Эки кылымдын кезигүүсүн чагылдырган этникалык кыргыздар

Эки кылымдын кезигүүсүн чагылдырган этникалык кыргыздар

Бүгүнкү күндө этникалык кыргыздардын жашоо турмушу учурга салыштырмалуу 50-60 жыл артта калган. Аткени тоолуу аймактарда отурукташып, көп нерселерден чектелип калган. Маалыматтар боюнча 700 миңден ашуун этникалык кыргыз тарыхый мекенинен тышкары, дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчтарында жашап келишет. Негизинен алардын көбү коңшулаш өлкөлөрдө турушат.

 

Тактап айтканда, Өзбекстанда 370 000, Кытайда 160 000, Орусияда 42 000, Тажикстанда 56 000, Ооганстан менен Түркмөнстанда 2 000ге жакын кыргыз бар. Алардын ичинен Кыргызстанга көчүп келгендердин көбү Өзбекстан менен Тажикстандан келген боордоштор. Бүгүнкү күнгө чейин 41 миң этникалык кыргыздар КРнын жарандыгын алган. Бул тууралуу КРнын эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов маалымдады. Анын айтуусунда, 9 миң адамга эки жыл мөөнөттүк кайрылман макамы берилген. Алар балдарын мектепке жана бала бакчага берүү мүмкүнчүлүккө да ээ боло алышат.

 

Угуу


 

 

Эмгек, миграция жана жаштар министринин маалыматына ылайык, этникалык кыргыздарды өлкөгө көчүрүп келүү боюнча иш аракеттер болууда. Учурда тоолуу аймактар Алайга жана Нарын облусуна жайгаштыруу боюнча пландалды. Анткени этникалык кыргыздар тоолуу аба ырайы суук жерде жашоого ыңгайланышкан. Алардын абалын билүү үчүн жумушчу топ түзүлүп, 3 ирээт памирлик кыргыздарга барып келишкен. Көбүнчө тамак-ашы нан, сүт, сары май жана эттен даярдалат. Коон, дарбыз сыяктуу мөмө-жемиштерди көрө элек балдар бар. Ал эми кийген кийимдери колго тигилип, кыш мезгилинде аялдары жука кездемеден көйнөкчөн жүргөнүнө күбө болушкан. Кыргызстанда жиберилген кийимдерди кийишпестиги маалым болгон. Жашоо шарты катаал болгондуктан, эрте картайышат. 25 жаштагы жигиттер 40-50 курактагы адамдай көрүнүшөт.

 

Азыркы тапта журналист Жаңыл Жусупжан, Жерге-Талда этникалык кыргыздар боюнча өзүнүн изилдөөсүн жазып жүрөт. Журналист Памирдеги кыргыздардын көбүнчө маданиятына маани бергенин айтат. "Алар кыргыздын байыркы салт-санаа, үрп-адаттарын жоготпой сактап калышы мени кызыктырды. Оор шартта, тилин, дилин унутпай маданиятын жоготпой жашап келет. Негизги көйгөй медициналык жардамга аябай муктаж",- деди ал.

 

Жерге-Талдык Баян Шарипова аттуу кыргыз улутундагы аял, жердештеринин абалын кароосуз калган жаш балага салыштырды. Анын айтымында, аталган аймак Тажикстанга карагандыктан,, өз мекениндей эркиндик жок.

 

Кошумчалай кетсек, 31-мартта Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде “Эки кылымдын кезигүүсү” аталышындагы көргөзмө болду. Анда Памирде жашаган этникалык кыргыздардын жашоосун чагылдырган сүрөттөр орун алды. Көргөзмөнүн максаты - көрүүчүлөргө катаал турмушта күн кечирип келаткан боордош памирлик кыргыздардын жашоосун көрсөтүү.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены