Тажикстандагы этникалык кыргыз студенттер Кыргызстандагы окуусун уланта албай жатышат (видео)

Тажикстандагы этникалык кыргыз студенттер Кыргызстандагы окуусун уланта албай жатышат (видео)

Тажикстандын Мургаб жана Жерге-Тал (Лахш) райондорундагы 84төн ашуун этникалык кыргыз студент Кыргызстанга келип, окуусун уланта албай жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда АКИпресс агенттигинде өткөн маалымат жыйында «Кызматташуу» коомдук уюмунун төрагасы Зайнидин Тагаев билдирди.


Ал памирлик кыргыздардын атынан президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, билим берүү жана илим министри Болотбек Купешовго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды.


Тагаевдин айтымында, Тажикстандын Мургаб жана Жерге-Тал райондорунда 360 миңден ашуун этникалык кыргыз жашайт. Алардын ичинен 84төн ашуун студент Кыргызстандагы жогорку окуу жайларында билим алып келишкен. Учурда жаңы окуу жылы башталганына карабай, кыргыз-тажик чек арасы жабык болгонуна байланыштуу, алар окуусун уланта албай жатышат.


Тагаев студенттерге чек арадан мыйзамдуу өтүүнү уюштуруп берүүнү суранууда.


Ошондой эле «Энке-Чокон» улуттук көчмөндөр оюндарынын федерациясынын президенти Нурмухаммед Абдалимов бул маселе менен Билим берүү жана илим министрлигине кайрылышканын айтты.


«Билим берүү жана илим министрлиги Тышкы иштер министрлиги менен сүйлөшүп жатыптыр. Маселе чечилерин айтып жатышат. Бирок чын эле чечилеби, бизге белгисиз. Студенттер программадан калып, окуудан четтетилип же академиялык тыныгуу алышы мүмкүн. Академиялык тыныгуу алган кыздар турмушка чыгып кетиши мүмкүн», - деди ал.


Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены