Шаймак айыл аймагында алгылыктуу иштер көп (сүрөт)

Шаймак айыл аймагында алгылыктуу иштер көп (сүрөт)

Баарыбызга белгилүү болгондой, Эгемендүү өлкөбүздүн көзкарандысыз мамлекетүүлүгүнүн 30-жылдык майрамына саналуу күндөр калып. Өлкөбүздүн Улут Ажосу, улуу урматтуу Президентибиз Эмамали Рахмондун Өлкө үчүн жүргүзгөн көрөгөч саясатына, камкордугуна жана Мамлекетибиздин экономикасы күндөн күнгө өсүп жатканына күбө болуу менен бирге Тажикстан Республикасынын Президентинин саясатын кол- доп келебиз. Тынчтыктын жана Улуттук биримдиктин негиздөөчүсү, Улут ажосу, улуу урматтуу Эмомали Рахмондун жана Тажикстан Ре- спубликасынын Өкмөтүнүн 2015-жылы 28-ноябрда “2016-2020-жылдарда Мургаб районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча Программасынын” №726 токтомунун аткарылышы жөнүндө, Эгемендүү өлкөбүздүн көзкарандысыз мамлекетүүлүгүнүн 30-жылдыгына карата даярдыктар жана ТБАОнун төрагасынын 28.02.2020 жылы №55 “ТБАОнун жергиликтүү калкы отурукташкан жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча чечиминин негизинде Мургаб районунун төрайымынын 2020 жылы 3-апрелде «Мургаб районуну жана Мургаб шаарчасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу» иш чара планынын негизинде Кызыл-рабат жамаатында да иш чара кабыл алынган.

 

shaimak-aiyl-aimagynda-algylyktuu-ishter 2Жамааттын чечими боюнча Шаймак айылында, айылдын демилгелүү жашоочулары өз салымдарын кошуп, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, таза суу менен камсыз кылуу жана тазалык иштери боюнча жамаат жетекчилери менен бирдикте алгылыктуу иштерди алып барып, көптөгөн иштер жолго коюлуп жаткандыгы айылыбыздын жашоочуларын кубандырбай койбойт.

 

Жаз айынын башталышы менен Шаймак айылында болуп жаткан иштерди айтып өтсөк, жашоочуларды таза суу менен камсыз кылуу программасы боюнча Шветцария донордук конфедерация колдоосу менен Тогуз булак көчөсүн таза суу менен камсыз кылуу боюнча 26 үй бүлөөгө Акжолбеков Ажибай, Мамытов Койчуман агалар өздөрүнүн салымдарын кошуп 11700 сомони суммадагы акча каржылоо менен элге кудук куруп беришти.

 

Кызыл-рабат жамаатынын жашоочусу Акжолбеков Алипбек 1991 жылы эшик алдына бир түп тал отургузуп, тал бүгүнкү күндө 91 даанага жетти. Шаймак айылынын жашоочулары ошол талдан бирден тал көчөттөрүн алып отургузуп келеттер. Ал эми Акжолбеков Алипбек аканин балдары Ажибай, Алиакбар 300 метр бийиктиктен түтүкчөлөр менен суу түшүрүп, “Истиклол” мини фонтанын куруп, айылдын көркүнө көрк кошуп Мамлекетибиздин Эгемендүү өлкөбүздүн көзкарандысыз мамлекетүүлүгүнүн 30-жылдыгына арнашты.

 

Тогуз булак көчөсүн жашоочусу Карим Бегишов өзүнүн демилгеси менен өз каражатын жалпы Шаймак жашоочулары үчүн Мончо салууга ниет кылып мончо курулушуну аягына чыгарып Эгемендүү өлкөбүздүн көзкарандысыз мамлекетүүлүгүнүн 30-жылдыгына карата мончо ишке киргизилет.

 

shaimak-aiyl-aimagynda-algylyktuu-ishter 3 shaimak-aiyl-aimagynda-algylyktuu-ishter 4 shaimak-aiyl-aimagynda-algylyktuu-ishter 5

 

Ошондой эле Республикабыздын Эгемендүү өлкөбүздүн көзкарандысыз мамлекетүүлүгүнүн 30-жылдыгына арнап Шаймак айылыны жашоочусу Тогуз булак көчөсүн жашоочусу Мустапалиев Жаңыбай өзүнүн айылдаштарына тоодон 200-300 метр аралыктан суу түшүрүп, жашоочулардын үйлөрүнө суу киргизип, айылдаштары таза суу ичип чоң ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Мына жогоруда аты аталган Шаймак айылынын эмгекчил тургундарына жалпы Шаймак айылынын жашоочулары ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Андан тышкары Шаймак айылындагы жамааттын өкүлү Акжолбеков Алиакбар эл арасында уюуштуруу иштерин уюштуруп, жогорудагы иш чарага 11000 сомони каражат жумшаган.

 

Мамлекетибиздин өнүгүүсүнө, элибиздин жыргалчылыгына, балдарыбыздын келечеги үчүн өз салымдарын, эмгектерин кошуп, жашоодогу турмуш деңгээлин жогорлатуу үчүн аракеттерин аябастан жумшашты. Ушундай демилгелүү инсандардын Эгемендүү өлкөбүздүн көзкарандысыз мамлекетүүлүгүнүн 30-жылдыгына карата чоң салым кошуп, майрамдын алдын ала алгылыктуу иштериди алып барып, өз күч аракеттерин, таза ак ниеттерин жана ой пикирлери менен Шаймак айылы көрктөнүп, өнүгүп өсө берсин. Тогуз булак көчөсүнүн жашоочулары жана жалпы эле Шаймак айылынын жашоочулары бул инсандарга чоң ыраазычылыктарын билдирет. Мамлекетибизге, элбизге жана туулган мекенибизге кызмат кылалы «Ынтымак бар жерде ырыскы бар» деген макал бар кыргызда.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены