Генерал Достум памирлик кыргыздардын маселесин чечүүгө убада берди

Генерал Достум памирлик кыргыздардын маселесин чечүүгө убада берди

Афганистандагы “Айна” телеканалынын кабарлашынча, Афганистандын биринчи вице-президенти, генерал Абдурашид Достум памирлик кыргыздарды кабыл алып, социалдык маселелерин чечүүгө убада кылды.

 

Афган өкүлү жакында Түндүк Бадахшан провинциясындагы бийик тоолуу аймакта жашаган кыргыздардын аксакалдарын кабыл алган. Телеканал көрсөткөн кадрлардан кыргыздардын генералдын кабылдамасында олтурганын көрүүгө болот.

 

 

General Dostum1Дагы бир тасмада кыргыздарды жетектеп келген Абдурасул ажы деген киши вице-президенке ак калпак кийигизип, чапан жапканы тартылган.

 

“Кыргыздар генерал менен жолугушуу учурунда саламаттыкты сактоо, билим берүү, байланыш жана жол маселелерин козгоду”, - деп кабарлайт “Айна ТВ”.

 

Генерал кыргыздардын өкүлдөрүнө Афганистандагы кырдаал жакшырып калганын түшүндүрүп, эми мындан ары улуттук биримдик өкмөтү алыскы провинцияларда жашаган атуулдарына General Dostum2кам көрөт деп убада кылган.

 

Достум андан тышкары памирлик кыргыздардын маселесине өзгөчө көңүл буруу үчүн тийиштүү мекемелерге тапшырма берээрин айткан.

 

Памирде болжолу менен эки миңдей кыргыз жашайт. Алар жайгашкан жердин шарттары катаал жана деңиз деңгэлинен дээрлик төрт миң метр бийиктикте.

 

 

General Dostum3Кичи жана Улуу Памир аймагындагы кыргыздарга жардам берүү маселесин буга чейин Кыргызстандын өкмөтү да карап, бир нече жолу гуманитардык жардамдарды жеткирип келген.

 

Улутташтарын көрүүгө барган кыргызстандыктардын соңку экспедициясы памирлик кыргыздардын саны кескин түрдө азайып баратканын кабарлап келген.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены