Тоолуу аймактагы тургундардын пенсияга чыгуу маселесин мамлекет 15 жылдан бери чече албады. Сары-Моголдогу Мамлекеттик жер фондунун эсебиндеги жерди элге үлүш катары бөлүштүрүү аркылуу тургундарга пенсия чегерсе болоорун адистер айтышат. Бул ишти ким жасашы керектиги калкка беймаалым. Жергиликтүү бийлик жогору жак чечет десе, борбордук бийлик айыл өкмөтүнө шылтайт. Ортодо турган өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү болсо бизге “расмий” кат келбеди деп алакан…