Мургабдык кыргыздардын салттуу келек(элечек) баш кийимдери

Мургабдык кыргыздардын салттуу келек(элечек) баш кийимдери

Мургабдык кыргыздарда келектин (элечек) оролушу бир кыйла айырмаланып турат. Кыргызстандын аймагында кийилген элечек оролуу ыкмасында даярдалса бул аймакта чалуу ыкмасы таралган.

 

Азыркы мезгилде да бул аймакта 19-20 кылымдарда кийилип келген келекти кыз узатуу салтында колдонушат.

 

Мургап районунун жергиликтүү тургуну 1938-жылы туулган Казакбаева Мейиз байбиченин колунда чач кеп, бет жапкыч, дурия жоолук сакталып келет.

 

 

Булар келектин комплекстери болуп эсептелет. Тартиби катары бул комплекстер келек менен бирге кийилет. Чач кептин шуруларына шакектерди өткөрүп койгон. Шакектерди кыздары турмушка чыгып жатканда белекке беришкен. Баш кийим Мейиз байбичеге апасы тарабынан муундан-муунга берилип келген. Аны ушул мезгилде да кызды узатып жатканда кийгизишет. Кыз барган жерине келин болгондон кийин чач кепти апасына кайтарып берген. Себеби, кийинки кыздары да кийишкен. Келектин оролушу жана ага байланышкан ырым-жырымдары абдан кызыгууну жаратат. Мындай баш кийим башты жылуу кармаган, сулуулукту берген, ошондой эле келин экендигин билгизип турган. Бул кийим жайында күндүн ысыгын, кышкысын суук өткөрбөй Мургаб аймагынын жаратылыш шартына абдан ылайыктуу келген. Энеси кызды турмушка узатып жатканда ага келек оротуп берген. Аны оротууда көп балалуу, башы бүтүн (бир никедегини айтышкан) күйөөсү менен өмүр бою жашаган улуу курактагы байбичеге оротушкан.

 

1 2 3
Чач кеп 19 кылымга таандык Чач кептин шурусундагы шакектер Дурия жоолук 19-кылым таандык

 

Мындай ырым ушул мезгилде да сакталып келет. Анткени бардык эле ата-эне кызын барган жеринен бакыт айтып, бактылуу жашаганын каалайт. Ошондуктан баш кийимди ар кимге эле орото берген эмес. Ал эми атасы кызын узатып жатканда жоолук менен белин бекем бууп, тандырда бышкан эки тоголок нанды ошол жоолукка байлап берет. Мындай ырым барган жеринде ток болсун дегенди билдирген. Бир жагынан кыздын ата-энеси колунда бар адамдардан деген маанини да билдирип турган. Тартиби катарында турмушка чыга элек кыздар кийген эмес. Башка үй-бүлөөгө бүлө болгондон тарып кийип баштаган. Келек бир тартипте ак түстөгү кездемелерден даярдалган. Аза күтүү салтында келектин сыртынан кара жоолук жабышып каралуу аял дешкен. Ушул ырымды ашын бергенге чейин колдонушкан. Ашын бергенден кийин карасын алып кайрадан ак кездемеден келек ороп беришкен. Анын алдынан салынган жоолуктун ээгин бош таштап коюшкан. Бул болсо башы бош дегенди билгизген. Жолдошу барлары жоолуктун ээгин дайыма байлап жүрүшкөн.

 

4 5 6
Мургабдык Майиз байбиче небереси менен Келинди узатып жатканда кийилген келек. Мейиз байбиче ороду

 

 

Мургабдык кыргыздар ушул аймактын катаал шартына карабастан ата-бабаларыбыз мекендеген жер деп ыйык көрүп жашап келишет. Жашоо тиричиликке зарыл болгон кол өнөрчүлүк да мыкты сакталган. Ошону менен бирге салттуу кийимибиз келектин маанисин жоготпой муундан-муунга өткөрүп келиши баалуу мурас болуп эсептелет.

Комментарий

Байышов

Байышов

Среда, 04 Июня 2014 15:05

Класс!

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены