Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 402 токтому менен бекитилген 1. Жалпы жоболор 1. Ушул Кайрылман статусун берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этностук кыргыздарга кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүч берген адамдардын кайрылуу тартибин аныктайт. 2. Этностук кыргыздарга кайрылман статусун ыйгаруу жөнүндө чечим миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын…