Этникалык кыргыздардын көйгөйлөрүн чечүүгө багыт алуу (сүрөт)

Этникалык кыргыздардын көйгөйлөрүн чечүүгө багыт алуу (сүрөт)

2-декабрда Бишкек шаарындагы Чүй Университетинде этникалык кыргыздардын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган чоң жыйын болуп өттү. Жыйынга ЖК депутаты Урумкалиева Чынара Чалагызовна, коомдук бирикмелердин кызматкерлери жана этникалык кайрылман кыргыздардын өкүлдөрү, массалык маалымат каражаттарынан журналисттер жана коомдук активисттер катышты. Жыйында талкууга алынган негизги маселелер:

 

1) Чүй аймагында 50 миңден ашуун жарандык алган этникалык кыргыздар жашайт. Тилекке каршы жарандык алган мекендештердин 16 жаштан 17 жашка чейинки балдарына жарандык алуу көйгөйү бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келет. Тагыраагы баланын ата энеси КР толук кандуу жарандыкты алганына карабай 16-17-18 жаштагы балдарына паспорт алуу үчүн кайрадан жарандык алуу көйгөйү түйшөлтүп келет. Балдар Кыргызстанда төрөлүп, ошол эле учурда ата энеси Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганына карабай балдар үчүн кайрадан жарандык алуусу талап кылынып жатат. Бул окуучулардын ОРТ тапшырып ЖОЖдорго тапшырууда да чоң көйгөйгө айланды.

 

2) Учурда КР Конституциясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип жатканына байланыштуу этникалык кыргыздардын анын ичинде Өзбекстандык, Тажикстандык, Түркиялык, Оогандык, Кытайлык кыргыздардын укуктары баш мыйзам менен корголуусу жана жеңилдиктер каралашы керек деген талаптар сунушталды.

 

3) Кырдаалга байланыштуу чек аралар тосулуп, кошуна өлкөлөрдөгү этникалык кыргыздар менен карым катнаш токтоп эл кыйналып жатканы айтылды. Тагыраагы Тажикстандык кыргыздар атайын Кыргызстанга келип дарыланышчу. Кээ бир үй бүлөлөрдөн атасы баласына, баласы атасына жете албай жамандык жакшылыкта эки жакта эки айрым болуп кыйналып жатышканына байланыштуу бул маселени да тез аранын ичинде өкмөттүн чара көрүшүн өтүнүч менен кайрылышты. Мына ушул негизги үч маселе боюнча КР президентинин милдетин аткаруучу, КР жогорку кеңешинин төрагасы Талант Мамытовго, КР примьер министринин милдетин аткаруучу Артем Новиковго Кайрылуу жолдодук.

 

Жалпысынан жыйынга 38 ашуун мекендештер катышып, кайрылман макамынын тегерегиндеги маселелер да талкууланып, жыйынга Паспорт жана виза департаментинен атайын адистер жана юристтер катышты. Жыйынды баяндамачы, Кызматташуу коомдук фондунан Тагаев Зайнидин алып барды.

 

etnikalyk-kyrgyzdardyn-k-ig-il-r-n-chech-g-bagyt 2 etnikalyk-kyrgyzdardyn-k-ig-il-r-n-chech-g-bagyt 3
etnikalyk-kyrgyzdardyn-k-ig-il-r-n-chech-g-bagyt 4 etnikalyk-kyrgyzdardyn-k-ig-il-r-n-chech-g-bagyt 5
etnikalyk-kyrgyzdardyn-k-ig-il-r-n-chech-g-bagyt 6 etnikalyk-kyrgyzdardyn-k-ig-il-r-n-chech-g-bagyt 7

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены