Барбарос жетим (видео)

Барбарос жетим  (видео)

Оомал-төкмөл замандарда ата-энеси Кытайда калган Байыт Ооганстандын Памириндеги туугандарынын колунда өсөт.

 

Жетимдиктин азабын далай тартып, жаштайынан ырдап жан багат.

 

1978-жылы ооган кыргыздары Пакистанга качканда кошо качып, азыр Түркиядагы Улуу Памир айылында жашайт. Ырларын көптөгөн окмуштуулар, анын ичинде Сулайман Кайыпов жаздырып алган.

 

Түрктөр анын атын паспортуна Абдылвахид Барбарос деп жаздырышат. Барбарос паша 15-кылымда туулган, теги грек, осмон түрктөрүнүн Жер Ортолук деңизинде басмайылын бекемдеген даңазалуу адмиралы болгон.

 

78 жаштагы Байыт аке "Жүз ыр билем, пара берсең ырдайм" деди. Мен соодалашып, ырына ыр менен жооп кайтарып жатып, бир-эки ырын жаздырып алдым.

 

Байыт Сатаркул уулунун аткаруусунда Ак Саткын менен Кулмырза ырынын оогандык вариантынан үзүндү.


Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены