Тажикстандын Мургаб жана Жерге-Тал (Лахш) райондорундагы 84төн ашуун этникалык кыргыз студент Кыргызстанга келип, окуусун уланта албай жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда АКИпресс агенттигинде өткөн маалымат жыйында «Кызматташуу» коомдук уюмунун төрагасы Зайнидин Тагаев билдирди. Ал памирлик кыргыздардын атынан президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, билим берүү жана илим министри Болотбек Купешовго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды. Тагаевдин айтымында,…