Оштогу стадиондо 8 жылдан бери балдары менен жашаган аялдан мэриянын кызматкерлери журналисттер менен жолугушпа деп талап кылууда

Оштогу стадиондо 8 жылдан бери балдары менен жашаган аялдан мэриянын кызматкерлери журналисттер менен жолугушпа деп талап кылууда

Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Алмазбек Осмонов, шаардын борбордук стадионунда 8 жылдан бери жашап келе жаткан Калбүбү Жамиловадан, анын жалпыга маалымдоо каражаттарына маек бербөөсүн талап кылды. Бул тууралуу Калбүбү Жамилова аймактык кабарчыга билдирди. Анын айтымында, мэрия кызматкерлери Turmush басылмасына берген маеги канчалык деңгээлде чын экендигин сурашкан.

 

Ош шаарынын А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунда 8 жылдан бери эки баласы менен жашап жаткан Калбүбү Жамилова Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен маектешкен. Алар Тажикстандын Мургабынан 17 жыл мурда Ош шаарына көчүп келишкен.

 

«Силердин сайтынарга чыккандан кийин эле мэриянын аппарат жетекчилиги чакырды. Барсам "эмнеге маек бересиң, окуп чык" деп материалды колума берди. Андансоң мындан кийин эч кимге маек бербе деп чыгарып жиберишти. Ал эми биринчи вице-мэр Замир Аскаров чакырып, жер тилкеси бөлүнүп берилээрин, үй маселеси боюнча эч кандай убада бере албастыгын айтты», - деди К.Жамилова.

 

Ал эми мэриянын аппарат жетекчиси Алмазбек Осмонов бул маалыматты төгүндөп, Калбүбү Жамиловага жылпыга маалымдоо каражаттарына маек бербе деп айтпаганын жана ага жардам көрсөтүлө турганын билдирди. Маалымат тарагандан кийин бир нече адамдар тарабынан жардамдар көрсөтүлгөн.

 

Oshtog stadion 8jyl1 Oshtog stadion 8jyl3
Oshtog stadion 8jyl4 Oshtog stadion 8jyl5

 

- Мургабдан качан көчүп келдиңиз эле?

- Мургабда азчылык улут өкүлдөрүнө басым күчөп, 1997-жылы Ошко келгенбиз. Кыргызстанга өзүмдун бир тууган агам менен келгем. Ал оорукчан болгондуктан 3-4 жерде анын дары-дармегине, тамак-ашка, батирдин акчасына иштеп жүрдүм. Агам оорусунун айынан көз жумган. Андан кийин турмушка чыктым.

 

- Үй-бүлөлүк абалыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

- Турмушка чыгып эки балалуу болгондон кийин жолдошум каза болуп калды. Жолдошум каза болгондон кийин эки балам менен көчөдө калдым. Жумуш издеп, тааныштар аркылуу стадионду тазалоого жумушка кирип, ушул жерде жашап калдым. Эки баламды ушул жерде эле чоңойттум. Мен стадиондогу отургучтарды тазалап, стадионду шыпырып чыгам. Бул жерде менден башка дагы эки аял иштейт. Күнүнө 8 сааттан иштейбиз.

 

- Айлык акыңыз канча?

- Айлыгым 2,5миң сом, бирок колума 2065 сом алам. Айлыгыбызды бир аз көбөйтсө жакшы болмок. Азыркы заманда 2 миң сом эмнеге жетсин? Ундун өзү эле 1500 сом болуп жатса. Алган айлыгымдын 1 миң сомун батирге берем. Ал жер стадиондо спортчулардын кийим алмаштырчу жайы.

 

- Бул жерге акча төлөп жашайсызбы?

- Ооба, бул жерге айына 1 миң сом берип жашайбыз. Акыркы 5 айдын батир акысын бере элекмин. Айлыгымын миң сомун алып койсо, мен миң сом менен кантип жашайм?. Күнүмдүк тиричилик, сууга, электр жарыгына, таштандыга төлөйбүз. Чоң кызым мектепке барат. Уулум эки айдан бери акча жок бала бакчага барбай калды.

 

- Жашаган жериңиз суук эмесби?

- Кыш мезгилинде суук болгондуктан, үйдүн ичин ным тартып, шыптан суу тамчылап калат. Бул эски имарат, кулап кетүү коркунучу да бар. Бул жерден чыгып кеткенде каякка барып жашамак элек.

 

- Өкмөт тарабынан жардам көргөзүлдү беле?

- Жок. Мен келгенден бери 3 президент, Оштун мэрлери алмашты. Менин жашоом ошол бойдон. Баары эле бийликке келгенче жардам беребиз дейт да, анан кабылдамасына барсаң жакшылап угуп койгонго жарабайт. Мелис Мырзакматовдун убагында балдарымды жетелеп барганда, эки балама 5 миң сом берген эле. Өкмөт тарабынан 17 жылдан бери биринчи жолу быйыл Нооруз майрамында 3 миң сом беришти. Ошол бойдон эч кандай жардам жок.

 

- Сиз кайрылуу жасадыңыз беле?

- Бир жолу эмес, жүз жолу бардым. Эч кандай жыйынтык жок. Бир жолу азыркы мэрдин (Айтмамат Кадырбаев - ред.) иш бөлмөсүн кирип, үй сурасам, ”менин колумдан келбейт, президент чечет” деди. Шаардагы жарандардын көйгөйүн чечбесе, эмне кылып отурат ал жерде?. Мен кирип барганда, адам келдиби, кеттиби маани да берген эмес. Бизге Жапалактан жер тилкеси бөлүнгөн экен. Аны биз албай эле акчасы барлар сатып алышыптыр. Менин таанышым чалып, "документтерди чогултуп кел" деди эле, барсам "30 миң сом бер" дейт. Ошончо акчам болгондо бул жерде жашабайт элем да. Шаар мэрине кайрылат элем, бизге окшогон карапайым адамдарга жардам берип, кичине көңүл бөлүңүздөр.

 

- Балдарыңызга жөлөк пул аласызбы?

-Жок. Айлыгыңыз ашып кетет экен деп бербей коюшту. Алган айлыгым эки миң болсо кантип ашат?. Азыр чоң кызымдын жүрөгү ооруп жатат. Ооруканага көргөзгөнгө акчам жок. Кечинде уктабайт. Сабактары да начарлап кетти...

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены