Этникалык кыргыздар

Мамкызматта иштеген Ван (памир) кыргыздары көбөйүүдө. Кандаштарга жасалган экспедиция

Мамкызматта иштеген Ван (памир) кыргыздары көбөйүүдө. Кандаштарга жасалган экспедиция

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Түркиянын Ван аймагына илимий экспедиция уюштурган. Окумуштуулар кандаштардын үрп-адаты, кийими, тамак-ашы, маданияты тууралуу материал чогултуп келишти. Кыргызстан редакциясында конокто тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин башкы адиси Атыркүл Сейизова, тарых илимдеринин кандидаты Назира Момунбаева жана тарых илимдеринин доктору Октябрь Капалбаев болду. Түркиянын Ван провинциясына уюштурулган…

Мургабды жана Каратегинди тажикче атоо сунушталды

Мургабды жана Каратегинди тажикче атоо сунушталды

Тажикстандын тил комитети этникалык кыргыздар көп жашаган Мургаб районун Маргеб жана Каратегин аймагын Раштонзамин деп өзгөртүүнү сунуштады. Тажик өкмөтүнүн алдындагы Тил жана терминология комитети өлкө аймагындагы 12 миңден ашуун калктуу конуштун, анын ичинде райондор менен айылдардын аталыштары тажик тилинин ченемдерине жана эрежелерине туура келбей турганын билдирди. Алардын 5 миңден ашуунун өзгөртүү сунушталып жатканын Тил жана терминология комитетинин төрагасы Олимжон Мухаммаджонзода…

Матек аванын макалдары

Матек аванын макалдары

XX кылымда Сары-Кол өрөөнүндө Матек Кулмат уулу деген адам өткөн. Ал киши сексенден өткөн жашында бул жарык дүйнө менен коштошкон. Матек ава, ар бир сүйлөгөн сөзүндө макалдарды кошуп сүйлөп, сөзүнүн көркүн ачып турар эле. Ошондуктан бул аксакалдын ар бир айткан сөзү таасирдүү да, жагымдуу да болор эле. Сары-Кол жергесинде ал киши айткан макалдар, таамай, учкул сөздөр эл арасына сиңил, элдик…

САРЫ-КОЛ: Эл аралык балдарды коргоо күнү (сүрөт)

САРЫ-КОЛ: Эл аралык балдарды коргоо күнү (сүрөт)

Балдарды коргоо күнүнө карата Мургаб районунун Кызыл-Рабат жамаатында жакын арада №2 жана №11 окуу жайларынын жогорку класстын окуучуларынын спартакиадасы болуп өттү. Спорттук мелдештер волейбол, баскетбол, шахмат, стол тенниси, узундукка секирүү, бийиктикке секирүү, 100 жана 400 метрге чуркоо боюнча өткөрүлдү. Бул иш-чаранын жыйынтыгында №2 мектептин окуучулары 1441 упай менен 1-орунга, №11 мектептин окуучулары 1398 упай менен 2-орунга ээ болушту. Окуучулар сертификаттар…

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Жайыл жана Панфилов районундорунда жашап жаткан этникалык кыргыздар менен жолугушту (сүрөт)

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Жайыл жана Панфилов районундорунда жашап жаткан этникалык кыргыздар менен жолугушту (сүрөт)

Бүгүн, 17-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Кара-Балта шаарына барып, башка өлкөдөн жер которуп Жайыл жана Панфилов районундоруна олтурукташкан этникалык кыргыздар менен жолугушту. Жолугушууга эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев, санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева жана Жайыл районунун акими Төрөгелди Түркбаев менен Панфилов районунун акими…

Кайрылмандарыбыз камкордуксуз калган жок

Кайрылмандарыбыз камкордуксуз калган жок

Ош облусунун Алай, Чоң-Алай райондорунда жашаган памирлик кыргыздардын абалына мониторинг жүргүзүп келишкен Акыйкатчы А.Абдрахматова жетектеген топ, мамлекеттик органдарды андагы көйгөйлөргө көңүл бурууга чакырды. Ушуга байланыштуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин миграция маселелери боюнча башкармалыгынын начальниги Жыпара Мамбетованы кепке тарттык. - Жыпара айым, өткөн жылы Памирде жашаган кыргыздарды белгисиз дарт каптап, бир тобу каза тапкандыгы боюнча маалымат тараган. Быйыл ал…

Страница 3 из 126