Памир тоолорундагы мугалимдер (сүрөт)

Памир тоолорундагы мугалимдер (сүрөт)

Памир тоолору-асман тиреген чокулары, ак мөнгүлөрү жана катаал жаратылышы менен өзгөчөлөнгөн аймак. Ушул бийик тоолордун арасында жашаган кыргыз эли үчүн билим берүү иши советтик доордо жаңы баскычка көтөрүлгөн. Жергиликтүү калктын арасында кат-сабаттуу , билимдүү адамдар өтө аз болгондуктан, бул муктаждыкты жоюу максатында Кыргызстандан мугалимдер жөнөтүлгөн.


Бул тарыхый демилге Улуу Ата Мекендик согуштан кийин башталып, 1980-жылдардын аягына чейин уланган. Советтик партиянын чечими менен Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан жаш, билимдүү эже-агайлар Тажикстандын Тоолуу Бадахшан авто¬ном облусунун Мургап районуна келип, кыргыз мектептеринде эмгектене башташкан. Алар билим берүү менен гана чектелбестен, жергиликтүү калктын маданий жана руханий турмушунун өнүгүшүнө да чоң салым кошушкан.


Памирге барган мугалимдердин айрымдары жубайллары менен чогуу барып, экөө тең кесиптеш болуп иштешкен. Алар бул касиеттүү аймакта жашап, балалуу болуп. Памирге болгон өзгөче сүйүүсүн балдарынын ысымдары аркылуу да чагылдырышкан. Мисалы, айрымдары уул-кыздарына Памира, Памирбек. Бадахшан сыяктуу ысымдарын ыйгарышкан. Бул Памирдин алардын тагдырында терең из калтыргандыгынын далили.

 

2 3Мурза Гапаров жана башка Кыргызстандан барган Мугалимдер

 

Мугалимдик жолду баштаган айрым инсандар кийинчерээк партиялык жана советтик жогорку кызматтарга чейин көтөрүлүп, коомдук-саясий турмушка активдүү катышкан. Бул алардын кесипкөйлүгүн жана лидерлик сапатын айгинелейт.


Кыргызстандан барган мугалимдердин арасында кыргыз адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрү да болгон. Алардын катарында Анатай Өмүрканов, Эрнис Турсунов, Мурза Гапаров жана Өмүрбек Тиллебаев сыяктуу мыкты акын-жазуучулар бар. Алардын алгачкы ырлары менен ангемелери дал ушул Памир тоалорунда жаралып, чыгармачылык чыйырлары ушул жерден башталган. Памирдин кайталангыс жаратылышы, асманга жакын жылдыздуу түндөрү жана керемет кооздугу алардын чыгармачылыгына терең таасир эткен.

 

4 5Кишимжан эжеке жана Кубаныч агай

 

Памирдеги мугалимдер жөн гана билим берүүчүлөр эмес, алар коомдун руханий тиреги болушкан. Айыл тургундарына кат жазып берүү, маданий иш-чараларды уюштуруу жана жаш муунду тарбиялоо сыяктуу иштерде да активдүү роль ойношкон. Бүгүнкү күндө Мургаптагы кыргыздар ошол доорду жана Кыргыэстандан келген мугалимдерди терең урмат-сый менен эскеришет. Алардын эмгеги унутулбай, муундан муунга айтылып келет. Памирдин катаал шартында билим нурун тараткан бул эже- агайлардын ысымдары та¬рых барактарында алтын тамгалар менен жазылууга татыктуу.


Памир тоолорунун арасындагы му¬галимдер - бул билимге болгон сүйүүнүн, мекенчилдиктин жана адамдык кайраттын жаркын үлгүсү. Бул мугалимдердин өмүр жолу - кийинки муундар үчүн баа жеткис сабак. Алар кыйынчылыктан качпай, тескерисинче., билимдин эң алыс, эң оор шарттагы жерлерге жеткирүүнү өздөрүнүн ыйык милдети деп билишкен. Памирдин шамалдуу өрөөндөрүндө, муздак кышында жана жетишсиз шарттарында иштеп жүрүп, алар чыдамкайлыктын, жоопкерчиликтин жана адамдык бийик сапаттардын үлгүсүн көрсөтүшкөн. Бүгүнкү күндө алардын эмгеги тарых гана эмес, улуттук сыймык катары бааланып, бипим берүү тармагында эмгектенген ар бир адамга дем берип турат.


Өскөнбай Бердибаев

КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү

"Тил жана маданият" №4 (386)

23-апрель 2026-жыл