Ата Журттан алыстагы боордошторго

Ата Журттан алыстагы боордошторго

Таруудай чачылдык, чаалыктык,
Бороондо буюккан аркардай,
Кыйырсыз чеги жок күтүүдөн,
Арылбас арманга кабылдык.

 

Тилекти, үмүттү артынып,
Бабалар кыялдан байышкан,
Тирликтин түгөнбөс чегинде,
Чет жерди жазданып калышкан.

 

Жыл өтүп жылдарга басылып,
Кылымдар кыясын карытып,
Кутман күн келерде кутпадан,
Келебиз кусалык артынып.

 

Күнөөнү кимдерге артабыз,
Күндөргө кайрылгыс жаттайбыз.
Андыктан келер күн кыйырын,
Үмүттө карайбыз, карайбыз.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены