардыгы тегиз карабай кары жашына.

Бузулбай сыны, ачылбай сыры канча жыл.

Ким билет канча, төрүндө жатат казына...


Мекендеп көктү, артына изин калтырып,

Мелжиген төрдө ак булут барат жай жылып.

Томсоргон тоого, ак сүттөй нурун таратып,

Каалгый жылып, келатат сулуу ай чыгып.


Жылмакай аска, жылгалар сүрдүү көрүнүп,

Жымыңдайт жылдыз, жыбырап көктөн төгүлүп.

Тоо койну сүрдүү шоокумга түрүп кулакты,

Узун түн бүтпөйт ой санаа онго бөлүнүп..


Аркайган тоолор айбаттуу көзгө көрүнүп,

Караңгы түнгө, теребел турат чөмүлүп

Суюлуп жылдыз, күн чыгыш тарап нурданып,

Жыпар жыт аңкып, таң дагы барат сөгүлүп.


Күлмүңдөп жерге, күмүштөй нурун таратып,

Күн чыкты тоодон суйкайып сулуу таң атып.

Алыстан көзгө аркайып даана көрүнүп,

Ак калпак тоолор асманды тирейт жанашып.


Жылгалуу бетке нурлары тегиз чачырап

Жылмайып жылуу күн чыкты кайра жаңылап.

Таң менен кошо, ой тоого берип сулуулук,

Жылтырайт аска күмүштөн чачпак тагынат.


Канаттуу жетпес, кайберен баспас аскалар,

Көңүлдөн чыкпайт, сагыныч отун жаңылап...


Аптап

Күн ысыды аптап күчү куйкалап,

Кээ бирөөлөр сууда сүзүп ахалап.

Чыдабаган ысыгына аптаптын,

Бирөө жүрөт, суу куюнуп чакалап.


Тердеп кургап, темтеңдеген жаш балдар,

Темселешип араң эле баскан бар.

Бирин бири, турчу ары деп түртүнүп,

Көбөйүштү келөкөлөп качкандар


Ысыктын да рахатына баткан бар,

Ысык күндө, ысылабай жаткан бар.

Суу жээктеп,суу чачышып ойношуп,

Суудан чыкпайт чурулдашып жаш балдар.


Жаштарга каалоо

Ээрчинишкен аккуудай бойлоруңар,

Эки жаш куттуу болсун тойлоруңар.

Элиңердин батасын алып дайым,

Эч үзүлбөй кармашкан колдоруңар.


Турмуштун туу чокусун багындырып,

Түбөлүк ачык болсун жолдоруңар

Бактылуулук көрүнүп жүзүңөрдөн,

Бакыт кушу кетпесин үйүңөрдөн.


Жакшы жакын санаалаш достор менен,

Тууган урук үзүлбөй төрүңөрдөн

Баш ийдирип, бек кармап бакыт боосун,

Бакчаңарга орногон бакыт болсун,


Экөөңөрдүн жашооңо суктанышып,

Төр талашкан коноктор ашык болсун.

Туруктуулук силерге элчи болсун,

Турагыңар сүйүүнүн кенчи болсун.


Оор жеңилин, бир көрүп бул жашоонун,

Экөөңөргө наристе энчи болсун.


Алтын күз

Сай сайдын башын нур чалып

Саратан жайдай нурданып.

Салкын күз келди жериме,

Саймалуу кемер курчанып.

Ыргалса желге тал терек,,

Сулуудай турган суйкайып


Адырдын бетин нур чалып,

Аптаптуу жайдай нурданып.

Сулуу күз келди жериме,

Алтындан кемер курчанып

Жер бети түркүн килемдей,,

Койгонсуп чебер түр салып.


Сарыдан кийим кийинип

Самтырайт шактар ийилип

Жемиштүү келген бул күзгө,

Жер бети турат сүйүнүп

Салкындай түштү чар тарап ,

Келгени күздүн билинип.


Аптаптуу жайдан түңүлүп,

Алма өрүк калды күбүлүп,

Тер төгүп иштеп жаш кары,

Теримде баары түрүнүп,

Бир тиштеп кайра ыргытып,

Жаш балдар жүрөт жүгүрүп.


Береке ташып төгүлгөн.

Бетеге жыттуу төрүмдөн.

Беш көкүл кыздай жасанган

Төрт мезгил сулуу көрүнгөн.

Кеткиси келбейт келгендин

Бейиштей болгон жеримден.


Кыргыз элим

Ала Тоодой тоолору бар,

Алтын мазар суулары бар.

Асыл жерим, кыргызымдын,

Айдың көлү, куулары бар.

Чоку тандап желбиреген,

Чоктой кызыл, туулары бар.


Ашкан чебер уздары бар,

Айдай сулуу кыздары бар.

Айтып бүткүс кен байлыгы,

Алтын күмүш,туз дагы бар

Күн чагылып жылтыраган,

Күмүш канат муздары бар


Ысык булак, cуулары бар,

Көлдө чүрөк, куулары бар

Көк тиреген тоолорунда,

Көктөп учкан улары бар.

Көчүп жүргөн кыргызымдын

Күнгө жакын турвгы бар


Асман чийген аскасы бар,

Алтын күмүш башкасы бар.

Ачылбаган, казылбаган,,

Кен байлыктын канчасы бар.

Тоо таянган кыргызымдын,

Тоодой бийик максаты бар!


Окуучум

Билимге дилгирлиги, көрүнүп жүздөрүнөн.

Билүүгө куштарлыгы окулуп көздөрүнөн.

Олтуруп турганы тың, оюнга алаксыбай,

Окуучум ойдогудай бал тамган сөздөрүнөн.


Эжейлеп эртең менен, алдымдан тосуп чыгат.

Сумкамды көтөрөм деп быйтыйган колун сунат.

Жат айтат жадыбалды, жан дүйнөм кубандырып.

Окуучум мага карап, жылмайып күлүп турат...


Эч жакка алаксыбай, айтканга кулак салат.

Эсепти чыгарууга, киришет колун санап.

Ойлору чачырбай,ойдо жок суроо берип,

Олтурат чоң кишидей, олуттуу мага карап.


Алыста алыс жакта, чоң адам болгон менен,

Жүргөндүр али эсинде мен берген ошол сабак.

 

Күндү тартам

Кызыл сары жашыл боек,

Теребелди коет боеп

Караңгыны айдап салып,

Жарык бизге конок болот.


Улам жаңы боек тандап,

Уулум сулуу күндү тартат.

Кучак жайып ар бир таңда,

Кутман күнгө салам айтат.


Уулум айтат; карачы апа,

Жарык берип тийип турат.

Бардыгынан бийик турат

Мен карасам сулуу жүзү,

Мени карап күлүп турат...


Күндү тартам күлүп турган,

Тынбай кечке жүрүп турган.

Бул ааламдын кучагында,

Бүтпөс сайран күруп турган.


Алоолонуп чыгыш тарап;

Алтын Күн да чыгып барат

Жер бетине нурун чачкан,

Жебелерин болбойт санап.


Карандашын колго кармап,

Боектордун түрүн тандап.

Мээрим төгүп тийип турган,

Менин уулум күндү тартат.


Тоодогу шамал

Ак мөңгү баскан, күн бетин көрбөс зоолордон,

Айланып бүркүт, ак шумкар учкан тоолордон

Токтобойт шамал тоо таштын баарын кыдырып,

Тоорулуп учуп , жаралып дүйнө болгондон.


Ышкырса ырдап ой тоонун бетин аймалап,

Ыргагын коштоп тал терек бийлеп чайпалат.

Төгүлөт жамгыр төрт булут башы бириксе,

Төбөсү көктү тиреген төрлөр чалкалап.

Тыныгып бираз ышкырган шамал токтосо,

Туптунук болуп ачыла түшөт чар тарап.


Азыраак токтоп, кайра эле келет кайталап,

Улургуп куюн учкудай болуп кайсалап

Ушундай билсең тоодогу шамал мүнөзү,

Бир паста келип кетчүдөй баарын талкалап.


Ачуусу келсе,алкынат чаңды сапырып,

Алдынан чыккан жандуунун баарын качырып.

Аркырап учуп , күн көзүн тосуп булуттар,

Артынан кээде жамгырды коет чакырып.


Күз боёгу

Табияттын кереметине тартылып,

Теребел бүт бүт сары түскө камтылып.

Самсаалаган сары кызыл жалбырак,

Агып барат суу үстүндө жай жылып.

Күндөй жаркып көрккө келди теребел,

Күз боегу өз таасирин калтырып.


Толукшуган күз табына багынып,

Тоолор алды сары чапан жамынып,

Каалгып учат кызыл сары жалбырак,

Калган өңдүү күз боегун сагынып...

Ээн тарткан эгин бышкан талаалар,

Алтын сымал кун нуруна чагылып.


Айланага от койгондой жагылып,

Ай ааламга кызыл боёк чачылып

Жээк бойлоп батып барат күн дагы,

Жебелерин жер бетине батырып...

Күз боёгу айтып бүткүс керемет,

Жемиштери жерге батпай чачылып.


Жылгалардан аккан суулар тартылып,

Жай узады жашыл куржун артынып.

Дагы бир күз жашообузга башбакты,

Дасторкондо жок нерсени бар кылып.

Эшик кагыа жайлар күзгө алмашып,

Элибизде боло берсин барчылык.


Өмүрдүн ушул күзү

Күз келип жалбырактар, күбүлүп түшүп барат,

Калдайган сур булуттар, кайдадыр көчүп барат.

Үзүлгөн жалбырактай, узатып топ жылдарды,

Өмүрдүн бир үзүмү, кол булгап өтүп барат.


Сапсары жалбырактар, талаалап учуп барат.

Сабылтып көңүлдөрдү, санаалар үшүп барат.

Күн батып уясына,күүгүмдөн кабар берип,

Бозортуп айлананы, боз кыроо түшүп барат..


Жалбырак каалгып учат,жай гана бүтүп канат,

Санаадай айтып бүтпөс сапсары бардык тарап

Көрк берип көйкөлгөнсүп саймалуу сары көйнөк,

Өмүрдүн ушул күзү, жай гана өтүп барат


Карасаң көздү уялтып алтын түс бардык тарап.

Каалгыйт жалбырактар калгандай күздү самап.

Улгайтып жылдар өтсө,бир күзчө сезилбеген

Убакыт кандай күлүк учкан куш күмүш канат.


Аяктап бараткансыйт билгизбей акырындап,

Бир кезде биз баштаган таптаза жаңы барак...


Эски сүрөт

Бийикке колду сермеп күлүмсүрөп,

Бир кезде чогуу түшкөн эски сүрөт,

Сандаган жылдар менен кош айтышып,

Сакталып ошол бойдон менде жүрөт.


Тыңдасак мезгилдерге кулак түрүп,

Бир кезде жаштар элек ойноп күлүп

Сүрөт да жапжаш бойдон турган экен,,

Томсортуп сезимдерге салып бүлүк.


Ойлонуп чыйрыккандай болуп денем,

Ой менен ал күндөргө барып келем.

Айрыбай ак баракка ороп чулгап,

Аярдап ошол кезди багып келем.


Саргайып чогуу тушкөн эски сүрөт,

Сакталып азыр деле менде жүрөт.

Бир кезде бийиктерге колду сермеп,

Биз неге түштүк экен күлүмсүрөп..


Билгизбей сыртыбыздан жүргөн менен,

Бир сезим жүрөктөрдө жүрөт түнөп..


Мезгилдер өзү сынасын

Ундөшү күмүш булактай

Үр кызбы, дешкен чырактай

Кыз кезек узап артынан,

Карылык келер суратпай.


Күлгөнү шыңгыр булактай,

Күрмөчөн бассаң кылактай

Кыраңда өскөн гүл сымал,

Күлгүн кез өтөр суратпай


Өйдөлөп улам закымдай,

Өмүр бул учкан каакымдай,

Өтөр бир кетер жалганда,

Өмүрдү алсак кадырлай.


Кундуздай кара чач калар,

Коюлган кара каш калар.

Калемиң учун ойнотуп,

Кагазга түшкөн кат калар


Жакшыдан жакшы зат калат,

Жакшынын аты сакталат.

Жалпыга тийип жарыгы

Жакшы эле деген ат калат.


Туулган жерге

Алыс жүрсөм санаа тартып камыгып,

Айда барып бир көрсөм деп зарыгып.

Туулган жердин топургы алтын деп,

Келем сенин касиетиңе багынып.


Тыным алып токтой албай жайланып,

Тентек шамал коктуларың вйланып.

Куюн учуп, шамал соккон күндөргө,

Калгансыймын биротоло байланып.


Улар сайрап бүркүт учкан кезинде.

Улуу тоолор али турат эсимде

Жатышкандыр кайберендер күнөстөп,

Көз тайгылткан жылгалардын бетинде.


Кыйын болсоң жетип алчы дегенсийт,

Кызыл кийик тик асканын четинде..

Кайда жүрүп кайсы жерде болбоюн,

Туулган жерим сенде дайым ойлорум


Көңүлүмдүн тереңиде дайыма,

Көк тиреген көркөм бийик тоолорум.


Атакем

Көп үйрөтүп бул турмуштун сабагын,

Көзү барда менин алып тарабым.

Бул жашоонун туура жолун танда деп,

Текке кетпей ар бир баскан кадамың.


Ар бир таңда тилеп менин аманым,

Айткан сөзү кагылайын карагым.

Элдин алды болбосоң да керсейген,

Элиң үчүн бир кызматка жарагын.


Колуң шилтеп мансабыңа мактанба.

Көралбастын сөздөрүнө арданба.

Калыс болуп кара кылды как жарган,

Чындык сөздү бетке айтуудан жалтанба!


Катуу болчу бизге койгон талабың,

Эсте атаке ошол берген сабагың.

Эскиртпестен уул кызыма эскертип,

Сен көрсөткөн ошол жолдо барамын...


Кечеги күн узады эски делип

Өзгөчө бүгүн бир таң атты дагы,

Өмүрдүн баракчасы делип жаңы.

Аллага шүгүр кылып тосуп алсак,

Ар таңды бизге берген улам жаңы.


Алыстап кечеги күн кетти соолуп,

Дагы бир ак таң атты жаңы болуп.

Жабылып жаткан өңдүү,ар бир барак,

Жаш акын жаза берип барак толуп.


Өлчөп биз жакшы жаман тараптарын,

Өмүрдүн санап көрсөк барактарын.

Өзгөчө татаал тура так аткарыш,

Жашоонун бизге койгон талаптарын.


Кезеги жаңы күндүн бүгүн келип,

Кечеги күн да кетти эски делип.

Эч качан жашоо токтоп калбайт тура,

Эски күн жаңысына кезек берип.


Жол

Узун жолдон, өтүп жөөсү атчаны.

Ушул жолдун канча кылым жатканы.

Аттанганды айткан жерге жеткизип

Ушул жолдон, канча жандар каттады.

Кайсы доордо качан кантип салынган,.

Жолдун келет, жомок болуп дастаны.

Бирөө келип жол четине токтосо,

Дагы бири, эми жатат кайтканы.

Жөө жалаңдап, күч келтирип карекке

Жол болбосо жеталбайбыз дарекке,

Уч кыйры жок,бүтпөөчүдөй көрүнгөн,

Жалгыз гана жол жарайт го керекке,

Андан башка, ар биа жандын жолу бар,

Жараткандын өзү берген белекке...

Башы кайсы? Кайсы жерден башталат,

Эч ким билбейт, бүткөн жери кай тарап.

Бир орунда жаткан менен кыймылсыз,

Биз билбеген канча иштерди аткарат.

Кээде секин, кээде айдап учуруп,

Жолду кууп,биз барабыз чалкалап.

Атты минип камчылап да чапкылап,

Эшек минип эпеңдетип тепкилеп,

Жол болбосо кайда кантип жүрмөксүң,

Дарегиң дал үшул жол жеткирет.

Түнү күнү узун жолдо токтобой,

Кыймыл менен таң атат да кеч кирет.


Алгалай бер Кыргызстан

Кылымдар суктанышып ыр кылышкан,

Кыргыздар кыйын кезде бир турушкан.

Көтөрүп, көкөлөтүп бара жатат,

Бактылуу баатыр элин Кыргызстан.


Жаштары ишин алга жылдырышкан,

Жамандык,жакшылыкта бир турушкан.

Жашарып, жаңыланып бара жатат,

Мекеним, кутман жерим Кыргызстан.


Жаркырап, атып таңы күн чыгыштан.

Жаш кары,чарчабаган эч жумуштан.

Өнүгүп өсүп күндө жаңыланып,

Жашай бер, кылымдарга Кыргызстан!


Талыкпай өнүгүүгө умтулушкан,

Тарыхта, баатыр элиң болуп дастан.

Кыпкызыл желегиңди бийик кармап,

Кылымдар, жашай бергин Кыргызстан!


Жусупова Жамила Жарматовна

Кара-Балта шаары

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.