Аалам чокусу деп аталып калган Памирдин асман мелжиген бийик тоолорунун арасынан орун алган Мургаб районунда төрөлүп өскөн акын, Тажикстан Журналисттер кошуунунун мүчөсү Султан Парманов менен "Советтик Кыргызстан" (азыркы "Кыргыз Туусу") гезитинде иштеп жүргөн жылдары Тоолуу Бадахшан автоном облусунун курамындагы улутташтарыбыз мекендеген аймакта окурмандардын жолугушуусуна катышуу максатында барган учурда таанышкан элем. Анда ал партиянын Мургаб райкомунун уюштуруу бөлүмүн жетектеп турган кези…