Этникалык кыргыздар үчүн ЖОЖдо акысыз билим алууга сынак жарыяланды

Этникалык кыргыздар үчүн ЖОЖдо акысыз билим алууга сынак жарыяланды

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын жогорку окуу жайларында акысыз окуу үчүн бюджеттик орундарга сынак жарыяланды.


Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, сынакка этникалык кыргыздар – Тажикстан, Өзбекстан, Кытай, Түркия, Казакстан республикаларынын жарандары катыша алышат.


Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү документтерди бериши кажет:

1. Министрдин орун басарынын атына арыз;

2. Анкета;

3. Паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн (эгер талапкер паспорт ала элек болсо) орус тилине же кыргыз тилине которулуп, нотариустан тастыкталган көчүрмөсү;

4. Тиркемелери менен кошо билими тууралуу документтин (аттестат же диплом) орус тилине же кыргыз тилине которулуп, нотариустан тастыкталган көчүрмөсү;

5. Билим деңгээли тууралуу маалым кат (Казакстандын жана Тажикстандын жарандарынан башкаларга Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинде берилет);

6. Үй-бүлөсүнүн курамы тууралуу маалым кат;

7. Талапкерлердин академиялык чөйрөдөгү жетишкендиктерин тастыктай турган сертификаттар, грамоталар, дипломдор;

8. 086-у медициналык маалым каты;

9. ВИЧ/СПИД жоктугу тууралуу маалым кат;

10. 3х4 форматындагы 6 сүрөт.


Этникалык кыргыздардын – Кыргызстандын аймагында жүргөн чет мамлекеттердин жарандарынын документтерин кабыл алуу КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2021-жылдын 30-августуна чейин жүзөгө ашырылат.


Документтерди төмөнкү дарек боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кагаз жүзүндө берүүгө болот: Бишкек шаары, К.Тыныстанов көчөсү 257, Эл аралык кызматташуу жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү бөлүмү, тел.: +996 312 621519, күн сайын саат 14:00дөн 17:30га чейин.


Көңүл буруңуздар: Документтери толук эмес болгон, же болбосо документтерди кабыл алуу аяктагандан кийин берилген өтүнмөлөр каралбайт.


Тажикстан, Өзбекстан, Түркиянын аймагында жүргөн этникалык кыргыздардын документтерин кабыл алуу ошол өлкөлөрдүн аймагында жайгашкан Кыргызстандын элчиликтери тарабынан жүзөгө ашырылат.


Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги:

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү – 2021-жылдын 30-августуна чейин.

Кабыл алуу убактысы: саат 14.00дөн 16.00гө чейин.

Кошумча маалымат үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: Ташкент шаары, Мирзо-Улугбек району, Ниёзбек йули көчөсү, 6-проезд, 30-үй, тел.: +998 712374796, +998 909009214, e-mail: kgprotocol.uz@gmail.com


Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги:

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү – 2021-жылдын 30-августуна чейин.

Кабыл алуу убактысы: саат 14:00дөн 16:00гө чейин.

Кошумча маалымат үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: Дүйшөмбү шаары, С. Носиров көчөсү, 56 «А», тел.: +992 887782223, e-mail: kg@kgembassy.tj


Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги:

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү – 2021-жылдын 25-августуна чейин.

Кошумча маалымат үчүн Элчиликтин атташеси Бакытбек Бегимайга 0312 491 35 06 (07) телефон номери же b.bakytbek@mfa.gov.kg электрондук почтасына кайрылыңыз.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены