Кандай да болсо каражат табуу аргасы пенде баласын эмне деген тоскоолдуктарга кабылтпайт. Бурулкан Бакееванын аңгемесинде азыркы жашоо-турмуштагы татаал тагдыр, чиедей балдарын кантип багуунун аргасын издеген келиндин аракети сүрөттөлөт. "Баңгизатты кайда бекиттим?" Бул суроого жоопту окурман бериши керек. Автордун өзү да табышмактын жандырмагын туюк калтырып: "Кунт коюп окуган адам оңой эле таап алат" деп сыр капкагын ачпай, "ким таап алса, детектив…