Жарандыгы жок этникалык кыргыздар

Жарандыгы жок этникалык кыргыздар

Жарандыгы жок этникалык кыргыздардын саны 9 миңге жакын.

 

Этникалык кыргыздар жарандыкты алууда кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Бул тууралуу боордошторубуз өздөрү билдиришти. Андыктан Өкмөт Кыргызстандын жарандыгын алууну жеңилдетүүнү сунуштоодо. Маалыматка караганда акрыкы үч жылда Өзбекстандан боордошоторубуз көп болгон.

 

Эгемендикке ээ болгондон бери Кыргызстанга жалпы 50миңге жакын этникалык кыргыздар келишкен. Анын 80 пайызын Тажикстандан, келгендер түзөт. Негизги себеп, бул өлкөдө этникалык кыргыздарга мурдагыдай тиешелүү шарттын жоктугу болууда.

 

Ошол эле учурда акыркы 3 жылдан бери Өзбекстандан келген боордошторубуздун саны да көбөйгөн. Бул дагы кыргыздарга жергиликтүү бийлик тарабынан ыңгайсыз шарттардын түзүлгөндүгүнө байланыштуу экендигин Жаштар, эмгек жана миграция министри Алиясбек Алымкулов билдирди. Деген менен өз жерине келген этникалык кыргызардын бардыгы эле жыргап кетти дегенге да болбойт. Тескерисинче, 20 жылдап жарандыкты ала албай же паспорту жок, кыйналгандар көп экендигин Жамалдин Бадыров баса белгиледи.

 

Өкмөт деле кол куушуруп отурган жок. Учурда айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизип, этникалык кыргыздарга жарандыкты алууну жеңилдетүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Маселе Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитет жыйынында кеңири талкууга алынды. Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун айтымында чет өлкөдөн келген этникалык кыргыздар негизинен Бишкек шаарында жана Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарына отурукташкан. “Андыктан айрым көйгөйлөр жергиликтүү бийлик тарабынан чечилсе жакшы болмок”- деп кошумчалады Алиясбек Алымкулов. Жыйынтыгында эл өкүлдөрү мыйзам долбоорун колдоп беришти.

 

Угуу


 

Белгилей кетсек, республика боюнча өлкө жарандыгы жок этникалык кыргыздардын саны 9 миңге жакын. Алардын ичинен 4 миңден ашыгы Өзбекстан, 2 миң адам Тажикстан жана калгандары дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн келишкен.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены