Памир кыргыздары менен учурашуу

Памир кыргыздары менен учурашуу

Өкмөттүк экспедиция гуманитардык жардам жеткиргенче Ооганстандагы Памир кыргыздарынан кабар алып келди. Ооганда Чоң жана Кичи Памир деп экиге бөлүнөт. Экспедиция эки бөлүнүп, эки Памирге барышты. Бул сүрөттөрдү "Азаттыктын" кабарчысы Али Токтакунов жана экспедиция мүчөлөрү Чоң Памирден тартып келишти.

1
Ооган Памириндеги кыргыздардын мурдагы хандарынын биринин уулу Ажирейим мырза учурда Ооганстандын Чек ара кызматында иштейт. Ал кыргызстандыктар менен памирлик кыргыздардын ортосундагы байланышты камсыздап турат. Депутат Мирлан Бакиров ага кыргыз чепкенин кийгизди.
2
Ооганстандагы Памир кыргыздары жана ооган чек арачысы.
3
Көзү өткөн ооган кыргыздарына куран окулууда.
4
Ооган Памириндеги кыргыздардын учурдагы аксакалдары 70 жаштын тегерегинде.
5
Экспедицияны памирликтер кой союп, чий боорсок, каттама нан, токоч жасап тосуп алышты.
6
Гуманитардык жүктү негизинен жаштар түшүрүштү. Аксакалдар жана бай адамдар кап көтөргөн жок.
7
Кыргыздар Ооганстандагы шаарларга түшүп, кийим-кечектен тарта керектүү буюмдарын малга айырбаштап алып турушат.
8
Памир суук, шамалы катуу. Эркектер жоолукка окшош кездемени ээктенип, жүзүн сууктан коргойт, жылуу кийинишет. Ошентсе да, сууктун айынан кулак-мурун жана муун ооруларына чалдыккандар көп.
9
Памирлик кыргыздардын өкүлү кыргыз бийлигинен мектеп, оорукана салып, дарыгер, мугалим бөлүп берүүнү өтүндү.
10
Айрымдарында уюлдук телефон бар. Телефон тарткан жерлерден сүйлөшүп турушат. Бирок көпчүлүгү телефонду музыка угуп, сүрөткө түшүү үчүн колдонот. Телефондогу программалар фарси тилинде.
11
Кыргызстандык экспедицияны каз-катар тизилип тосуп алышты. Алар "Тазасыңарбы?" деп учурашып, кучакташып көрүшөт.
12
Памирлик жаш балдардын сабаты жоюлган эмес. Айрымдары гана фарси тилинде кат таанышат. Аны өздөрүнөн улуу, сабаты жоюлган туугандарынан үйрөнүшкөн.
13
Ооган кыргыздарына жетиш үчүн Кыргызстандын Алай району аркылуу барып, Тажикстандын аймагын кесип өтүүгө туура келет.
14
Врач Индира айым жана "Азаттыктын" кабарчысы бейтаптарга дары таратып, түшүндүрмө берүүдө.
15
Мамлекет экспедицияга 3 млн. сом бөлгөн. Анын 2,26 млн. сомуна ун, кумшекер, туз жана самын алынган. Калганы айдоочулардын акысына коротулган.
16
Памирлик байбиче боз үйдөгү дарыгерге келатат.
17
Памирлик кыргыздар тажик-ооган чек арасындагы нейтралдуу аймактан тосуп алышты. Ага чейин бир күндүк, айрымдары эки-үч күндүк алыстагы кыштоолорунан түшүп келишти.
18
Делегация мүчөсү Бакыт мырза памирлик жигитке өз калпагын белек кылды. Айрым экспедиция мүчөлөрү өз буюм-тайымдарын, жылуу кийимдерин белекке берип келишти.
19
20
21
Памирлик кыргыз айымдарын жоолуктан айырмалоого болот. Ак жоолукту күйөөгө тийген аялдар салынат. Кыздар кызыл жоолукчан.
22
Памирлик аялдар көбүнчө кызыл түстүү кийим кийишет.
23
Суукка чыдамдуу топозду памир кыргыздары үйрөтүп минишет, этин жеп, сүтүн саап ичишет. Жүнүн да колдонушат.
24

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены