Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын жогорку окуу жайларында акысыз окуу үчүн бюджеттик орундарга сынак жарыяланды. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, сынакка этникалык кыргыздар – Тажикстан, Өзбекстан, Кытай, Түркия, Казакстан республикаларынын жарандары катыша алышат. Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү документтерди бериши кажет: 1. Министрдин орун басарынын атына арыз; 2. Анкета; 3. Паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн (эгер талапкер паспорт ала…