Тагайбек Турдукулов Памирде большевиктер ыңкылабынан кийин туулган. Коммунизм доорун башынан өткөргөн аксакалдын уулу азыр топоз багып, турист тосуп, жаңы доорго күбө болуп жашап жаткан чагы. Мургабдын Ооганстан менен чектеш аймагындагы Корумду жайлоосунда аксакал менен Жаңыл Жусупжан баарлашты. Жаңыл Жусупжан: Бул Корумду жайлоосунда сиздин үч боз үйүңүз тигилип турат, өзүңүз да боз үйдө туулгансызбы? Тагайбек Турдукулов: Ооба, мына…