Мургаб районунун төрайымынын расмий иш сапары (сүрөт)

 

Тажикстан Республикасынын Мажлиси Оли, Мажлиси миллинин мүчөсү, Мургаб районунун төрайымы Ражабзода Хусния Хукуматшонун Аличор жамаатынын Баш-Гүмбөз, Булуң-Көл айылдарына, Кызыл-Рабат жамаатынын Токтомуш, Шаймак айылдарына жана Раң-Көл жамаатынын Чечекти айылына болгон расмий иш сапары 8-сентябрдан 10-сентябрга чейин созулду. Райондун төрайымынын үч күндүк иш сапары жогорку деңгээлде болду анткени 3 күн ичинде райондун төрайымынын катышуусу менен Аличор жана Кызыл-Рабат жамааттарында Эгемендуу өлкөбүздүн көзкарандысыз мамлекетүүлүгүнүн 30-жылдыгына карата жаңыдан курулган объектилерди ишке берди.

 

Үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрь күнү эртең менен МБЖАОнын чоң жыйындар залында Тажикстан Республикасынын Мажлиси Оли, Мажлиси миллинин мүчөсү, Мургаб районунун төрайымы Ражабзода Хусния Хукуматшо, Мургаб райондук мекеме уюмдарынын жетекчилери, Мургаб шаарчасынын, жамааттардын төрагалары жана көчө комитеттердин катышуусу менен Тажикстан Республикасынын Эгемендүү көзкарандысыз мамлекеттүүлүгүнүн 29-жылдык салтанатуу жыйыны болду. Ошол эле күнү Мургаб районунун төрайымы өзүнүн расмий иш сапары менен Аличор жамаатынын Баш-Гүмбөз, Булуң-Көл айылдарында болду. Мургаб районунун төрайымы Ражабзода Хусния Баш-Гүмбөз айылынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрүп, анда жамааттын жашоочуларын Тажикстан Республикасынын Эгемендүү көзкарандысыз мамлекеттүүлүгүнүн майрамы менен куттуктап, мамлекетибиз ушул жылдар ичинде ийгиликтерге жетишип, өлкөбүздө көптөгөн ири объктилер курулгандыгына, ошондой эле Мургаб районуда эгемендүү жылдарда жетишкендиктерге кеңири токтолуп, Аличор жамааты ушул жылдарыда заманбап райондук ички иштер бөлүмүнүн филиалынын жаңы имараты жана балдар бакчасынын, мейманкананын, чайханалардын, мончонун имараттары курулганын, андан сырткары социалдык объектилер капиталдык оңдоодон жыл сайын өткөрүлөрүн белгиледи.

 

murgab-raionunun-t-raiymynyn-rasmii-ish-sapary 1 1
murgab-raionunun-t-raiymynyn-rasmii-ish-sapary 1 2 murgab-raionunun-t-raiymynyn-rasmii-ish-sapary 1 3 murgab-raionunun-t-raiymynyn-rasmii-ish-sapary 1 4
murgab-raionunun-t-raiymynyn-rasmii-ish-sapary 1 5 murgab-raionunun-t-raiymynyn-rasmii-ish-sapary 1 6 murgab-raionunun-t-raiymynyn-rasmii-ish-sapary 1 7
murgab-raionunun-t-raiymynyn-rasmii-ish-sapary 1 8 murgab-raionunun-t-raiymynyn-rasmii-ish-sapary 1 9
murgab-raionunun-t-raiymynyn-rasmii-ish-sapary 2 1 murgab-raionunun-t-raiymynyn-rasmii-ish-sapary 2 2

 

Ошондой эле Эгемендүү өлкөбүздүн 30-жылдыгына карата райондо жана жамааттарда көптөгөн курулуштар куруларын айтты. Мургаб районунун төрайымы октябрь айында өтүлүүчү саясий иш чарага токтолуп, Президентик шайлоого Аличор жамаатынын Баш-Гүмбөз айылынын жашоо- чуларынын активдүү катышып берүүсүн айтып өттү. Андан соң Мургаб районунун төрайымы Эгемендүү өлкөбүздүн көзкарандысыз мамлекеттүүлүгүнүн 30-жылдыгына карата ЖДММ «Нури Кухистон» уюму тарабынан каржыланган балдар ойноочу аянтчасын жана фермер Курмушиев Нурмамат тарабынан каржылаган кудуктун ачылуу аземине катышты. Баш-Гүмбөз айылынын жашоочуларына ыраазычылыгын билдирип демөөрчү жашоочуларга баалуу белектерди тапшырды. Ошол эле күнү Мургаб районунун төрайымы Аличор жамаатынын борборундагы жашоочулары жана Булуң-Көл айылынын жашоочулары менен жолугушту, бул жолугушууда жашоочуларды Тажикстан Республикасынын Эгемендүү көзкарандысыз мамлекеттүүлүгүнүн майрамы менен куттуктап, октябрь айында өтүлүүчү саясий иш чарага кайрылып, Президенттик шайлоого Аличор, Булуң-Көл айылынын жашоочуларыныда активдүү катышуусуна токтолду.

 

9-сентябрь күнү эртен менен Тажикстан Республикасынын Мажлиси Оли жана Мажлиси миллинин мүчөсү, Мургаб районунун төрайымы Ражабзода Хусния Хукуматшо өзүнүн расмий иш сапарын Кызыл-Рабат жамаатынын Токтомуш айылынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Төрайым жамааттын жашоочуларын Тажикстан Республикасынын Эгемендүү көзкарандысыз мамлекеттүүлүгүнүн 29-жылдык майрамы менен куттуктап, Мам- лекетибиз ушул жылдар ичинде ийгиликтерге жетишип, өлкөбүздө көптөгөн ири объктидеги курулуштардын курулгандыгын, ошондой эле Мургаб району эгемендүү жылдарында жетишкендигине кеңири токтолуп, Эгемендүү өлкөбүздүн 30-жылдыгына карата райондо жана жамааттарда көптө- гөн курулуштар куруларын айтты. Эгемендүү жылдарда Кызыл-Рабат жамааттынын Токтомуш айылында ооруукананын, Шаймак айылында мектептин, мончолордун, күнөскананын имараттары жана көпүрөө курулду. Ошондой эле мектептин, балдар бакчанын жана медицина үйлөрү жыл сайын капиталдык оңдоодон өткөрүлүп турарын белгиледи. Ал эми октябрь айында өтүлүүчү саясий иш чара боюнча кеңири түшүндүрүп, Токтомуш, Шаймак айылынын жашоочуларын Президенттик шайлоого активдүү катышуусун айтып өттү. Андан кийин Токтомушта күнөскана, тигүүчү цех, мончолордун ачылуу аземине жана Жаңы, Орто кыштактарынын ысымдарын Жунуев Токур, Ашимов Айткулу адамдардын ысымдарына коюуу аземине катышты. Аты койулган райондун чыгаан инсандарынын үй бүлөөсү, бул эки көчөдө жашап жаткан майыптарга жана жетишсиз үй бүлөөлөргө акчалай белектерди беришти. Ошол эле күнү райондун төрайымы Шаймак айылынын жашоочулары менен жолугушуп, Шаймак айылы- нын жашоочулары Мустапалиев Ж, Акжолбеков А жана Бегишов К. демилгелери менен курган каналдын, мончонун, фантандын, ошондой эле Мамытов К, Акжолбеков А. жана Мургаб районундагы Эл аралык МСДСП уюмунун каржылоолору менен курулган кудуктун аземинин лентасын кесип, аларды ишке берди. Эгемендүү өлкөбүздүн 30-жылдыгына карата өздөрүнүн демилгелери менен курган Шаймак айылынын чыгаан инсандарына Мургаб районунун төрайымы Ражабзода Хусния тарабынан демилгелүү чыгаан жашоочуларга баалуу белектерди тапшырып, аларга ыраачылыгын билдирди.

 

10-сентябрь күнү Тажикстан Республикасынын Мажлиси Оли, Мажлиси миллинин мүчөсү, Мургаб районунун төрайымы Ражабзода Хусния Хукуматшо өзүнүн расмий иш сапарынын алкагында Раң-Көл жамаатынын Чечекти айылынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрүп, жамааттын жашоочуларын Тажикстан Республикасынын Эгемендүү көзкарандысыз мамлекеттүүлүгүнүн 29-жылдык майрамы менен куттуктап, октябрь айында өтүлүүчү саясий иш чара боюнча кеңири токтолуп, Чечекти айылынын жашоочуларын Президенттик шайлоого активдүү катышарын айтты. Райондун төрайымына Кызыл-Рабат, Аличор жана Ыраң-Көл жамааттарынын жашоочулары ыраачылыктарын билдиришип, Президенттик шайлоого активдүү катышарын айтып, ишине ийгилик каалашты.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены