Кара-Балтадагы Таджикистандык качкындар (сүрөт)

Кара-Балтадагы Таджикистандык качкындар (сүрөт)

Кара-Балта шаарында кароосуз калган бала бакчанын имаратында көп жылдан бери Тажикстандын качкындары көп балалуу 18 үй-бүлөсү жашап келет.

 

Аймактык кабарчы маалымдагандай, бала бакчанын имараты Ключевая көчөсүндө жайгашкан, ал бош турган, 90-жылдары ал жакка биринчи мигранттар, Тажикстандан келген этникалык кыргыздар отурукташып башташкан. Акырындык менен эки кабат көчүп келген адамдарга толгон.

 

 

Алар тарыхый мекенине кайтып келгендер, көп убакытка чейин кыргыз жарандыгын ала алышкан эмес, учурда алардын документтери бар, бирок алар баары бир отурукташып калган жатаканада жашоону улантып жатышат. Бүгүнкү күндө бул жакта 18 үй-бүлө жашайт, алардын баардыгы көп балалуу, ар бир үй-бүлөдө 8ден бала бар.

 

1 2

 

«Мен бул жакка биринчилерден болуп 1999-жылы көчүп келгем. Бул имараттан баш калкалай турган жай таптык анан жашап калып калдык. Эң улгайган адам, менин апам -75 жашта. Биз чоң үй-бүлө менен жашайбыз. Албетте, кошуналар менен пикир келишпестиктер жана уруштар болот, бирок биз аларды өз алдыбызча чечүүнү үйрөнүп алдык. Баарыбызды учурдагы биздин абалыбыз бириктирип турат», - дейт жатакананын жашоочусу Жолдошбай Ибраимов.

 

3 4

 

Жолдошбай үй-бүлөсү менен башкалардай эле Тажикстандан Кыргызстанга жакшы жумуш табуу үчүн, жеке турак жайга акта табуу үчүн келген. Бирок, ошол убакыттан бери жатаканадан чыга алышкан эмес. Эркектер убактылуу иштерде иштешет, эмгек биржасына чыгышат, ал эми аялдар базарда соода кылышат.

 

5 6

 

«Биздин арабызда мамлекеттик кызмат адамдар жетекчилер жок. Бул жакта эч кимдин туруктуу жумушу жок. Биз бул жакта ар түрдүү жумушчулар, куруучулар болуп эсептелинет. Бул жакта бир да адам өзүнүн жеке турак жайына ээ боло алган жок», - дейт Жолдошбай.

 

7 8

 

Учурда жатакананын жашоочулары үчүн оор убакыт башталды. Биринчи кар жатакананын чатыры тешилип калгандыгынан кабар берди. Жаан жааса эле дайыма суу агат. Мындан тышкары, сезондук иштер аяктап жатат жана эркектер жазга чейин жумушу жок болушат. Үй-бүлөнү аялдар багышат.

 

10 11

 

Акыркы маалыматка ылайык, Кара-Балта шаарынын мэриясы сот аркылуу бала бакчаны муниципалдык жеке менчикке өткөрүп берүүнү пландоодо. Буга чейин ал «Солнышко» деп аталып келген. Бул имаратка мектепке чейинки курактагы 300 баланы жайгаштыруу пландалууда.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены