Этникалык кыргыздарга акысыз жер тилкелери берилет

Этникалык кыргыздарга акысыз жер тилкелери берилет

Депутаттар тарабынан этникалык кыргыздарды паспорт алууда мамлекеттик алым төлөөдөн бошотуу зарылчылыгы белгиленет. Мындай сунуш көчүп келген этникалык кыргыздар үчүн жагымдуу шарттардын бири болот. Ушул жана башка этникалык кыргыздарга байланыштуу маселелер жана мыйзамдар туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу кеңири маек курду.

 

-Жогорку Кеңеш этникалык кыргыздар паспорт алганда мамлекеттик алым төлөөдөн бошотуу жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алды. Зарылчылыгы эмнеде?

 

 

Угуу

 

 

-Этникалык кыргыздар - чет өлкөдө жашап жаткан кыргыздар. Тарыхый мекенине кайтып келген кыргыздар деп, мыйзамда туура эмес жазылып калган экен. Тарыхый мекенине эмес, "Кыргызстанга кайтып келген" деп жазылса туура болот. Бул боюнча өзумдүн сунуштарымды киргиздим. Депутаттар дагы, өкмөт дагы макул болушту. Мындан ары Кыргыз Республикасына кайтып келүү жөнүндө мыйзам деп аталат. Тарыхый мекен деген тажикстандагы, ооганстандагы, кытайдагы, өзбекстандагы жерлери. Бүгүнкү күндө дүйнө кандай өнүгүшүн эч ким билбейт. Мүмкүн кыргыздын жерлери эртең кайра кошулуп калышы мүмкүн. Кыргызстанга келген этникалык кыргыздар жашаганга шарттары начар. Анан үстүнө тигил же бул кызмат үчүн акча төлөтүү ташбоорлукка жатат. Аларга акысыз кызматтар берилүү жөнүндө жаңы иштелип чыккан мыйзамда бекиттик. Мамлекет буларды алым төлөөлөрдөн бошотуш керек.

 

-Этникалык кыргыздар Кыргызстанга кайтып келүүдө кандай жеңилдиктер болушу керек?

 

-Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстандагы кыргыздар Кыргызстанга кайтып келүүгө даяр турушат. Ал эми Түркия менен Кытайдагы кыргыздардын жашоо шарты жакшы болгон үчүн алар анчейин келгиси жок. 2007-жылы кабыл алынган мыйзамдарга, өзгөчө этникалык кыргыздарга кепилдик берүү боюнча мыйзамдарга төмөнкү жеңилдиктерди киргиздик: аларга акысыз жер тилкелерди берүү. Акысыз жер тилкелерди алып үй куруп алышса болот. Мамлекет ошол үйдү акысыз өткөзүп берет. Үй курууда пайызсыз насыяларды берүү керек. Биз ушуну мыйзамга киргиздик. Мамлекет мойнуна алып жатат. Мындан тышкары республикада турак жай фонду бар. Социалдык үйлөрдү куруп жатышат. Ошол үйлөрдөн дагы кайрылмандар алса болот. Өзүнүн өлкөсүнөн буюмдарын алып келүүдө чек арадан акысыз өткөрө алышат. Жумушка кирем десе, мамлекет шарт түзүп берет.

 

-Ушул мыйзамдын күчү качан ишке кирет?

 

-Кудайга шүгүр Жогорку Кеңештин үч окуусунан бул мыйзам өттү. Азыр президенттин кол коюусуна кетти. Менимче, буга президент дагы каршы эмес. Мыйзамга кол коюлса эле, күчүнө кирет. Ашып кетсе бир ай. Бир жылдан баштап Жогорку Кеңеш көзөмөлгө алса болот.

 

Этникалык кыргыздарды мамлекеттер аралык келишим менен өз мекенине кайтаруу жолу каралганбы?

 

-Эки тараптуу келишимдер болуш керек. Мисалы, Өзбекстан менен өзгөчө сүйлөшүш керек. Ал жакта көп кыргыздар паспортторун, улуттарын алмаштырып коюшкан. Анткени кыргыз улутунда болсоң, эч бир жетишкендикке ээ болбойсуң. Ажыга да барыш кыйын болот экен. Тажикстан менен дагы сүйлөшүүлөр Мургаб, Жерге-Тал боюнча болуп жаткан. Бул маселе оор болуп жатат. Себеби жарандык согуштан кийин көп кыргыздар документсиз качып келген. Калгандары дагы келебиз деп жатышат. Бирок эң оор сүйлөшүү Ооганстан менен болуп жатат. Бул боюнча атайын Жогорку Кеңеште өкмөтүк комиссия түзулгөн. Эң кыйыны ал жерде туруктуу бийлик болбогондугунда. Ошондуктан ал жакка элчилик ачтык. Элчиге тапшырма берилген жаңы шайланган президент менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз деп. Ооганстандык кыргыздардан документтери дагы жок болгондуктан жергиликтүү туруктуу бийлиги менен сүйлөшөбүз.

 

-Кыргызстанга келген этникалык кыргыздар Ош жана Чүй областарында басымдуулук кылат экен. Аларды жер-жерлерге текши жайгаштыруунун жолу кандай?

 

-Эң туура. Бул маселени Жогорку Кеңеште өзүм сунуштадым. Ооганстандан көчүрүп келген кыргыздарды Чүй же Ош деп чөлгө жашатып коюш кыйын. Алар жер айдашты дагы билбейт. Мал багып жашашкан. Ошол себептен Нарынга же Баткенге жайгаштырсак болот. Баткенде чек ара бошоп жатат. Кыргыздар көчүп кетип жатышат. Ошол бош калган үйлөр кымбат эмес. Тажикстандан, Ооганстандан келген кыргыздарды ошол жерлерге жайгаштырса болот. Мына сага үй, жер, мал деп аларга шарт түзүп беришибиз керек. Мамлекет ушул тейлөөнү аткарыш керек.

 

 

aysuluu MFMАйсулуу Эсен кызы

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены