Жогорку Кеңештеги "Ишеним" фракциясынын 17-марттагы жыйынында депутат Чолпон Султанбекова Ооганстандагы кыргыздарды алып келүү маселесин көтөрдү. Ал Файзабад шаарында 65 памирлик кыргыз бир канча убактан бери паспорт алалбай, Кыргызстанга келе албай кыйналып жатканын билдирди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин өкүлдөрү Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте аларды алып келүү аракети уланып жатканын айтты. "Аларга паспорт алып берүү боюнча министрликтен 500 миң…