Ван кыргыз аялдарынын өтмөк ритуалдары

Ван кыргыз аялдарынын өтмөк ритуалдары

Ар бир кишинин жашоосунда ар кандай окуялар, жаңы баскычтар, жашоосун жаңылаган, же жаңы багыт алган учурлары бар. Мындай өзгөрүүлөрдү кабыл алып, жана ошол баскычты басып өтүү учурларын социалдык илимдерде, тагыраак айтканда антропологияда «өтмөк ритуалдары» деп атап коюшат. Мисалы, бала жаңы төрөлгөндө бешикке салуу, кырктыгын чыгаруу, тушоосун кесүү сыяктуу ритуалдар баланын жашоосунда жаңылануу, жаңы башталгыч, жаңы кадам катары кабыл алынат.

 

Бул баянда Түркиянын Ван областына караштуу Улупамир айылында жашаган кыргыз коомчулугу тууралуу сөз кылгым келип жатат. Өзгөчө Вандык кыргыз аялдарынын жашоосундагы өтмөк ритуалдарын жөнүндө баяндап бермекчимин. Ванга жөн жерден эле барып калганым жок. Антропология бөлүмүндө окуганыма байланыштуу диссертациялык ишимдин темасын

 

Вандык кыргыздардын этникалык инденттүүлүгү тууралуу жазып жаткандыктан Ванга барып калдым. Этнографиялык талаа изилдөөсүнө учурунда мени кызыктырган социалдык факторлордун бири аялдардын коомчулуктагы статусу болду. Бул кызыкчылыгым Вандык кыргыздардын үйлөнүү-үлпөт тойлоруна күбө боло баштаганда дагы да артты, жана өзгөчө «өтмөк ритуалдары» көңүлүмдү бурду.

 

Van kg aialdar ritual1

 

Биринчи кезекте Вандык кыргыздарда аялдардын баш кийимдеринен алардын үй-бүлөлүк статусун аныктаса болот. Ак жоолук салынган аялдардын баары – турмуш кургандардан; кызгылт түстөгү жоолук болсо кудалашып койгон, сөйкө салып койгон жаш кыздарга тиешелүү болуп эсептелет; ал эми кызыл түстөгү жоолукту болсо, турмуш кура элек кыздар, бойдок аялдар салынышат. Бул социалдык эреже азыркы күндө да аткарылып келет. Албетте, жаш кыздар азык кызгылт жана кызыл түстөгү жоолуктарды аралаштырып салынууну адат кылып алышкан. Кудаланганы да, бойдогу да каалаган түстөгү жоолук тагына берет, бирок эч качан турмуш кура элек селки ак жоолук салынбайт.

 

Van kg aialdar ritual2 Van kg aialdar ritual3

 

Ванда өткөргөн бир жай ичинде 10 дон ашык үлпөт тоюна күбө болдум. Адаттагыдай, биринчи кезекте үлпөт үчүн абдан чоң даярдыктар талап кылынат. Тойдон эки-үч күн мурун айылдагы бардык тургундар чакырылат. Мал союлат, боорсок бышырылат жана эң башкысы келинди даярдашат.

 

Түркияда жашагандыктан Вандыктар кээ бир учурларда түрк элине тиешелүү болгон салттарды да аткарышат, Мисалы «Кына гэжэси» (Хна кечеси) деп аталган ритуалды өткөрүшөт. Үлпөткө бир күн калганда кыздын үйүндө курбулары, эже-сиңдилери жана жеңелери чогулуп, оюн-зоок уюштурушат, таттуулар таратылып, кыздын колуна хна сүртүлөт жана эртең мененкиге чейин байлап коюшат. Кыздын колуна хнаны кайын энеси же кайын эжелери, жеңелери боло турган аялдар сүртөт. Сүрткөн соң алаканына алтын тыйын коюп байлашат. Бул салт кээ бир учурларда гана аткарылат.

 

Van kg aialdar ritual4 Van kg aialdar ritual5

 

Негизги үлпөт кыздын үйүндө өтөт. Эркек тарап бир койдун этин бышырып, нанын, таттуусун алып, таң эртеден кыздын үйүнө барышат. Эркектер жана аялдар башка башка жерледе отуруп күйөө бала тараптан алынып келинген тамак-ашты жешет. Кыз бул учурда башка бир үйдө курбулары менен оюн-зоок куруп, ырдап, бийлеп жаткан болот. Келиндердин үйлпөт көйнөктөрү да ар кандай, көбүнчө кызгылт жана кызыл түстөгү көйнөктөрдү кийишет, кыргыз чепкен жана шапак деп аташкан баш кийим кийишет. Бул күнү дагы деле шапактагы жоолук же кызыл, же болбосо кызгылт түстө болот. Албетте ак үлпөт көйнөк кийген келиндер дагы бар.

 

Оюн-зоокто көбүнчө түрк же болбосо чыгыш музыкасы коюлат. Айылдагы аялдардын баары кызды зиярат кылышып, куттукташат, жакындары келип, шакек, сөйкө, шуру сыяктуу алтын буюмдарды тагышат. Бир нече убакыт өткөндөн кийин күйөө бала тараптан аял өкүлдөр, б.а. кайын эне, кайын эже, жеңе, тажеңелери кызга белек-бечкектерин бергени келишет. Алардын келе жатканын уккан кыз тараптан жеңелер кыздын жүзүн кызыл чепкен менен жаап, сүйүнчү сурап тоскоолдуктарды жаратышат. Албетте сүйүнчү берип келининин жүзүн ачтырып, алтындарын тагып, сүрөткө түшүп, бактылуулук көз ирмемдерин узатышат. Кыздын жеңелери бул учурда жанында болушат, колдорунда сөзсүз күзгү кармап, кыздын сулуулугуна кам көрүп турушат. Бул ритуал аяктаган соң кыз келин болууга бир кадам алдыга жылган болот. Мындан кийинки кадам болсо нике кыйуу салтында аткарылуучу ритуалдар.

 

Van kg aialdar ritual6 Van kg aialdar ritual7

 

Ритуалдардын бири «Кыз кыңшылатуу» деп аталат. Айта кетчү нерсе, нике кыздын үйүндө эмес, таптакыр башка уйдө кыйылат. Ал үйгө туугандар, тааныштар, бала-чака, эл-журт чогулуп кызды күтүшөт. Кызды жеңелери, сиңдилери узун, төрт чарчы кызыл материалдын алдына катып келишет. Материалдын алдында кыз курбулары жана сиңдилери менен жашынат. Үйдүн босогосуна келгенде, эркек ырчы балкондон (Ванда үйлөр эки кабаттуу) ыр ырдап, чачыла чачат. Ал учурда келиндер материалды желпилдетип турушат. Ал эми кыз курбулары жана сиңдилери менен ыйдын үнүн чыгарышат. Илгертен калган салт болуп эсептелген «кыз кыңшылатуу» кыздын ата-энесинин үйүн, эркелеп өскөн жерин таштап, жаңы үйгө бүлө болуп кетип баратканда сезимдерин билдирип ыйлоосун билдирет. Кыз ыйлап жатканда эркектин жеңелери желпилдеген материалдын астына кирип, келиндин үстүнө ак түстөгү материал жаап, башына ак жоолук коюшат. Мындан кийин үйгө кирип, нике кыйылат. Нике кыйылган учурда күбөлөр кыздын өзүнөн макулдук сурашат жана кыздын өкүлү катары кимди сунуштап жатканын билишет.

 

Van kg aialdar ritual8

 

Нике кыйылгандан кийин кыз кайрадан оюн-зоок болуп жаткан үйгө келип, кечти күтөт. Кеч киргенде болсо кыз ата-энесини үйүнө кайтат. Ал жерде атайын бир бөлмөгө көшөгө тартылган болот жана кызды ошол бөлмөгө алып киришет. Бир аз убакыттан кийин күйөө бала келет. Кыздын жеңелери болсо, күйөөнү оңой менен кыздын жанына киргизбей, эшикти бекитип алышат. Ал эми күйөөнүн жеңелери «күйөө келген жок, биз келдик» деп эшикти ачтырууга аракет жасашат. Ошентип келин менен күйөө бир бөлмөдө үлпөт күндүн аягында араң жолугушат.

 

Van kg aialdar ritual9 Van kg aialdar ritual10

 

Вандык кыргыздарда салт боюнча жаңы үйлөнгөндөр бир айга жакын кыздын үйүндө жашашат. Ал убакыттын ичинде күйөө бала кайындарынын көзүнө көрүнбөгөнгө аракет кылышы керек. Кечинде келип, таң эрте баары уктап жатканда кетип калуусу зарыл. Мындай салттын келип чыгышы Вандык кыргыздардын мурда Памир жайлоосунда бири-биринен алыс жайгашкан кыштактарда жашап, үйлөнүү тоюна алыстан келип, кызды дароо алып кетпестен, өздөрү дагы эс алып, анан айылдарына кайтканынан келип чыгышы мүмкүн деген божомолум бар.

 

Үйлөнүү-үлпөт тою бүткөндөн 2-3 күн кийин келиндин жоолугун алмаштыруу ритуалы ишке ашат. Ага чейин келин кызгылт же кызыл түстөгү жоолугун салынып турат. Ошол күнү кайрадан калкка тамак берилет. Күйөө бала тараптын жеңелери кызды ортого алышып, чачын бошотушат. Суулап тарайт, чачты экиге бөлүп өрө турган учур келгенде кыз чачтарынын түбүнөн кармап, чачтарын талашат. Кыздын жеңелери да ага «Талаш! Оңой бербе!» деп кубатташат. Чачтар экиге өрүлүп, учтарына чачбак тагылгандан кийин ак жоолук салыша башына. Кайрадан кыздын жеңелери »Алып тышта!» деп кызды тукурушат. Кыз 2-3 жолу ак жоолугун алып тыштагандан кийин жоолук салынат. Мына ошентип кыз келин жана үй-бүлөөлү аял статусуна ээ болот.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены