Сарымоголдуктардын пенсия көйгөйү качан чечилет ?

Сарымоголдуктардын пенсия көйгөйү качан чечилет ?

Тоолуу аймактагы тургундардын пенсияга чыгуу маселесин мамлекет 15 жылдан бери чече албады. Сары-Моголдогу Мамлекеттик жер фондунун эсебиндеги жерди элге үлүш катары бөлүштүрүү аркылуу тургундарга пенсия чегерсе болоорун адистер айтышат. Бул ишти ким жасашы керектиги калкка беймаалым. Жергиликтүү бийлик жогору жак чечет десе, борбордук бийлик айыл өкмөтүнө шылтайт. Ортодо турган өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү болсо бизге “расмий” кат келбеди деп алакан жаят. Ал ортодо чек арага жакын, тоолуу аймакта жашап, эли мал менен гана күн кечирген Сары-Моголдо социалдык чыңалуу күчөп жатат.

 

60 жылдай Тажикстанда ижарада жүргөн Сары-Могол

 

Маселенин башы кыркынчы жылдарга барып такалат.1946-жылдан 1996-жылга чейин Сары-Могол айылы коңшу Тажикстанга 50 жылга ижарага берилген. Бирок убакыт созулуп отуруп, аталган айыл 60 миң гектардай жери менен 2002-жылы гана расмий түрдө кайра Кыргызстанга өткөн. Ошентип, ортодо жергиликтүү тургундардын мурда Тажикстанда иштеген 20 жылдай эмгек стажы “күйүп” кетип атат. Буга кошумча айылда үлүш жердин жоктугу пенсия алууну кыйындатты.

 

Элибиз, жерибиз, мал-жаныбыз менен Кыргызстанга өткөнбүз. Биздин 15 миң гектардай жерди Мамлекеттик фонддуку деп район алып койгон. Биздин талабыбыз – ошол суунун башы болгон кара топурактуу жерди элге үлүш катары бөлүп беришсин”,-дейт айыл тургуну Камчыбек Нурмаматов.

 

Калкы 6 миңдей Сары-Моголдо азыр отуздан ашык эле адам пенсия алат. Пенсия курагына жетип, бирок социалдык колдоодон кур калгандар азыр 200дү чамалайт. Алар бат-баттан айыл өкмөтүнүн алдына чогулуп, митинг өткөрүп турат. Ушинтип он жылдан ашык убакыт өттү, бирок маселенин чечилишинен кабар жок.

 

Айыл өкмөт маселени чечүү үчүн жогору жактарга, депутаттарга, губернаторго көп эле кат жөнөтүп жатат. Ушул күнгө чейин эч кандай тыянак жок”,-деп билдирди Сары-Могол айыл өкмөтүнүн катчысы Исраил Матиров.

 

Мекемеден-мекемеге жөнөтүлгөн каттар

Социалдык фонддун маалыматында,Сары-Могол айылынын тургундарынын пенсияга байланыштуу укуктарын чечүү максатында 2012-жылы мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу мыйзамына ылайык, пенсияга болгон укук кайрылуучунун жашы, анын камсыздандыруу төлөмдөрүнө жана камсыздандыруу стажына карап аныкталат.

 

Сары-Моголдо азыркыга чейин мыйзам менен бекитилип берилген үлүш жери жок, анын айынын жергиликтүүлөр камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзө албайт жана аларга пенсия чегерүүгө негиздеме жок”,-дешти Соцфонддон.

 

Мекемеден кошумчалашкандай, тургундар айтып жаткан 15 миң гектардай жердин категориясын өзгөртүү башка органдардын иши, Соцфонддун компетенциясына кирбейт. Жер кодексине ылайык, жер мамилелерин айыл өкмөтү тескейт. Ушуга окшош эле жооптуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү да айтты.

 

КРнын мыйзамдарына ылайык, жердин ээлери - айыл өкмөттөр, шаардык мэриялар. Мамлекеттин менчигиндеги жерлерге райондук администрациялар башчылык кылат. Ошондуктан, ал жактан мыйзам чегинде чечилип келбесе, биз эч нерче кыла албайбыз”,-дейт Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн айыл-чарба жана экология секторунун башчысы Райымберди Мөнөкбаев.

 

Жер маселесин жергиликтүү бийлик менен Жогорку Кеңеш гана чече алат деген Мөнөкбаев аларга сарымоголдуктардан бир да кат келбегенин кошумчалады.

 

Жогорку Кеңеш гана чече алат

Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Аттокур Курмушевдин айтымында, 15 жылдап чечилбей келаткан көйгөйгө Жогорку Кеңеш чекит кое алат. Мыйзамдын бир пунктун гана өзгөртүп коюуну үч чакырылыш тең жасай албай, кайрылуулар айыл өкмөт-акимчилик-обладминистрация-айыл өкмөт маршрутунда эле айланып жүрөт.

 

Сары-Могол айылы суугат жерлери менен Кыргызстанга 2002-жылы өтүп атат. А үлүш жерлерди калкка берүү 1996-жылы мыйзам менен токтотулган. Ошондуктан, аталган мыйзамга “Сары-Могол айылы өлкө аймагына 2002-жылы өткөндүктөн, андагы тургундарга үлүш жер берүүгө уруксат берилсин” деген кыскача өзгөртүү керек. Биз парламентке канча ирет кайрылдык, так жооп жок”,-деди Курмушев.

 

Сарымоголдуктардын көйгөйүн чагылдырган “Ынтымак” телеканалы Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевге кайрылган. Эл өкүлү бул маселени парламент жыйынында көтөрүп, тиешелүү министрликтерге жеткирүүгө сөз берди.

 

Ал жактын шарты оор, бирок жери кенен эле. Жер үлүш бериш керекпи же сарымоголдуктарга өзгөчө макам ыйгарылабы, айтоор алардын пенсияга чыгышын тез арада чечкенге аракет кылам”,-деди Акаев.

 

Депутаттын сарымоголдуктарга өзгөчө макам берүү тууралуу сунушу көйгөйдү толук чечиши мүмкүн дешет адистер. Анткени айылдагы жер элге бөлүштүрүлгөнү менен үлүш акысы эми эле төлөнө баштаса, учурдагы пенсия курагындагы адамдардын соцколдоо алуу маселеси чечилбеген бойдон калышы мүмкүн.

 

Алай райондук пенсия чектөө бөлүмүнүн сектор башчысы Абдибали Жоробековдун айтымында, Тажикстандан өткөн жарандардын эмгек же камсыздандыруу стажы 20 жылга жетпей калат. Бирок тургундар Мамлекеттик фонддун жерин ижарага алып иштетип келишээрин белгилеп, ошол акчадан Соцфондго которуу аркылуу аларга пенсия чегерсе болоорун айтышты.

 

Райондогу дагы бир айыл – Сары-Таштагы тургундар да үлүш жердин жоктугунан пенсияга чыга албай жүрүшкөнүн “Ынтымакка” билдиришти. Алар мамлекет жер бербесе да, минималдык өлчөмдө пенсия чегерип берсе деген өтүнүчтөрүн айтышты.

 

Сары-Могол айылынын башчысы Аттокур Курмушиев

 

 

 

P.S

Тажикстан Республикасынын Тоолуу-Бадахшан автономиялуу областынын Мургаб районунун убактылуу пайдалануусундагы жер участогун Кыргыз Республикасына кайра алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 9-октябрындагы № 695 токтому


Тажикстан Республикасынын Тоолуу-Бадахшан автономиялуу областынын Мургаб району Ош областынын Алай районунун аймагындагы 57,8 миң гектар жерди убактылуу пайдалануусунун убактысы 1990-жылы бүткөнүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:


1. Ош областынын Алай районунун Тажикстан Республикасынын Тоолуу-Бадахшан автономиялуу областынын Мургаб районунун убактылуу пайдалануусундагы 57,8 миң гектар жер участогу 2002-жылдын 10-октябрынан баштап Кыргыз Республикасынын карамагына кайра алынаары белгиленсин.


2. Тажикстан Республикасына Тоолуу-Бадахшан автономиялуу областынын Мургаб районунун убактылуу пайдалануусунда турган жер участогун мындан ары пайдалануусу токтотулаары тууралуу дипломатиялык каналдар боюнча расмий билдирүү жиберилсин.


3. Ош областтык мамлекеттик администрация:

- Ош областынын Алай районунун Сары-Могол кыштагында башкаруу органдарын уюштурсун;

- Сары-Могол кыштагынын аймагындагы бардык социалдык-тиричиликтик, коммуналдык жана башка арналыштагы объекттерди Кыргыз Республикасынын тийиштүү органдарынын балансына кабыл алууну камсыздасын, ал кыштактын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана инфраструктурасын андан ары өнүктүрүү.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены