Мургабдык кыргыздар түз эле мага кайрылсын !

Мургабдык кыргыздар түз эле мага кайрылсын !

Генерал байке не дейт?

 

Талантбек Исаев, республикалык МАИ кызматынын жетекчиси: "Мыйзам бузгандар чоўдордун балдары, кїч структурасы, министр, депутаттын жакындары – биз аларды жазалайбыз”

 

--Талантбек мырза, элдин кєўїл чордонунда турган кызматка келдиўиз, ишти эмнеден баштайын деп турасыз?

 

--Бул кызматка киришкенден бери кандай кемчиликтер бар экенин иликтеп кєрїп, иштей турган жумуш абдан кєп экенине ынандым. Ошондон улам жол коопсуздук кызматы эфективдїї иштеши їчїн кандай єзгєртїїлєрдї киргизсек болот (?) деген маселени коюп, аны чечїї максатында тажрыйбасы мол, деўгээли бийик кызматкерлерден жумушчу топ тїздїм. Алар нормативдик документтерди, административдик кодексти, єкмєттїн токтомдорун кайра карап чыкканы турат. Мындан сырткары, жумуш тобуна жол коопсуздук кызматынын тїзїмїн да кайра кароо тапшырмасын бердим. Анткени, кєчєдє тыгындар кєбєйїп, кєйгєйлєр кєп болуп жатат. Ошондуктан, кабинеттерде отурган кызматкерлерди кыскартып, кєчєдєгї тїйшїктї чечкен кызматкерлерди кєбєйтсєкпї (?) деген оюбуз бар. Дагы бир маселе, МАИ кызматкерлери кєп жылдан бери форма ала элек экен. Машиналарын оўдоого тектик берилбейт экен. Бензин дагы абдан аз берилип келиптир. Ошол маселелерди чечпесек, жыйынтыктуу ишти жїргїзїї болбостугун баарыбыз билебиз. Азыр ИИМ жетекчиси менен бирдикте дал ушул маселелерди чечкенге аракеттенип жатабыз. Маселен, жарандык коомдун єкїлдєрї, депутаттар айтып жатат, "реформа кылыш керек” деп. Биз аракет кылабыз, бирок, жалгыз єзїбїз бурулуш жасашыбыз кыйын. Теледен дагы айттым, силердин гезит аркылуу да айтып жатам, тїзїлїп калган кырдаалды єзгєрткєнгє баардыгы жардам берсе. Журналисттерде кєп маалымат бар, эл менен аралашып жїрєт, ошол жагынан бизге жардам берсин, кєйгєйлєрдї айтсын, сунуштарды берсин. Биз адиспиз, "кийлигишпегиле” дебейбиз, НПО болобу, эл аралык уюмдар болобу, сунуштарды кабыл алып, иш жїзїнє ашырганга аракет кылабыз.

 

--Билишибизче жакында дагы рейд єттї. Ал эмнеге багытталды?

 

--Келгенден бери їч-тєрт рейд єткєрдїк. Баардыгы эле билет кєчєлєрдє башаламандык. Аны ким кылып жатат? Жалаў "крутойлор”, чоўдордун балдары. Атайын номерлерди тагып алышып, кызылга токтобой, жол тилкелерин кесип, МАИ кызматкерлерине баш ийбей, качып, терезелерин караўгылатып алып жїрїшєт. Кєбїнчєсї кїч структураларынын кызматкерлери, чоўдордун балдары болуп жатат. Ошондой кенебестерге карата їч рейд єткєрдїк. Єткєн жумада єткєргєн эки кїндїк рейддин жыйынтыгында административдик эрежени бузгандыгы їчїн 1806 айдоочуга айып салынды. Анын ичинен 110 унаасы айып аянтына токтотулду. Алардын кєпчїлїгї документи жок, ичимдик ичип айдагандар. Кызматкерлерге инструктаж берип жатканда айттым, "карапайым элге тийбегиле, байкабай эрежени бузуп, унутуп курду тагынбай калса, эскертип гана койгула, тийишпегиле” деп. Негизги эрежени бузгандар "крутойлор”, акчасы кєптєр. Айыпты тєлєп коюп деле курду тагынбай, телефон менен сїйлєшїп, уруксаты жок жерден бурулуп жїрїп жатат. Ошолорго чара кєрєлї (!) деп жатабыз.

 

--Мына ушундай "крутой” рейддер сєз жїзїндє гана айтылып калчу эле, дегеним, атын атабасаўыз да кандай кызматтардын унаалары кармалганын мисал кыла аласызбы?

 

--Бир нече чиновниктин унаасы кармалып, айып аянтына токтотулду. Мисалы, "0695 ВА” номери менен Жогорку Соттун консультанты, "7007 ВS» номери менен президенттин иш башкармалыгы токтотулса, "3436» номери менен президенттик иш башкармалыгынын медперсоналы айыпталды, «9090 ВВ» номери менен адилет министрлигинен мыйзам бузду, "0669 АВ” номери менен Финполициясынын опер кызматкеринин Бишкектеги бир акимияттын унаасы жана "KS” номурундагы эрежени сактабаган унаалар кармалды. Эч кандай документи жок "блатной” номерлерди тагып алгандар дагы жїрїшїптїр. "ВМ» деген сериядагы мурдагы МАИнин номерин, «15» санынан башталган мурдагы милиция номерин тагып алып жїргєн унааны кармадык. Эч бир документи жок эле айдап жїрїшїптїр. Булар кандай берилген, унаанын мыйзамдуу номери барбы же жокпу (?) деген иликтєєнї жїргїзїп жатабыз. Албетте, аны кїч тїзїмдєрїнїн кызматкерлери жана чоўдордун балдары гана кылат. Алар бирєєгє телефон чалдыртып, кызматын же атасын пайдаланып кєнїп калышкан. Ошондон улам, атайын токтом даярдап, министр кол койду, расмий тїрдє буйрук чыгардык. Мындан ары МАИ кызматкери эч кандай кїбєлїк, визитка, телефон чалууга кєўїл бурбайт. Бирєєнє чала коюп «сїйлєшїўїз» десе, телефонду албагыла, тартипти буздубу, бїттї, эч кимден коркпогула, мыйзамдын негизинде иш кылып жатсаўар, кимден коркосуўар, бирєє коркутуп, «сени жумуштан кетиртем» десе, жетекчиўерди чакыргыла, анын алы келбесе, мен барам. Єзїўєр тартипти бузбагыла, айдоочулар менен сылык сїйлєшкїлє, менин атымды айтса дагы телефонду албагыла” дедим. Азыр кызматкерлердин духу кєтєрїлїп калды. Мурда ар кимисин коркутуп, "жоготом” деген нерселер солгундады. Мындан сырткары, Жогорку Кеўештин, президенттин, єкмєттїн гаражындагы айдоочуларды чогултуп, "чоўдордун машинесин айдайсыўар, аларды уят кылбагыла, элге їлгї болгула” деп адамча суранайын деп жатам. Эгерде ага кєнбєсє, эрежени бузганды дагы улантса, ошолорго карата абдан катуу чараларды кєрєбїз. Кимдин шоопуру, кимдин тууганы экенине карабайбыз.

 

--Жолдогу тыгын маселесин кантип чечсе болчудай?

 

--Негизинен, биздин кєчєдєгї башаламандыкты, тыгынды тїзїп жаткандар эл ташыган бустар болуп жатат. Алардан дагы кечээки рейдде 5 унаа айып аянтчага токтотулуп, 26 бусикке айып салынды. Жакында эле мэр, транспорт инспекциясы шаардык МАИ кызматкерлери менен жыйын єткєрїп, ошондо дагы айттым. "Бусиктер менен иштешпесек болбойт, кээ бирлери дєўгєлєктєрї жылма, чирик бусиктерди айдап жїрїшєт. Жол кесилишинде жїргїнчїлєрдї тїшїрїп же салып, артында тыгын пайда кылып жатышат. Мына ушунда улам, элди тейлеген фирмалар менен ушул жумада жолугушканы турам. Алар айдоочуларды чогултуп беребиз (!) дешти. Жїргїнчїлєрдї салган, тїшїргєн атайын бекеттер бар, ошол жерден элди салып, жол эрежесин бузганда токтотолу” деп айдоочулардан сурансам болот. Адамча сїйлєшїп чечсекпи (?) деп турам. Эгер андан кийин токтотпосо, жол эрежелери кайра эле бузула турган болсо, баарын айып аянтына киргизгенге, катуу чараларды кєргєнгє туура келет. Кандай болбосун, эрежени, мыйзамды сактаганды їйрєнїшїбїз керек.

 

--Чоўдор телефон аркылуу эле иш бїтїрїп кетчї эле, сизге азыр чалып жаткан жокпу?

 

--Ооба, чалып жатышат. Рейд башталгандан бери чалуулар кєбєйдї. Бирок, мен аларга туура тїшїндїрїп, мыйзамдын негизинде маселе чечилишин єтїнїп жатам. Себеби, мен кызматкерлериме тийиштїї чара кєргїлє (!) деп айтып, кайра алардан "кое берип койгулачы?” деп сурансам, єзїм эле уят болом да. Мага андайдын кереги жок. "Эрежени буздубу, айып тєлєсїн” деп жатабыз. Муну баардыгы эле туура тїшїнїп жатат.

 

--МАИ кызматын коомчулук коррупцияга белчесинен баткан орган катары карап келет. Аны чечїїнїн кандай жолдорун кєрїп турасыз?

 

--Жакында 5-канал социликтєє жїргїзїп, "кайсы мамлекеттик орган коррупцияга баткан?” деген суроо менен сурамжылоо жїргїзгєн экен, МАИ кызматы биринчиге чыгыптыр. Анан милиция, бажы, прокуратура турат. МАИ кызматын башкарып жаткан адам катары мындай жыйынтык менин жїрєгїмє катуу тийди. Жїрєгїм аябай ооруду. Ошондон кийин кызматкерлерге айттым, "ойлонгула, эгер мамлекеттин патриоту болсоўор, ушул кызматта дагы иштесеўер, муну жїрєгїўєр менен сезгиле” деп. Чындыгында эле МАИ кызматы коррупция боюнча 1-орунда турганы уят. Эми коррупция эмнеден болуп жатат? Кийимин жана бензинин куюп бербегендиктен. Анан жергиликтїї жетекчилер «тигини-муну алып кел» деп тапшырмаларды берип, єзїнїн функционалдык милдетине туура келбеген иштерди кылдырып жатканынан. Мына ушуну менен биз єзїбїз МАИ кызматкерлерин айдоочулардан пара алганга тїртїп жатабыз. Бул бир себеби. Экинчиси, айдоочулар эрежени бузуп, МАИге тыйын-тыпыр бере коюп жатышат. Айып тєлєп, кайра келгенден ээринип, ордунан эле МАИ кызматкерлери менен чечкенге аракет кылып жатат. Айтар элем, "жол эрежесин бузбагыла, бузбасаўар МАИ кызматкери акча алганга шарт тїзїлбєйт. Анан тыйынды єзїбїз берип, кыйкырганыбыз туура болобу? Бербегиле! Тартипти бузсаўар айыпты почтага тєлєп койгул. Ал бюджетке кетет” деп атам.

 

--"МАИ кызматкерлеринин духу кєтєрїлїп жатат” дедиўиз, чоўдор менен, алардын балдары менен кїрєшкєнгє бул жакшы саамалыктыр, бирок, ошол колдоого жамынып алып кайра эле карапайым калкты кыйнабайбы?

 

--Мен "карапайым калкты кыйнабагыла, эптеп оокат кылып жїргєндєргє тийишпегиле” деп айтып жатам. "Єрт єчїргїчїў жок экен, ремень тагынбадыў” деп, кїчїўєрдї алардан чыгарбагыла (!) деп эскерткенимди жашырбайм. Тїшїндїрїї иши менен чектелиш керек. Менде азыр андай маалымат жок. Бирок, "андай болбойт” деп да айта албайм. "Кызматкерлердин баары абийирдїї” деш кыйын. Андайды болтурбаганга аракет кылабыз. Жанагы мал ташып, оокат кылып жаткандарды коргошубуз керек. Жумуш жок болсо, унаасы менен мал тартып, эл тартып жатат да. Аларга эмнеге тийиш керек? "Машинанын документи туурабы, болду, малдын документин, же башка майда шылтоо менен тийишпегиле, жооп бересиўер” деп ар бир начальникке айтып жатам.

 

--Реформа боюнча айттыўыз, азыр Грузиядагы реформа баарына мисал болуп жатат. Ошондой реформа бизде болуп калышы мїмкїнбї?

 

--Жакында теледебатка чыккан депутаттар да Грузияны айтышты. Бирок, биз бирєєнїн айтканын кылып, туурап жашай бербестен, єзїбїздїн оюбуз, акылыбыз менен да жашашыбыз керек. Ооба, тїп тамыры менен єзгєртїїлєрдї киргизишибиз керек. Албетте, Грузия жеткен нерсеге биз да жетебиз. Бирок, анын жолдорун карашыбыз керек. Мунун биринчи кадамы катары нормативдик базаны карап, жаўысын даярдасак (!) деп жатабыз. Экинчи кадамы атестация єткєрїп, кызматкерлердин эскисин жаўыга алмаштырып, тїшїнгїн оўдосок (!) деп турабыз. Муну министр да колдосо керек. Ал атестацияга ИИМдин коомдук кеўеши, журналисттер, жарандык коом да катышып, тандаса деген тилегибиз бар. Себеби, МАИ кызматкери болуунун талаптары бар. Айдоочунун бїт категориясы жана жогорку билимдїї болушу керек. Азыр жогорку билими жок да кызматкерлер бар. Иш жїзїндє єкмєттїн токтому аткарылбай жатат.

 

--Техосмотрду жоюу боюнча маселе кєтєрїлгєн эле, ал кандай чечилди?

 

--Азыр "техосмотрду жеке менчикке берели” деген жаўы мыйзам иштелип чыккан, ал Жогорку Кеўеште турат, каралып бїтє элек. Министрлик єкмєткє кат жолдоду, ошол мыйзам єткїчє техосмотрды єткєрє берелиби же єткєрбєйлїбї (?) деп турабыз. Эгерде єкмєт "єткєрє бергиле” десе, быйыл єткєрєбїз. "Жок, мыйзам кабыл алынгыча єткєрбєгїлє” десе, анда токтотобуз.

 

--Соўку суроом, Тажикстандын Мургаб жана Жергетал райондорунда кыргыздар жашаганын жакшы билесиз. Айрыкча Мургаб районунда жашаган кыргыздардын тиричилиги Ош облусуна байланыштуу. Келип-кетїї маселесинде бажы постторунан сырткары МАИ кызматкерлери єтє кєп суммадагы айыптарды тєлєтїп, абдан кыйнап жаткан кези. Алардын арызданар адамы да жок. Бул боюнча айтып, жазгандан майнап чыга элек. Буларга сиз кандайдыр бир чара кєрє аласызбы?

 

--Абийирсиз МАИ кызматкерлери ошондон пайдаланып жатат да. Алар келет да, кетип калат, эч кимге даттанбайт. Даттанганга убактысы да, таанышы, туугандары жок. Ошондон пайдаланып жатышат. Бети жоктук кылгандарга мен каршымын. Тескерисинче, ошолорго жардам берип, керек болсо, "алыстан келе жатыпсыў” деп бензинин куюп бербейби. Бийик тоолуу жерден, шарты катаал аймактан, бузулган начар жолдон келе жаткан кыргыздарды кордобой, колдоп койбойбу? Алар кыргыздар да, каныбыз бир. Тыякта жашап атып кордук кєрсє, келе жатып Тажикстандын бажы, чек ара, милициясынан кордук кєрсє, андан єтїп биздин бажы постторунан, милициясынан кордук кєрсє… Мен ал байкуш кыргыздарды абдан эле тїшїнїп атам. Мына ушундай нерсени тїшїнбєгєн МАИ кызматкерлерин дароо жоготуш керек. МАИ кызматында эле эмес, ИИМдин органында иштебегендей кылганыбыз туура болот. Мен баса белгилеп айтып кетейин, ошол Мургабдын айдоочулары тїз эле мага кайрылсын. МАИ кызматкерлеринин значогу бар, ошону жазып туруп, сен аркылуу мага чыксын. "Момундай жерде туруп, мынча акча алды” деген маалыматты берсеўер?! Ошондой фактыларды чогултуп туруп, алып келсеў, аларга сєзсїз чара кєрєбїз. Бул єтє уят иш.

 

--Рахмат маегиўизге!

 

"Учур” гезити

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены