Кайсыл жерде жашабайлы, жүрөгүбүздүн түпкүрүндө дайыма Кыргызстан жашап келет

Кайсыл жерде жашабайлы, жүрөгүбүздүн түпкүрүндө дайыма Кыргызстан жашап келет

Афганистандын Памир жана Түркиянын Ван аймагындагы бир ууч кыргыздар тууралуу эл арасында да, мамлекеттик деңгээлде да бир топ сөздөр жүрүп келүүдө. Быйыл өзүнүн туулуп-өскөн жеринен бир кезде туугандары менен Афганистанга көчүп кетүүгө аргасыз болгон Рахманкул хандын туулгандыгынын 100 жылдыгы Кыргыз өкмөтү тарабынан белгиленгени жатат. Бирок памирлик жана вандык кыргыздарды Кыргызстанга көчүрүп келүү тууралуу маселе коомчулукта далай ирет талкууланып, карама-каршы пикирлер айтылууда. Ал тургай чет жактагы туугандарыбызга жардам берүү боюнча далай бийик трибунада сөздөр болгон менен, алардын көпчүлүгү кагаз жүзүндө гана калып, ишке ашпай келатат. Вандык кыргыздар менен Түркиянын өзүндө кеңири сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болбосо да, жакында Бишкекке өзү келген Стамбул Kais jerd jash KG 1мэриясында иштеген вандык кыргыз, Кыргыз Түрктөрү Маданияты жана Жардамдашуу Фондунун башчысы Абдулметин Кескин менен маектеше алдык.

 

- Абдулметин мырза, алгач кыргызстандыктарга өзүңүзду тааныштыра кетсеңиз. Качан жана кай жерде туулуп-өсүп, учурда эмне менен алектенип, иш кыласыз?

 

- Биринчи кыргызстандык бир туугандарым менен саламдашууга мүмкүнчүлүк түзүп бергениңиздерге чексиз ыраазымын. Мен 1975-жылы Афганистандын Памир аймагында жарык дүйнөгө келдим. 3 жашка чыккан кезде Памирден Пакистанга көчтүк. Пакистанда 4 жыл жашадык. 7 жашымда Түркияга көчүп келдик жана 31 жылдан бери Түркияда жашайбыз. Вандын Эрчиш аттуу Kais jerd jash KG 2районундагы бир айылга жайгаштык. Айылдын аты Улуупамир деп аталат. Үй-бүлөм жана туугандарым ошол айылда турушат. Мен болсо 20 жылдан бери Стамбулда жашап келем. Бул жерде Стамбулдун ичиндеги Бүйүкшехир мэриясынын маданият иштери боюнча мекемесинде Борбор Азия өлкөлөрү боюнча эксперт болуп иштеймин.

 

- Быйыл Кыргызстандын өкмөтү Рахманкул хандын жүз жылдыгын белгилөөгө даярданууда. Муну Түркиядагы кыргыздар кандай кабыл алып жатышат?

 

 

-Түркияда да Рахманкул хандын 100 жылдыгына карата кээ бир иш чаралар жүргүзүлүп жатат жана жыл бою жасалат. Иш чаранын бул Kais jerd jash KG 3жылы эң алгач Кыргызстанда өткөрүлүүсүн каалаган элек. Ошондуктан Кыргызстандын парламентине бул тууралуу расмий жазуу түрүндө кат менен кайрылдык жана ал маселе парламентте каралып, алгачкы Рахманкул хандын 100 жылдыгына байланышкан программаны Кыргыз-Түрк Манас Университетинде уюштуруу чечими кабыл алынып, 26-апрелде илимий, тарыхый конференция өткөрүлдү. Бир канча айдан кийин Бишкектеги Т. Сатылганов атындагы Улуттук Филармонияда Рахманкул хандын 100 жылдыгына карата кеңири масштабда иш чара өткөрүлөт. Ошондой эле Түркиянын Улуупамир айылында жана Стамбулда 100 жылдыкка арналган маданий иш чаралар улантылат. Бул юбилейдин алгач Кыргызстанда өткөрүлүүсү биз үчүн өтө маанилүү, буга жогору баа берүү керек. Рахманкул хан - Кыргызстандын тарыхый китептеринде аты айтылган, көп адамдар тарабынан таанылган жана урмат менен эскерилген жогорку адамдык сапатка ээ инсан. Рахманкул хан айрым булактарда калкына зулумдук көрсөткөн жана күч колдонуп, элди эзген киши катары көрсөтүлөт. Бул маалыматтар Совет мезгилиндеги терс идеологиянын таасири астында айтылып келген. Жалгыз гана Рахманкул ханга эмес, ошол эле кезде кыргызстандык илим адамдары да мындай ак жеринен караланып, өкүнүчтүүсү, калк көзүндө кадыр-баркы түшүрүлгөн. Мунун эң көрүнүктүү мисалдарынын бири катары “Ата-Бейит” мазарына сөөгү койулган белгилүү инсандарыбыздын тагдыры боло алат. Кыргызстан парламентине иш чаралардын эң алгач Бишкекте өткөрүлүүсү боюнча чечим кабыл алгандыгы үчүн Түркиядагы Kais jerd jash KG 4кыргыздардын атынан ыраазычылык билдирем жана рахматыбызды айтам.

 

- Сиз Рахманкул хандын жээни катары ал инсан жөнүндө эмнелерди билесиз? Аны өзүңүз көрдүңүзбү?

 

- Рахманкул хан менин таякем болот. 1991-жылы мен 16 жаш кезимде ал дүйнөдөн кайтты. Рахманкул хандын сөздөрүн көп жолу уктум, анын бизге ар дайым айткан сөздөрү мындай болчу: “Биз Кыргызстандын Алай жергесинен Памирге келдик. Ал жакка кайра баруубузга кээ бир стратегиялык окуялар себеп болуп, көчүүгө мажбур болдук. Бирок, бүгүн Советтер Союзунун ичинде узун тарыхка ээ болгон мекенибиз бар, ал Кыргызстан. Келечекте Кыргызстан көз карандысыз өлкө болот, сөзсүз мекенге кайтып, мүмкүн болсо окууңарды ал жерде уланткыла, ал жакка кызмат кылгыла, себеби ал жер биздин аталарыбыздын жери” деп дайыма айтчу... Калкын дайыма ойлонгон жана колдогон мекенчил инсан эле ал. Ар дайым өзүнүн үй-бүлөсүнөн мурун элдин көйгөйүн чечип, ар дайым элди уккан жол башчы болчу. Жаш балдарды абдан жакшы көрчү. Бул айткандарымды Улуупамир айылынын баардык тургундарынан сурасаңар да кайталап беришинен күмөнүм жок.

 

- Рахманкул таякеңиздин үй-бүлөсү жана туугандары менен Кыргызстандан Афганистанга кеткен себеби эмне болду?

 

Kais jerd jash KG 5- Чындыгында кыргыздар чачылган жамаатка ээ болгон улутпуз. Мисалы, кыргыздар Кытайда, Тажикистанда жана ошондой эле башка өлкөлөрдө жашашат. Мен ушул суроону аталарыбыздан сураганымда мындайча жооп алгам. Илгери кыргыздар Кыргызстандан көчүп, Тажикистандын Мургап шаарында түнөшүп, андан соң Памир өрөөнүнө келишет. Андан соң Кашкар, Үрүмчү жана кайрадан Памирге келишет, ушундайча Памирде жашап калышат. Таякем да Памирде туулуп, ал жерди мекен кылып, Кичи Памир жана Улуу Памир аттуу эки аймак түзөт. Памирге көчүп барган кезибиз жөнүндө так маалымат жок, ал кезде эч кандай жазма булактар кодонулган эмес...

 

- Афганистанда кыргыздар кандай жашоо өткөрүп жатты?

 

Kais jerd jash KG 6- Памирде кыргыздар көбүнчө мал багып, жашоосун өткөрүшчү экен.

 

- 1979-жылы Рахманкул хан эмне себептен эли менен бирге Пакистанга көчкөн жана ал жерде кыргыздарды кандай кабыл алышкан?

 

- Рахманкул хан чындыгында журту менен Памирди айласыздан таштап кетүүгө мажбур болгон. Ал үчүн көп жылдар бою мекендеген бул жерлерден көчүп кетүү кыйынга турган. Көчүүсүнүн себеби, Советтер Союзу кезинде коммунисттик мезгил Памирде кыргыздарга кыйынчылык келтире баштаганда бул жерди таштап кетүүгө туура келген. Советтер Союзунун аскерлерине баш ийбөө үчүн, элине зыянын тийгизбөө үчүн Пакистанга көчүп кетүүгө чечим кабыл алган. Кичи Памир жана Улуу Памирде жашаган элин чогултуп, Памирде күн өткөн сайын жашоонун оорлошуп кеткендигин жана Совет бийлигинин бара-бара зордугу көбөйгөнүн, ошол себептүү Пакистанга карай жолго чыга тургандыктарын түшүндүрөт. “Силерди мени менен чогуу кетүүгө мажбурлабайм, бирок мен өзүм Пакистанга кетүүгө чечим кабыл алдым. Мага кошула турган адамдар болсо чогуу кетебиз, кетүүнү каалабагандарды мажбурлабайм. Бул жер кыргыздардын кылымдар бою жердеген мекени, мекенди таштап кетүү абдан кыйын. Мени менен кетүүнү каалагандар менен жолго чыгабыз”, - деп жолго даярданышат. Анын бул сөзүн уккан баары Рахманкул хан менен биргеликте жолго чыгышып, Пакистанга кирип кетишет. Ошол жылдары, эгер жаңылбасам, Пакистан өкмөтүнүн башында Захиршах турчу. Аны менен жолугушуу жогорку деңгээлде өткөндүктөн, Рахманкул хан жана эли кабыл алынып, жер берилип, турак жайга керектүү буюмдар менен камсыз кылынышат.

 

- Кээ бир булактар боюнча Рахманкул хан жер алуу үчүн АКШ жана Түркиянын жетекчилигине кайрылган. Андан соң эки өлкөнүн уруксаты менен Түркияны тандаган. Ушул маалымат туурабы?

 

- Рахманкул хан жана жанындагылары Пакистанда 4 жыл жашады. Бул окуяга мындайча караш керек. Чындыгында мен ал жылдары 3 же 4 жашта болчумун, элес-булас эстейм. Пакистан температурсы 40-45 даражадагы өтө ысык өлкө экенин билесиңер. Памир болсо орточо 15-20 даражадагы суук жер болчу. Абдан суук жерден өтө ысык жерге келүү ден соолукка толугу менен терс таасирин тийгизди, климатка көнүп кетүү абдан кыйын болду. Климаттын өзгөрүшүнөн улам Пакистанда бир топ адам көз жумду, ар түрдүү оорулар пайда болду. Муну жеңүү мүмкүн эместигин түшүнгөн Рахманкул хан аргасыздыктан климаты мээлүүн аймакка көчүү үчүн расмий кат жазды. Бул расмий каттардын негизинде АКШ жана Түркия тарабынан өлкөгө кабыл алынгандыктары жөнүндө кат келди. Рахманкул хан калкынын башчыларын топтоп, расмий каттарды көрсөтүп, кайсы өлкөгө кетүү тууралуу чечим кабыл алууларын айтты. Калктын бир тобу Рахманкул ханга чечимди өзү кабыл алуусун, ал эмне десе ошого макул боло тургандыктарын билдиришти. Рахманкул хан келечектеги муунду ойлоп, Ислам өлкөсү болгон боордош Түркияны тандады. Ошентип Түркияга көчө тургандыктарын айтып, Түркиянын ошол кездеги президенти Кенан Эвренге кат жөнөтүлдү. Түркия Жумурияты ушундайча кыргыздарды Пакистандан көчүрүп, Вандын Эрчиш жергесине жаңы турак-жайларды куруп, жайгаштырды жана баарыбыз Түркия жарандыгына кабыл алындык.

 

- Азыр Ван аймагында кыргыздардын саны канча жана алардын абалы кандай?

 

- Бүгүнкү күндө Вандын Улуупамир айылында 3500 чамасында кыргыздар бар. Эл жашоосун малчылык жана дыйканчылык менен өткөрүшөт. Жаштар окуп, кесип ээси болушкан. Алар андан ары Түркиянын ар кайсы дубандарында мамлекеттик кызматтарда иштеп жатышат.

 

- Түркиядагы кыргыздардын Афганистанда жашаган туугандар менен алака-байланышы барбы?

 

- Памирде жашаган кыргыздар менен дайыма мамиле түзөбүз, барып-келип турабыз. Буга чейин Памирден 15 кишини алып келдик, алардын чыгымы Түркия тарабынан каржыланды. Бирок памирлик туугандарыбыздын абалы абдан жакшы десек жалган болуп калат. Памирде жашоо мурункудай, дагы да кыйын шарттарда жашашат. Муну Кыргызстандын өкмөтү билет, парламентте да талкууланып жатат. Менин жеке пикиримди билгиңер келсе, Кыргызстанга келишсе жакшы болмок, бирок бир тараптан кыргыздар кылымдар бою жашаган жерлерин бош таштабоосу керек, бир башка сунушум, Тажикистан тараптан жол ачылса чоң көйгөйлөр чечилмек деп ойлойм. Ал жерде жашаган туугандарыбыздын эң башкы көйгөйү - билим алуу жана ден соолук маселелери болуп саналат. Бул эки маселе чечилсе, менимче алардын кыйынчылыктары жоюлмак деп ойлойм.

 

- Ушул маселе боюнча бизде ар кандай пикирлер болуп жатат. Түркиядагы кыргыздар Кыргызстанга келүүнү ниет кылышабы?

 

- Түркияда жашаган кыргыздардын чындыгында абалдары абдан жакшы, ар бир үйдө жаштар окуп, кесип ээси болгондор бар. Азыр Кыргызстанга келсек, бул жерде ал жактагыдай мүмкүнчүлүктөр болбойт. Бул менин жеке оюм. Биз бул теманы көп изилдедик. 30 жылдан көп убактан бери Түркиядабыз. Бул жердин шарттарына ылайык билим алдык, кесиптин ээси болдук. Жүрөгүбүздө Кыргызстандын ар дайым өз орду бар, Кыргызстанды ар дайым оозубузга алабыз, өлкөдөгү баардык окуяларга убагында көз салып турабыз. Кыргызстанда болгон баардык терс окуяларга капа болобуз, жакшылыктарга сүйүнөбүз. Кыргызстаныбыз дайыма өнүгүүсүн каалайбыз. Дайыма намазыбызда дуба кылабыз, кудай кааласа, Кыргызстанды эң сонун күндөр күтүп турат деп ойлоймун. Болгону карым-катнашты үзбөй, экономикалык, маданий багытта кызматташтыкты күчөтсөк деген тилек бар. Бир чети Түркия кыргыздарга боордош өлкө катары баардык шарттарды түзүп берүүдө жана келечекте да ушундай болот деп ишенем.

 

- Сөз соңунда, Кыргызстан өкмөтүнө же элине айта турган оюңуз?

 

- Кыргызстан ылайым ар дайым өнүгө берсин, кыргыз эли тынчтыкта жашоосун улантсын, мекенибизге тилегибиз ушул. Мындан тышкары Рахманкул хан атабыздын 100 жылдыгына карата иш-чараларды өткөрүп, бизге колдоо көрсөткөн Кыргызстан парламентинин депутаттарына Улуупамир айылынын атынан ыраазычылык билдиргим келет. Биз Түркияга расмий иш сапары менен келген Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушканыбызда биздин көйгөйлөрүбүздү чечүүгө жардам бере тургандыгын билдирди. Кыргызстандын Түркиядагы Элчилиги жана консулдугу менен үзгүлтүксүз байланышып турабыз. Балким жакынкы мезгилдерде Кыргызстанда борбордук кылып Рахманкул-хан фонду түзүлсө, мамилелерибиз дагы да жакындашат жана дайыма ар кандай темада байланышты күчөтөбүз деп ойлоймун… Буюрса, быйыл Бишкектеги Улуттук Филармонияда өткөрүлө турган Рахманкул-хандын 100 жылдык мааракесине чет өлкөлөрдөн көп сандаган илим адамдарын алып барабыз жана Улуупамир айылынан 10 же 15 адам барабыз деген ойдомун. Улуупамир аталышында өзүнчө көргөзмө болот. Бул маекте ойлорумду бөлүшкөн «Кабар» агенттигине (kabar.kg) жана Эмилбек Момуновго өзүмдүн жана Түркияда жашаган кыргыздардын атынан рахматыбызды айтамын.

 

“Кабар” МАБ

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены