Дүйнөнү велосипед менен кыдырып жүргөн франциялык турист Камиил Фабри (Camille Fabre) 9 ай жол жүрүп, Кыргызстанга келди. Ал дүйнөдөгү эң тоолуу мамлекет — Непалга баруу үчүн велосипед менен жолго чыккан. Камиил Фабринин велосипед менен саякаттоосуна Корея мамлекетинде өткөн жыйын себепкер болгон. Ал учурда Ош шаарында. Турист айым менен Turmush басылмасынын кабарчысы англис тилинде маектешти. «Мен Корея мамлекетинде жүргөндө жаратылышты…