Мургаб кыргыздары Ооганстандагы абалга кабатыр жана Мургаб кыргыздарынын көйгөйү

Мургаб кыргыздары Ооганстандагы абалга кабатыр жана Мургаб кыргыздарынын көйгөйү

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун курамындагы Ооганстан менен чектешкен Мургаб районунда жашаган кыргыздар коңшу өлкөдөгү окуяларга кабатырлануу менен карап турат.


Алардын учурдагы абалы тууралуу ошол жерде төрөлүп өскөн, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөндөн кийин көптөгөн республикалык гезиттерде эмгектенген, азыркы учурда "Жаңы ордо" гезитинин башкы редактору, таанымал журналист Зулпукар Сапановду кепке тарттык.


- Зулпукар мырза, Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун курамындагы кыргыздар отурукташкан Мургаб району Ооганстанга чектеш жерде экени маалым. Өзүңүз дал мына ошол жерде төрөлүп өсүптүрсүз. Жердештериңиздин азыркы абалы кандай экен? Кабарлашып турсаңыздар керек?


- Албетте, кулагыбыз ошол жакка бурулган. Мургабдагы кыргыздардын жашоо-турмушу кийинки кезде бир кыйла оорлогон. Буга эң оболу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жолдун карантинге жана быйылкы чек ара чырына байланыштуу тосулуп калышы себепкер болду.


Ал жердеги кыргыздардын турмуш-тиричилиги Кыргызстандын Ош облусу менен байланышта болуп келген. Жолдун тосулушу аларды каатчылыкка кириптер кылды. Ал эми Ооганстанда болуп жаткан башаламандыктар анчейин таасир этпегени менен кайсы бир деңгээлде кооптондурууну жаратып койду. Бүткүл дүйнө кыжаалат болуп жаткан учурда алар деле кооптонуп турушат болуш керек.


- Ооганстанга чектешкен бийик тоолордон Мургаб тарапка ээн-эркин өтүп кире турган ашуулар бар деп жатышпайбы?


- Туура, ошондой жерлер бар. Ал жерлерде тээ союз доорунда да тикен зым тартылган эмес. Асман тиреген ак мөңгүлүү тоолор эки өлкөнү бөлүп турат. Анда эч кандай тосмо орнотулган эмес. Кышында бийик тоолорду калың кар басып, ашуулар биротоло жабылат. Талибдер Памирдеги ооган кыргыздарына ошол ашуулардан ашып түшүшкөн. Алардын Памирге жетип келгени чек арага жакын Мургаб районундагы кыргыздарды да ойлонтту.


Мургаб кыргыздарынын көйгөйү

- Эң негизгиси – бул кыргыз мектептеринде окуу куралдарынын, мугалимдердин жетишсиздиги. Бул маселе союз доорунда жакшы эле чечилип турган. Тилекке каршы, азыр андай болбой калган. Эгерде Кыргызстан буга астейдил көңүл бурбай таштап койсо, анда ал жердеги кыргыздардын улан-кыздарынын билим алуусу ого бетер начарлайт. Кыргыз тилинде окуткан мектептердин саны бара-бара азайышы да ыктымал.


Экинчи көйгөй – бул эки өлкөнүн окуу программалары боюнча макулдашууларды жүргүзбөй келатышканы. Эки өлкөнүн Билим берүү министрликтери бул маселеге олуттуу көңүл бурушу зарыл болуп турат.


Үчүнчү көйгөй – бул кыргыздардын улан-кыздарынын Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда окуп билим алуу маселеси. Бул боюнча квоталар берилген. Бирок Кыргызстанга келип сыноодон өтүү талабы ал жактагы кыргыздар үчүн өтө көп кыйынчылыктарды жаратууда. Ырас, былтыртан бери карантинге байланыштуу биздин абитуриенттерди кабыл алууну Кыргызстандын Дүйшөмбү шаарындагы элчилиги уюштуруп жатат. Бирок ал жакка жетиш да мургабдык жаштарга оңой эмес.


Алыс жердеги башка өлкөдөн барып сыноодон өтүш үчүн абдан көп каражат сарпталат. Андай каражат кыргыздардын бардыгында бар деп айтуу кыйын. Көп акча сарптап келип сыноодон өтпөй калгандары кантет? Сыноо ошол райондо өткөрүлүп, татыктуулар калыстык менен тандалса, эң жакшы камкордук болор эле. Тилекке каршы, Атамбаевдин доорунда кыргыздарга зыяны тие турган ушундай пайдасыз чечим чыгарылып калган.


- Жерге-Талда кыргыз тилиндеги жер-суу аттары тажикче аталып калды. Мургабда деле ошондой болдубу?


- Ошондой болуп жатканын жердештеримден угуп жатам. Тарыхый мааниси бар бул маселени мамлекеттер аралык деңгээлде акылдаша турган назик маселе деп айтаар элем.


- Жакында белгилүү этнограф, тарых аалымы Сулайман Кайыпов Бадахшандын Сары-Колундагы, Ооганстандын Памириндеги кыргыздарды көчүрүп келүү жаатында өзгөчө пикирин айтып, кызуу талаш-тартыш жаратканын билесиз. Бул тууралуу сиз кандай пикир айтасыз?


- Мен Сулайман Кайыпов агайдын айткандарын колдойм. Туура, атам замандардан бери жашап келаткан ал кыргыздардын билим алуусун, медициналык жактан тейленүүсүн ж.б. шарттарын камсыздап берсек, алар ошол кыргыздар жашаган Ооганстандын Памириндегидей эле катаал шартка көнүп, өзүлөрүнүн маданиятын, тарыхын, улуттук өзгөчөлүктөрүн сактап жүрүшпөйбү.


Памирдеги кыргыздарды көчүрүп келгенде алар бул жерде ошол баалуулуктарын, мекендеген жерлерин жоготуп коюшат. Мисал үчүн Тажикстандан көчүп келген кыргыздардын бул жердеги жашоо турмушун көрүп жүрөбүз. Көпчүлүгүнүн тиричилиги азырга дейре оңолбой, маданий өзгөчөлүктөрү акырындык менен жоюлуп баратат.


- Сиздердин Мургабдан деле бир топ үй-бүлөлөр Чүй бооруна көчүп келгенин билебиз. Фонд уюштуруп, ынтымагын бекемдеп алышкан деп угабыз. Ошол тууралуу айтып берсеңиз?


- Туура, бир нече үй-бүлө көчүп келген. Адегенде абдан кыйналышты. Анткени, бизде көчүп келген соң "өзүң этпеп жашай бер эми" деген мамиле жасалып жатпайбы. Ошондой болсо да мургабдыктар баштарынан оор күндөрдү өткөрүп жүрүп, азыр ал кыйынчылыктарды жеңди десек болот. Кийинчерээк келгендер азыр деле кыйналып жүрүшөт. Ушундай болуп жатса да көчүп келүүнү самагандар бар ал жакта. Мамлекет көчүп келгендерге жок дегенде там сала турган алакандай жер тилкесин белек кылса, абдан сооп болмок.


- Зулпукар мырза, "адегенде жериңди, турак жайыңды камдагандан кийин гана улутташтарыңды мекениңе чакырышың керек" деген пикиримди көп жылдан бери байма-бай айтып келем. Себеби, куру чакырыкка ишенип келип алган көптөгөн жердештеримдин ондогон жылдардан бери оңолбогон турмуштарын көрүп жүрөм. Бул пикирге кошуласызбы?


- Эң жакшы пикир. Абдан туура айтып жатасыз. Жер үлүшү да, үйү да жокторду көрүп, менин да боорум ооруйт. Мургабдык, памирлик кыргыздар көчүп келсе, аларды шартка көнүктүрүү максатында тоолуу районго жайгаштыруу керек деген сөздөр айтылып жүрөт.


Климаты катаал жерде жашаган кыргыздарды шарты начар жерге жайгаштыруу жакшыбы? Ооганстандын Памиринен келгендерди алыскы Чоң-Алайга алып барып отурукташтырышты. Бул жердин климатынын катаалдыгы деле Мургаб менен Памирдикинен кем калышпайт. "Катаал жерден кутулуп, жылуурак жерди эңсеп келсек, сууктан каткан колубуз мында деле жумшарбай жатат" деп айтып жүрүшөт байкуштар. Айтор, азаптан алып, кайра тозокко туш кылгандай эле мамиле жасалып калды аларга деп айтар элем.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены