Ажы Абдылданын арманы

Ажы Абдылданын арманы

Түрдүү себептер менен Ата Мекенин, туулуп өскөн жерин-өз элин, тууган туушкандарын, таштап, башка өлкөлөргө баш калкалап, кеткен мекендештерибиз, туугандарыбыз дүйнөнүн бардык бөлүктөрүндө кездешет. Түндүктө 1916-жылкы үркүндү, түштүктө 1930-1936 жылдардагы козголоңдорду эске алсак, биздин урук туугандарыбызды жаңы түзүлүп келе жаткан совет өкмөтүнүн саясаты, мыйзамы туулуп өскөн жерин таштап кетүүгө аргасыз кылган. Массалык түрдө байларды, молдолорду камакка алуу, сүргүнгө айдоо, өлүм жазасына тартуу тынч жаткан элдин тынчын алып, алардын мүмкүнчүлүгүнө жараша бала-чака, тууган-уруктары менен башка өлкөлөргө баш калкалап, көчө баштаган.

 

1936-жылкы Чоң-Алайдан качкан качкындар менен биздин дагы бир топ туугандар : Мухарап ажы, Тоолубай ажы, Ажы Абдылда чабандес, анын туугандары Абдрашүт, Абдрасул, Абдилат, Абдыгапар, Кенже, Түмөнбай менин атам Мамажакып Тажикистандын Мургаб районуна баш калкалап жер которушкан. Мында дагы абалдынтынч эмес экендигин байкашып, Ооганстандын Памирине көчүп өтүшкөн.

 

Мында бир жыл жашап менин атам Мамажакып Жерге-Тал жактан ооп келген Генже Налпа Чоң-Алайдан кеген Халык ал кишинин балдары Боронбай, Орунбай, Садыр деген биздин тагаларыбыз менен Мургабда жолугушуп, азыркы Мургаб районундагы Жар-Башы Айылындагы жардын астындагы үңкүрлүрдө кыштап чыгышып, Чоң-Алайга кайра келишет (1946-1948-жылдары ошол жардын астында чоң үч үңкүр бар эле. Кийин кыштак түшүп үстүнөн күл төгүлүп ал үңкүрлөр жабылып калды). Ошол 1936-1938-жылдан баштап чек ара жабылып, бир туугандар: бири-бирин көрбөй, тагдырга таң берип, бир тобу Ооганда бир тобу Мургабда, бир тобу Чоң-Алайда тиричилик өткөрүп жашап калышты. Атамдын бир тууган эжеси Мухараб жезде менен ошол бойдон Ооган Памиринде калды. Оогандын кыйын шарттуу тоо арасында Улуу Памир, Кичи Памир деп ат коюшуп кичи Мекен тутуп жашап калышты. Чоң-Алайдан барган биздин 7-8 үй-бүлө туугандарыбыз ошол жерде өнүп-өсүп 50-60 үй-бүлө болуп калыптыр.

 

Туугандардын айтуусуна караганда Ажы Абдылда чабандес өмүрү өткөнгө чейин сооптук иш жасап, Пакистанга баруучу жолго үч мейменкана куруптур. Ооганстандан Пакистанга өтүүчү жолдогу дарыялардан унаа менен өтүүчү чоң көпүрө курдурткан. Өздөрү менен чогуу жашаган кембагалдарга, дайыма жардам берип, каралашып да турган. Мартабасы, бала-чакалуу болсо да, бул жалган дүйнөгө ыраазы болбой, туулган жерим, Ата Мекеним, Алайым деп жүрүп бул дүйнөдөн өтүп кетиптир. Алайга эртеби кечпи кетебиз деп-башка урууга кыз бербей, башка уруудан кыз албай, чогуу кетебиз деп жүрүп, арманда өтүп кетиптир. Бир гана карындашынын баласы, ал киши өткөндөн кийин кочкор уруусунан кыз алган экен. Ошол жээнибиз бүгүнкү күндө, Ооганстандын Кичи Памиринде калып кетиптир. Калган алайлык туугандар Түркияга көчүп кетишкен.

 

Ажы Абдылда чоң Абамдын арманы


Алай Алай болгону,
Алайга байлар толгону.
Туулган жерден айрылып,
Билбедим мындай болорун.
Арпа жала жерибиз,
Алайдан качып ар жакка.
Алайга жазган пейлибиз.
Куу талаа биздин жерибиз,
Туулган жерден куулуп
Кудайга жазган Бейибиз.
Көк –Суу биздин жерибиз,
Көп тейит биздин элибиз.
Кызыл- Эшме жерибиз,
Кызыл баш биздин элибиз.
Кымызын кыстап ичирген,
Суусуну болот Алайдын.
Бетегеси арбаса,
Кубаты болот Алайдын.
Жийде бурак жыттанган,
Арчасы болот Алайдын.
Оозуна Зам-Зам суусундай.
Булагы болот Алайдын.
Көк-Ала шибер көк майдан
Жерибиз калды Алайда.
Көп кызыл баш толкуган,
Элибиз калды Алайда.
Агала майдан атыр гүл,
Жерибиз калды Алайда.
Атактуу Тейит кызыл баш
Элибиз калды Алайда.
Кызыл эшме Кул өтөк,
Жерибиз калды Алайда.
Көп кызыл баш толкуган,
Элибиз калды Алайда.
Текелик менен Кош Кайың,

Жерибиз калды Алайда.
Атактуу Теит Кызыл баш ,
Элибиз калды Алайда.
Кызыл эшме кул өтөк,
Жерибиз калды Алайда.
Көп кызыл баш толкуган ,
Элибиз калды Алайда.
Текелик менен Кош Кайың,
Жерибиз калды Алайда.
Көз жашыны көлдөтүп,
Элибиз калган Алайда.
Большевик келип Алайга,
Байсың деп бизди кармады.
Алла талам куткарып,
Ооганга насип айдады.
Орустан качып Ооганга,
Туулган жерди таштадык.
Ач жылаңач ар жерде,
Өлүп кала жаздадык.
Алайдан качып Ооганга,
Келгенибиз чоң арман.
Эли жерден ажырап,
Калганыбыз чоң арман.
Кызыл эшме Көк-Сууну,
Кайрылып барып көрөмбү?
Туулган жерди көрө албай,
Кайгыда жүрүп өлөмбү?
Текелик менен Көк-Сууну,
Тегеренип көрөмбү?
Туулган жерди бир көрбөй,
Тентип жүрүп өлөмбү.
Ач болсомда Алайга,
Барып өлсөм арман жок.
Ата жерим бир көрүп,
Анан өлсөм арман жок.


Абдиш да чабандез ажы чоң абабыздын эли-жерине Алайга болгон сүйүүсүн, эңсөөсүн, туугандары менен бирге турган замандаштарын көзүнө жаш алуу менен эскеришет. Ошондой эле хан ажы Рахманкулду жалпы эле Ооганга, Пакистанга, андан кийин Түркияга келип, кыргыздардын башын бириктирип алпештеп атасындай болуп калгандыгын жаштар да карыялар да өтө урматоо менен айтышат. Хан Ажы Рахманкулдун адамкерчилигин, адамга болгон мамилесин, боорукердигин, кайрымдуулугун, акылмандуулугун, жаш-карыга болгон сый-урматын, башка өлкөлөрдүн жетекчилери менен болгон байланыштарын, дүйнөлүк көп тилди өздөштүрө билгендигин айтышат.

 

Стамбул канча кооз болсо да, анын өтө тыгыз жана бийик салынган имараттары көчөлөрдө дайыма көлөкө болуп турушу, деңиз жээгиндеги үйлөрдүн бир капталы суу ичинде тургандыгы таң калтырды... Дем алыш күндөрү деңиз жээгинде, кемелер, кайыктар менен жүрүп эс алуу салтка айланыптыр. Туугандардын чакыруусунда болуп алардын көөнүн кыя албай, алар менен бирге болууну артык көрдүм. Жалпысынан алганда Түркиядагы туугандардын жашоо шарты канчалык жогору болсо, да келечектери коркунучтуу экендигин айтып, өз Ата Мекени болгон Кыргызстанга кантип кетишин сурашат... Кыргыз кыздарынын түрктөргө, курттарга турмушка чыккандыгын, кыргыз мектеби жок экендиги, түрк тилинде, түрк мектебинде окуган уул-кыздарын, неберелеринин кыргыз тилин унутуп бара жаткандыгын өкүнүү менен айтышат. Кыргызстанга көчүрүп кетүүгө же, Улуу Памир Алайыбызга кыргыз мектебин ачып берүүсүн, «Кыргыз мамлекет башчыларына кабарлап койгула», - деп суранышат. Мага да «Биздин тагдырыбызга кайдыгер карабай, өтүнүчүбүздү Кыргыз мамлекет башчыларына жеткире көр», - деп өтө өтүнүштү. Менин сөзүмдү ким угат, - деп алардын суранычын четке какпай, айласыз алардын айткандарына макул болуп баш ийкедим...

 

Aziz ajy 2Бишкек-Стамбул-Улуу Памир.

Азиз Сейитбеков.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены