Чубуктагы памирлик кыргыздар

Чубуктагы памирлик кыргыздар

“Манас” университетинин студенттери жана Кыргызстандан келген журналисттер Анкаранын Чубук районундагы кыргыздар менен жолугушту.

 

Түркиянын калкы көп улуттуу. Түрк улутунан тышкары, курттөр, гректер, арабдар, туркмөндөр, татарлар, казактар ж.б. жашашат. Ал эми кыргыздардын саны болсо 10 миңдин тегерегинде экени айтылат. Анын ичинде 3 500 чактысы вандык кыргыздар.

 

Эске сала кетсек Вандык кыргыздар алгач XX кылымдын башында Рахманкул хандын атасы Жапаркулдун жетектөөсү менен орус падышачылыгынан качып Памир тоолоруна келип жайгашышкан. CHubuk Pamir KG 1Кийин орустар Ооганстанга киргенде Рахманкул хан баштаган кыргыздар Пакистанга оогон, андан Түркиянын Ван аймагына көчүп келишкен. Назарыңыздарда вандык кыргыз. Ал биздин элдей эле үрп-адат, каада-салттарды унутпай колдонуп келет.

 

Бул адамдарды бир көргөндө алардын өз жерин өмүрүндө көрбөгөн деп ойлобойбуз. Себеби оозунда кыргыздардын ыры, колунда кыргыз аспабы – комуз. Өзгөчө, башка өлкөдө төрөлүп жашаса да, вандык кыргыздар өздүгү менен өтө сыймыктанышат.

 

Жашаган үйлөрүндө, күндөлүк жашоо-тиричилигинде кыргызга таандык оймо-чийме, буюм-тайымдарды колдонушат.


Биз аларды көрүп, 5 миллион калктын мекенге болгон сүйүүсү, ата-бабаларына болгон сый-урматы бир вандык кыргыздын сүйүсүүнө, урматына тете эмес экендигин түшүндүк.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены