“Элден-Элге”: Памир кыргыздарын куткарабыз

“Элден-Элге”: Памир кыргыздарын куткарабыз

Бишкектеги жаш активисттердин тобу “Элден-Элге” аттуу коомдук уюм ачып, Афганистандын Памир аймагындагы кыргыздарга жардам берүү өнөктүгүн баштады. Уюмдун өкүлдөрү кыргызстандыктардан акча-каражат, азык-түлүк, дары-дармек жана жылуу кийим чогултуп күз айларында Памирге экспедиция жөнөтүүнү пландаштырышууда.

 

Бул топтун эң негизги максаты Памирликтерди сактап калуу дешет уюштуруучулар. Би-Би-Си Кыргыз кызматынын башкы кабарчысы Ибраим Нуракун уулу “Элден-Элге” коомдук бирикмесинин төрагасы, жаш хирург Орозбек Муратов жана уюмдун басма сөз катчысы, тамак-аш инженери Элвира Акимованы маекке тартып, адегенде “Памирлик кыргыздарга жардам өнөктүгүн баштоого эмне түрткү болду?” - деп сурады.

 

Орозбек Муратов: Былтыр мамлекеттик экспедициянын курамына кошулуп, Памирге барып келгемин. Алардын жашоо деңгээлин, акыбалын, саламаттыгын көрүп, көпкө чейин депрессия болуп жүрдүм. Көңүлүмө катуу тийди. Мага тилектеш адамдар менен чогулуп, памирликтерге жардамды күчөтөлү, ал үчүн коомдук уюм ачалы деп чечкенбиз. Жакында эле Адилет министрлигинин каттоосунан өттүк. “Элден-Элге” коомубуз эми Памирликтерге ар тараптан жардам берүү багытында иш алып барат.

 

Би-Би-Си: Памирге врач катары барыпсыз. Ал жердеги кыргыздардын саламаттыгына кандай мүнөздөмө берээр элеңиз?

 

Орозбек Муратов: Саламаттыгы өтө начар. Жөнөкөй гигиена жокко эсе. Колун, тишин жуубайт. Туура эмес тамактанышат. Тоолуу аймакта жашаган соң гипертониялык оорулар көп. Өздөрү “сездек оору” деп коюшат. Баары эле сийгек болуп калышат. Себеби, жука кийинишет. Кииймдери бүт синтетика. Ооруганда койдун майын сүйкөйт же ысытып ичишет. Болгон дарысы ошол. Калкынын саны боюнча так маалымат жок. Бирок мурда 4000 болгон экен. Киийн эки миң. Азыр бир жарым миңге чейин кыскарыптыр деп божомолдодук. Памирликтер азайып баратат. Жаш балдардын жана аялдардын өлүмү абдан жогорку деңгээлде.

 

Би-Би-Си: Жардам берүүнүн механизми кандай болот?

 

Элвира Акимова: Буга чейин памирликтерге мамлекеттик жардамдар болгон. Бул жолу жөнөкөй атуулдар чогулуп алып, жардамыбызды өз колубуз менен жеткирип берели деп жатабыз. Негизинен памирликтердин ден соолугун чыңдоо, экинчиси билим берүү багытында көмөктөшөбүз. Жылуу кийим, азык-түлүк, дары-дармек жана акча каражат чогултабыз. Калоочулар болсо биздин “Элден-Элге” уюмга кайрылса болот. Жардам берчүүнү каалагандар үчүн атайын реквизиттер, эсеп номурлары жазылган. Иштешүү үчүн волонтерлорду, спонсорлорду күтөбүз.

 

Elden Elge2«Элден-Элге» «Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкынан» (же KICB) атайын эсептер ачты - 1280096018825052 (АКШ доллары), 1280096018824850 (Кыргыз сому), 1280096018825153 (Евро). Андан тышкары социалдык тармактар аркылуу өнөктүк жүргүзүп жатабыз. Билим берүү багытында, азырынча, эки жаш педагог ошол жакка биз менен чогуу барып, памирликтердин кат-сабатын ачууга жардам бермек болуп жатышат. Буйруса, күз айларында Кыргыз өкмөтү менен бирдикте биз дагы коомдук бирикме катары Памирге жардам жеткирип келели деген ой-тилегибиз бар.

 


Би-Би-Си: Памирликтерге маал-малы менен жардам жеткирүү аркылуу эле ал жердеги көптөгөн маселелерди чечүү мүмкүн болбосо керек. Абалдан чыгуунун дагы кандай жолдору бар деп ойлойсуздар?

 

Орозбек Муратов: Колдон келсе көчүрүп келиш керек. Себеби, 4500 метр бийиктикте аларга жакшы шарт түзүп берүү өтө оор. Өкмөткө, эл аралык уюмдарга кайрылуу жасайлы деген ниетибиз бар. Аларга адегенде Кыргызстандын атуулдугун берип, андан соң жер бөлүп берип алып келсе болот.

 

Би-Би-Си: Бирок жер которууга памирликтердин өздөрүнүн көз карашы кандай? Аларды жүздөгөн малын, үй-жайын таштап Кыргызстанга көчүп келүүгө ынандыра аласыздарбы?

 

Элвира Акимова: Биз аларды көчүрүүгө чейин моралдык жактан даярдайбыз. Мисалы, картаны алып барып, Кыргызстан бул жакта жайгашкан, силер андан абдан алыс жашайсыңар деп көрсөтүп беребиз. Андан соң Кыргызстандагы жашоо-шартыңар жакшы болот. Силерде орточо жаш курагы аялдардыкы 42, эркектердики 45 жаш деп айтып, Кыргызстандагы өмүр узактыгы тууралуу жашоо-турмуш сапаттарын салыштыруучу маалыматтарды жеткиребиз. Жашооңор оңолот, балдарыңардын келечеги кең болот деп айтабыз.

 

Орозбек Муратов: Чынында эле аларды ынандыруу татаал болот. Себеби биз барганда кедейлер акырын келип, бизди алып кеткиле деп кулагыбызга шыбырап жатышты. Ал эми байлар малыбыз эмне болот? Үй-жайыбыз, жерибиз эмне болот? – деген суроолорду беришип, жер которууну анчейин деле каалабаганы көрүнүп турду. Памирликтердин арасында Кыргызстанга барсаңар орусташып кетесиңер, малыңар үчүн салык алышат дегендей сөздөр тарап кетиптир.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены